Сүрөт: Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өттү

Image descriptionБишкекте 9-май Жеңиш күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Алдын ала маалыматка ылайык, жүрүшкө 10 миңдей адам чыкты.

Катышуучулар Дайыр Асанов атындагы парктан «Өчпөс от» мемориалына чейин Жукеев-Пудовкин жана Ибраимов көчөлөрү менен басты.

Ушул эле маалда Москвада өлкө башчысы Садыр Жапаров катышкан Жеңиш парады өтүүдө. Ага Путиндин чакыруусу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкары Бразилия, Беларус баштаган айрым өлкөлөрдүн лидерлери катышары айтылган.

Кыргызстан 9-майда Жеңиш күнүн белгилейт — 1945-жылы дал ушул күнү Советтер Союзу нацисттик Германияны жеңген. Ага Кыргыз ССРинин 365 миңге жакын тургуну катышып, дээрлик 100 миңи согуш талаасында набыт болгон.

«Өлбөс полк» акциясын Орусияда жарандык активисттер демилгелеп, кийин башка постсоветтик өлкөлөргө жайылган.

Орусия Украинага кол салгандан бери жүрүш айрым өлкөлөрдө Москванын аракетин колдоо катары кабыл алына баштады.

Сүрөт: «Клооп»