УКМК: Айжигитов менен жубайы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда

УКМК мурдагы депутат Султанбай Айжигитов менен анын жубайы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча 3-апрелде Айжигитовдун жубайынын ишке «мыйзамсыз орношуусу боюнча» кызматтык иликтөө материалы келип түшкөн.

«Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Г.Жолдошованы Жогорку Кеңештин Аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган. Андан тышкары, Айжигитовдун жооптуу кызматы жана өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын депутаты катары жогорку абалы анын жубайы Г.Жолдошованын кызматтык милдеттерин атайылап аткарбай, жумушка келбей калышына жол берген, ошол эле учурда ал өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турган»,
— деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары УКМК Айжигитов «Баткендин губернатору болуп турганда да мамлекеттик кызматка ушундайча мамиле кылган» деп билдирди.

Бир күн мурун УКМКнын кызматкери Айжигитовдун үйүнө барып, жубайы экөөнү тергөөгө чакырган.

Анда УКМКнын кызматкери Жолжошовага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши тергелип жатканын, көрсөтмө берүүсүн айткан.

Айжигитов өзү бул иштерди саясий ишмердиги менен байланыштырды. Ошондой эле ал «өзүмө эч нерсе таппай жубайыма кылмыш ишин козгоп жатышат» деп билдирди.

«Аялыңыз мыйзамсыз Жогорку Кеңешке ишке кирип, иштеп жүргөн экен деп жатышат. Мен айтып жатам бул иш козгогонуңар мыйзамсыз деп. Себеби кайсы жерде жазылып турат, эгер депутаттын аялы башка депутатка жардамчы болуп иштегенге же болбосо жалпы Жогорку Кеңеште иштегенге укугу жок деп кайсы мыйзамда жазылыптыр? Кайсы мыйзамды менин аялым бузуп ишке кириптир деген суроо да. Эгер андай боло турган болсо, ал жерде мен билгенден эле 10го жакын депутаттардын кыздары, балдары, бир туугандары иштеп жүрүшөт. Эмне үчүн алардын үстүнөн иш козгобойт булар? Мыйзам бирдей боло турган болсо, бардыгына бирдей болсун!»
— деди Айжигитов.

Султанбай Айжигитов буга чейин Камчыбек Ташиевди жоопко тартуу боюнча президент менен Башкы прокурорго расмий кайрылуу жасаган.

Айжигитов 5-мартта парламентте Достук айылын Тажикстанга берүүгө каршы чыккандан кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарып салышкан.

Айжигитиовдун пикирине президент Садыр Жапаров да жооп берип, депутатты «манипуляция жасоого» айыптаган. Кийин 19-мартта парламенттик жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Айжигитовду мандатынан ажыратуу менен коркуткан эле.

28-мартта БШК Айжигитовдун мандатын алган. Ага депутаттын 2021-жылы шайлоодо талапкерлигин койгондо «кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматты БШКга бербегени себеп болгону» айтылган.