Кыргызстанда «Рэкетир» тасмасы көрсөтүлбөй турган болду

20-февралдан тарта көсөтүлөт делген казак тасмасы сатыктан алынганын Бишкектеги «Синематика» кинотеатрлар түйүнү билдирди.

«Тасма Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан алынды. Билеттин акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрдын администрациясына кайрылгыла»,
— деп жазылган билдирүүдө.

Тасманын сатыктан алынышына эмне себеп болгону айтылган эмес.

Буга чейин тасманын актёрлору былтыр УКМКнын атайын операциясы учурунда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин уулу Руслан менен жолукканы тууралуу маалымат тараган.

Ал арада тасмасынын башкы ролун аткарган Саят Исембаев кыргыз бийлигинен тасманы көрсөтүүгө уруксат берүүнү өтүндү.

Ал Руслан Көлбаев Кыргызстандагы «премьерага башка адамдар менен кошо чакырылганын, анын тасмага эч кандай тиешеси жок экенин» айтты.

18-февралда депутат Бактыбек Марипов комитет жыйынында өлкөдө бандиттик идеологияны жайылткан тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.

«Рэкетир 3» — казак режиссеру Акан Сатаев тарткан криминалдык драманын уландысы. Анын биринчи бөлүгү 2007-жылы, экинчиси 2015-жылы чыккан.