Ошто курулуш компания суу тартуу үчүн жаңы төшөлгөн асфальтты бузду

Image descriptionОш шаарынын Ленин көчөсүндөгү жаңы курулган асфальтты «ПИК Строй» курулуш компаниясы уруксатсыз бузган. Компания көп кабаттуу үйгө суу тартууга аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Эч кимден уруксаат сурабай, тиешелүү кызматтардан макулдук албай өзүм билемдик менен жаңыдан гана басылган асфальтты казган. Андан сырткары миңдик суу түтүгүн жарып, суу улоо аракетин көрүшкөн»,
— деди мэриянын басма сөз катчысы.

Казылган жерди мэр өзү барып көрүп, курулуш компаниясын лицензиясынан ажыратуу боюнча чара көрүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырган.

Ал эми шаардык суу канал ишканасы аталган компания уруксатсыз жана туура эмес жерди казганын маалымдады.

Мэрия бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну көздөп жатат.