4-сабак: Жаңылыкты текшерүүнүн жолдору

Кээде фейк сиз азыр бөлүшүп сала тургандай абдан ишенимдүү көрүнөт. Бирок эсиңизде болсун: жалган канчалык чындай көрүнбөсүн аны баары бир ошончолук дыкат текшерүү керек. Төмөндө аны кантип кылса болору боюнча айрым кеңештерди даярдадык:

Жаңылыкты чыгарган биринчи булакты издеңиз

Эгер жаңылык Telegram же Instagram'га кайра жазылып чыгарылган болсо, аны эң биринчи болуп ким жазганын аныктаганга аракет кылыңыз. Көп учурда «булак» — анонимдүү канал, ал эми андагы «фактылар» башка эч жерде ырасталбаган болуп чыгат.

Түрдүү булактарды салыштырыңыз

Ал жөнүндө ири медиалар же расмий мекемелер жазып атабы жокпу текшериңиз. Эгер ал тууралуу бир гана сайт жазып, калгандары унчукпаган болсо — бул чочулоого себеп.

Окуя болгон күндү жана жерди текшериңиз

Фейктердин көбү эски сүрөт жана видеолорго негизделет. Мисалы, былтыркы өрт жаңы кырсык катары көрсөтүлүшү мүмкүн. Google же Яндексте сүрөт боюнча издеп көрүңүз, ошентип сүрөт биринчи жолу качан жана кай жерде жарыяланганын билип алсаңыз болот.

Мисал

Адамдар талаш-тартыш учурунда өз көз карашын далилдөө үчүн салмактуу аргумент келтиргенге аракет кылышат. Алсак, 2023-жылы мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ошол кездеги депутат Адахан Мадумаров Улуу Британия «советтик билим берүү системасына өттү» деп айткан.
Анын чын-бышыгын кантип текшерсе болот?

  • Кептин «өзөгүн» бөлүп алабыз: «Улуу Британия советтик билим берүү системасына өттү».
  • Расмий сайттарды, Улуу Британия өкмөтүнүн, парламентинин жана беделдүү ЖМКлардын сайттарын текшеребиз. Муну бышыктаган эч бир маалымат жок.
  • Биринчи булакты табабыз: «Панорама» аттуу мыскыл-тамашалар басылмасы. Ал биринчи жолу бул тема боюнча 2018-жылдын 30-сентябрында тамашалуу «жаңылык» чыгарган.

Депутат өз билдирүүсүндө ошол «жаңылыкка» таянган.

Бул «кыскача маалыматтык тиркемеде» «Кошмо падышалыктын билим берүү министри Жастина Гринингдин» да ысымы аталган — чынында ал сатирикалык жаңылык чыккан учурга чейин эле отставкага кеткен болчу.

Кийинки сабакта сүрөт жана видеонун чын-бышыгын текшергенди үйрөнөбүз.