Бишкекте жумуш тууралуу жарыялар чапталууда — Орусияда «чегүүчү заттарды» таратуу керек

12-майда «Клооптун» кабарчысы Бишкектеги үйлөрдүн биринин кире беришине Орусияда иштегенге жумушчулар керек экендиги тууралуу жарыя чапталганын байкады. Анда байланыш үчүн орусиялык WhatsApp номур көрсөтүлгөн.

Жарыяда эмне жумуш экени жазылган эмес, бирок анын ортоңку бөлүгүндө бир нече доллардын сүрөтү тартылган.

Биз жарыядагы номур боюнча байланышып, Саратов шаарында иштегенге курьерлер керек экенин аныктадык. Жумуш берүүчүлөрдүн айтымында, суткасына болгону 3-4 гана саат иштеп, жумасына 150 миң рублден көп акча табууга болот.

Орусиянын эң жакыр шаарларынын биринде мынчалык каражатты иштеп табуу үчүн курьер эмне ташышы керек?

Биз болжогон нерсе тастыкталды: бул «чегүүчү заттар» экен.

«Күн сайын таңгакталган товарлар жайгашкан жерлердин дарегин аласың. Аны [товарды] ошол сыяктуу жерлерге жеткирип, аткарылган иш боюнча отчет беришиң керек», — деп билдирди бизге белгисиз жумуш берүүчү.

Бул кыргызстандыктарды согушка тартуунун амалдуу жолу болушу мүмкүн. Орусияда мындай «курьерлер» көп кармалат, а «маңзат таратуу» беренелери боюнча соттолгондор — Украинадагы согушка катышуу үчүн орус армиясы менен келишимге кол койгон камактагылардын негизги бөлүгүн түзөт.

Биз бул жарыя тууралуу Бишкектин укук коргоо органдарына кабарладык.