28-майдан тарта Ош — Алматы багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Каттамды Air Astana авиакомпаниясы шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү Airbus A320 учактары менен аткарат.
«Бул аба байланышын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам саякатка, бизнеске жана жакындары менен жолугушууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп айтылат маалыматта.
Учурда билеттер сатыла баштады.