Элестетип көрүңүз: базарга келип, алмаларга көзүңүз түштү дейли. Айрым соодагерлер «Бул алмалар таттуу» деп жатса, кээ бири «Бул алмалар кычкыл», дагы башкалары «Бул шаардагы эң ширин алмалар» деп ишендиришүүдө. Бирок кимисине ишенүүнү кантип түшүнүш керек?
Бул жерде үч нерсени айырмалай билүү маанилүү:
- Факт — текшерип же таразалап көрсө болот.
- Пикир — бул жеке баа же табит.
- Чечмелөө — бул фактыны белгилүү бир маани же тыянак менен берүү.
Факт, пикир жана чечмелөөнү айырмалоого ар бирин кененирээк карап чыгалы.
Фактылар
Бул текшерип койсо боло турган нерселер:
- «Алмалар Ысык-Көл облусунда өстүрүлгөн».
- «Бүгүн абанын температурасы: +33°C».
Факт далилдер (документтер, сүрөттөр, башка маалыматтар) менен ырасталат, же болбосо төгүнгө чыгарылат.
Пикирлер
Пикирлер кабыл алуу сезиминен көз каранды:
- «Бул эң эле ширин алмалар»
- «Жаңы кино өтө начар экен»
Пикирди балмуздактын даамы сыяктуу эле талаша албайсың, ошондуктан ал жеке пикир болуп эсептелет.
Чечмелөөлөр
Бул фактынын сиздин кабылдооңузга таасир эте алган түстө берилген мааниси:
- Факт: «Шаарда жаңы завод курулду».
- 1-чечмелөө: «Заводдо 500 жаңы жумуш орду түзүлөт».
- 2-чечмелөө: «Завод экологияга зыян тийгизет».
Завод курулганынын өзү факт. Калган бардыгы — бир эле окуяга карата ар башка көз караштар.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Көп учурда жаңылыктарда ушул үч катмарды аралаштырып жиберишет. Мисалы:
«Мэрия шаарда дарактарды кыйып, шаардыктардын турмушун кайра буза баштады».
Бул факт сыяктуу угулганы менен чындыгында түрдүү чечмелөө. Болгону кимдир бирөө «дарактар кыйылып жаткандыктан шаардыктардын турмушу начарлап жатат» деп тыянак чыгарып алган.
Канткенде адашпайбыз?
- Дайыма суроо салыңыз: «Аны текшерсе болобу?». Эгер болсо, демек — ал факт.
- «Мыкты», «өтө жаман, начар», «укмуштуудай» деген сыяктуу пикирлердин сөз-маркерлерин байкай жүрүңүз.
- Окуяны ага карата кандай ой-пикирлерди айтып жатышканынан ажырата билиңиз.
Келерки сабакта бир караганда чындыктай сезилиши мүмкүн болгон жаңылыктарды текшерүүнүн курал же ыкмалары менен таанышабыз.





