2025-жылдын январында Кыргызстанда аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси жоюлду. Чектөөлөр кош бойлуулар жана эмчектеги баласы бар келиндер үчүн гана калды.
Тизмеде жалпысынан 400гө жакын кесип бар болчу — алар аялдардын репродуктивдүү саламаттыгына зыяндуу деп эсептелген. Алсак, аялдар жынысы үчүн гана асфальт-бетондоочу, дөңгөлөк желимдөөчү, жер казгыч же бургулоочу болуп иштей алган эмес.
Активисттер менен укук коргоочулар көп жылдар бою бул тизме аялдарды басмырлай турганын айтып, тыюуну алып салууну талап кылып келишкен. Алардын бир нече жүйөсү бар:
Аялдар эркектер сыяктуу эле ден соолугун тобокелге салуу же салбоо чечимин өздөрү кабыл алуу укугуна ээ. Анан да бүгүнкү күндө техникалык прогресстин аркасы менен көптөгөн кесиптер коопсузураак болуп калды.
Аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин көбүндө айлык жакшы төлөнөт, анткени алар тоо-кен тармагында. Башкача айтканда, Кыргызстанда аялдарга кесип тандоо укугу эле эмес, көбүрөөк акча табуу мүмкүнчүлүгү да берилбей келген.
Тизме Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык макулдашууларга каршы келген. Анткени, аларга ылайык, эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек.
Кыргызстан тыюу салынган кесиптерге киришкен Борбор Азиядагы акыркы өлкө болуп калды. Казакстан менен Өзбекстанда мындай тизмелер бир нече жыл мурда жоюлса, Тажикстанда тизмедеги кесиптердин саны эки эсеге кыскартылган.
2025-жылдан тарта Кыргызстандагы ар бир аял өзүнө каалаган кесипти тандай алат!