Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 6-мартта «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу форумда сүйлөп жатып, Кыргызстандагыдай гендердик теңчилик өнүккөн Европа өлкөлөрүндө да жок экенин билдирди.
«Биз парламентте ар бир үчүнчү орунду аялдарга квота кылып берип жатабыз. Мындай бир дагы өлкөдө жок, бизге гендерди үйрөткөн мамлекеттердин биринде да жок. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө 90 депутаттын 20сы аялзатынан. [...] Кыргызстанда айымдарга болгон мамиле өзгөчө. Негизи эле коомду, дүйнөнү сулуулук сактап калат дейт. “Аял” деген үч тамганын ичинде бүт ааламды титиреткен күч жатат дейт», — деди ал.
Бирок төрага былтыр декабрда эле «аялдар ишкерлиги» деген терминге каршы пикирин билдирип, аялдардын шайлоодогу квотасын да кайра карап чыгуу керектигин айткан. Анда Жогорку Кеңеште «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган.
«Гендер-гендер дейбиз, артыкчылыктарды беребиз. Шайлоого келгенде гендердик маселе иштебей калат. Шайлоодогу ушул квота маселесин карап чыгуу керек. Бардык эле жерде тең, кээде ашып кетишет да, шайлоого келгенде эле түшүп калышат “биз алсызбыз, квота беришиңер керек” деп. Эркектердин укуктарын жана орундарын тартып алып жатышат», — деген анда төрага.
Кыргыз саясатында жана мамлекеттик кызматтарда гендердик теңсиздик маселеси көптөгөн жылдардан бери актуалдуу болуп келет. Аялдарга саясатка аттануу жана жетектөөчү кызматтарда калуу кыйла кыйыныраак.
«Клооп» 2021-жылдагы изилдөөсүндө Кыргызстанда аял аткаминерлер үчүн «айнек шып» бар экенин аныктаган: кызмат канчалык бийик болсо, анда аялдар ошончо аз болот.