Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) «Клооптун» мурдагы төрт кызматкерине чыккан айыптоочу өкүмдү сынга алды. 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Уметалиева аларды «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов беш жылга эркинен ажыратылып, эки эсепчиге үч жылдык пробациялык көзөмөл жазасы чегерилди.
CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид соттун чечимин «абсурд» деп баалады.
«Оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовго чыккан беш жылдык эркинен ажыратуу боюнча акылга сыйбаган өкүмдөр, Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын бийлиги жогору жактагы коррупцияны ачыктаган ЖМКнын оозун басуу үчүн кандай кадамдарга барууга даяр экенин көрсөттү. Кыргызстан эркин басма сөз башпаанек тапкан өлкөдөн, журналисттерди такай аткарган ишине жооп кылып абакка салган мамлекетке айланды. Кыргызстандын бийлиги Александров менен Дуулатовду, ошондой эле абактагы Temirov Live басылмасынын директору Махабат Тажибек кызын бошотууга тийиш», — деп билдирди ал.
«Клооптун» мурдагы эки оператору менен эки бухгалтерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.
Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.
Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.
«Менде сот отурумунда айыптоочу Кыргызстандагы башка журналисттерди коркутуп, мындан ары эч ким Temirov Live жана башкалар менен кызматташа албагандай болсун деген максатты көздөгөндөй сезим калды. Мындайча айтканда, башкаларга сабак болсун дегендей. Менде ушундай ой пайда болду, анткени иштин материалдарында Дуулатовдун же дагы башка соттолуучулардын күнөөсүн далилдеген бир дагы факты жок. Таптакыр жок», — деп билдирген отурумда адвокаттардын бири.
Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып беришкен.