Бажы кызматын Алмазбек Салиев жетектейт

Image descriptionМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды.

Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков фейсбук барагында билдирди.

51 жаштагы Салиев буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Буга чейин Бажы кызматын жетектеп келген Самат Исабеков «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» кызматтан кеткени айтылган. Ал мекемени 2022-жылдан бери жетектеп келген.