УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 3-март күнү фейсбукка пост жазып, мектептерде билим сапаты өтө начарлаганын, көйгөй чечилмейин башка системага умтуулуу туура эмес экенин белгилеп өттү.
«Финансылык, экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп. Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык, бул да чоң көйгөй болду. Билим берүү боюнча негизинен эле, кооптуу абалга бара жатабыз [...]»,
— деп жазды Ташиев.
Бир аз мурда, өлкөдөгү мектептерди 12 жылдык окутууга өтүү демилгеси ишке ашпайт деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева дагы билдирген. Эл өкүлү Билим берүү министрлиги долбоорду ишке ашырууда эл аралык уюмдарга ишенип жүргөнүн белгилеп, бул сунушу менен грант алууну максат кылган деген оюн айткан.
«12 жылдык мектепке [окутуу системасына] өтүүгө [өлкө] даяр эмес, жана өтө да албайсыңар жакынкы арада. Булар эл аралык уюм USAIDке ишенген да. Ушул программаны ошолор жасайт деп. USAIDдин 24 долбоорун 22си жабылып калыптыр. 2 эле долбоор калыптыр. [...] Булардын максаты грант алуу болгон. Билим берүү министрлиги силерге оюнчук эмес»,
— деп агынан жарылды депутат.
Мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын казык» мамлекеттик программасынын бет ачары былтыр, 2024-жылы жазда болгон. Программанын өзөгүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү түзөт, ага ылайык 150 өлкөнүн билим берүү рыногуна жол ачылат деп айтылган.
Ошол кездеги Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров программада «адам капиталына инвестиция салуу боюнча жакынкы 10 жылга эң амбициялуу максаттар коюлганын» белгилеген.