«Көп функционалдуу «Барселона» комплекси» долбоорунун рендери. Булак: barcelona.kg

Бийлик Бишкекте «Барса» футболдук академиясын курабыз деп жар салганда, бул жаштарга пайда алып келе турган, спорттун өнүгүшүнө салым кошо турган мыкты демилгедей сезилген. Бирок биздин иликтөө көрсөткөндөй, бул долбоордун артында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаровдун жакындарына байланышы бар компаниялар турат. Мамлекет аларга эң баалуу жер тилкесин эч кандай ачык сынаксыз эле берип койсо, Минкаб куруучу компанияларды салыктардан бошоткон.

Президент Жапаров бул долбоордун социалдык мааниси чоң экенин айтып, ал жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына мүмкүнчүлүк берет деп ишендирүүдө. Бирок академиядагы окуунун акысы жөнүндөгү маалыматтар бул ырастоо менен коошпой турат. Биз негизги суроолорго жооп алууга аракет кылдык, бирок бийлик дагы, академиянын өкүлдөрү дагы так түшүндүрмө беришкен жок.

Ошондуктан биз жоопсуз калган суроолорду ушул баракчага топтоп жатабыз. Биз долбоордо бир нерсе өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн текшерип, бул суроолорго байма-бай кайрылып турабыз. Эгер академия чындап эле коомго пайда алып келсе, биз бул жөнүндө ачык жазабыз. А эгер ал жөн гана тандалгандар үчүн пайдалуу бизнес болуп калса, аны да айтабыз.

Биз көз сала турган суроолор төмөнкүлөр:

  • «Барселонаны» кура турган компанияларды ким жана кантип тандаган, эмнеге сынак болгон эмес?
  • Эмнеге «Барселона» курула турган баалуу жер компанияларга сатылбастан, ижарага берилди? Алар ижара үчүн канча акча төлөшөт?
  • Эмнеге «Барселона» деген аталыштагы коммерциялык турак жайды куруп жаткан компаниялар салыктан бошотулду?
  • «Барса» академиясынын Кыргызстандагы социалдык маанилүүлүгү ырасталдыбы? Азыр 11 жаштан баштап канча таланттуу бала акысыз машыгып жатат жана алар кандай тандалган? Алар чынында эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарыбы?
  • Алты жаштан 11 жашка чейинки курактагы таланттуу балдардын «Барсадагы» машыгуусу кандай болот? Алардын машыгуусуна да субсидия берилеби?
  • «Барселонанын» элиталык турак жайларындагы батирлерди сатуудан түшкөн акча кайда кетет? Убадалангандай социалдык объектилергеби, же жеке колдоргобу?
  • Курулуш жана академиялардын иши ачык-айкынбы? Академиянын каржысы, курулушу жана кирешелердин бөлүштүрүлүшү боюнча ачык отчеттуулук барбы?
  • Убакыттын өтүшү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын академияда машыгууга болгон мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатабы? Же ал элиталык жабык жайга айландыбы?