7-сабак: Интернеттеги коопсуздук: алданып калбаңыз

Элестетиңиз: сиздин телефон, ноутбук же соцтүйүндөрдөгү аккаунтуңуз — бул сиздин үйүңүз. Анын ичинде сүрөттөр, каттар, документтер, банктык карталар бар. Анын баарын бек сактагыңыз келет. Эми элестетсеңиз: кимдир бирөө «ачкычы» өтө эле жөнөкөй болгондуктан, мисалы, туулган жылыңыз дейли, үйүңүздү ачып кирип жатканын. 

Күн сайын интернетте кимдир бирөөлөр андай «үйлөргө» баш багууга аракет кылат. Кээ бири аны акча үчүн кылат — карталардын маалыматтарын уурдап, капчыктарды бузуп киришет. Башкалары — коркутуу же кыларга иш жок болгондуктан кылат. Дагы башкалары амалкөй, куу келет: маалымат чогултуп туруп, аны өзүңүзгө каршы колдонушат.

Реалдуу мисалдар. Бир кыз эл.почтасына «банктан» делген кат алат, анда сыр сөзүңдү батыраак тастыктай кал деп жазылган болот. Бейкапар отурган кыз кат менен келген шилтемени басып, маалыматтарын киргизет, ошентип арадан беш мүнөт өтпөй эсебиндеги акчасынын баары жок болуп кеткен.

Дагы бир башка жигит почта, соцтүйүндөрү жана интернет-дүкөнү үчүн бир эле сыр сөздү колдонгон. Ал интернет-дүкөнгө чабуул болгондо шылуундар андагы аккаунттардын бардыгына ээ болуп алышкан.

Интернетте кадимки эшикке тагылгандай кулпулар же айгай салган түзмөктөр жок, бирок анын өзүнүн коргоо каражаттары бар.

  • Эң оңой жолу — ишенимдүү, бекем сыр сөздөрдү ойлоп таап орнотуу керек, аларды ар башка сайттарда колдонбоо кажет.
  • Кошумча коргоо чарасы — эки факторлуу аутентификация: сыр сөз уурдалган күндө да SMS же колдонмо коду жок кирүүгө болбой калат.
  • Күмөндүү шилтемелерди жана башка коштоочу беттерди ачууда абдан сак болуу керек, жада калса алар «досуңуздан» келсе да. Купуялуулукту орнотуп алуу да ашыкча болбойт: жеке сүрөт же постторуңуз бүткүл дүйнөгө ачык болбошу керек.

Эң башкы эреже — шаардын чок ортосунда килейген такталарда көрүп калууну каалабаган нерселериңизди эч качан интернетке жүктөбөңүз. Интернетке тараган нерсе түбөлүк кала берет.

Мисалдар

1-мисал: Цитатаны текшерүү

Лентадан «цитата коюлган картиналарды» көп эле көрсөк керек: Черчилль, Твен, Конфуций, Стив Джобс ж.б.у.с. Бирок ал сөздөрдүн көбү алардыкы эмес. Ал цитаталар интернетте жылдап жүрө берет, ал эми авторлукту аларга өтүп кеткен күндөрдүн датасы менен чаптап коюшат.


Дүйнөнүн «мен» деген адамдары деле андай «афоризмдердин» чын-бышыгын билбей колдонгон учурлар кездешет. 2022-жылы кыргыз президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын экс-премьер-министри Уинстон Черчиллдин сөзү делген сүрөттү коюп пост жазган. Черчиллдин айтканы делген сүрөттө бул сөздөр болгон: «Чындык шымын кийгиче, жалган жарым дүйнөнү айланып чыгат» .

Бирок Черчилль чындап эле ошентип айтканбы, кантип текшерсе болот, эмне кылса болот?

Биринчи кезекте гуглга салып көрүш керек. Ооба, гуглдан издегенди билүү фактчекер үчүн эң керектүү жөндөм. Черчиллдин китебинен тарта цитаталар справочнигине чейин казып, түрдүү ресурстардан издеп көрүүгө болот.


Ошентип, издегенибиз да табылды, көрсө, бул илгери айтылган эски сөз экен. XVIII кылымдын башында куудул Жонатан Свифт ушуга эле окшогон «Жалган учат, ал эми чындык, аксап артынан жүрөт» деген ойду жазган экен

2-мисал: Документти текшерүү
2022-жылы күзүндө, Орусиянын Украинага ири чабуулу күчөп турганда соцтүйүндөрдө бир сүрөт жайылган. Ал Орусия ИИМнин буйругу делген документ болчу, анда мындай деп айтылганы көрсөтүлгөн: «Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө чакырылууга тийиш».

Сүрөттү карай келгенде анда мөөрдүн жоктугун байкоого болот. Расмий мекемелердин сайттарында андай буйрук тууралуу эч кандай маалымат табылган эмес. Бул адамды кооптондура турган биринчи коңгуроо десек болгудай.

Документтин чын-бышыгын кантип текшерүү керек? Эгер ал биздин мисалдагыдай расмий документ болсо, анда аны атайын порталга кирип көрсө болот. Орусияда ал укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталы деп аталат.

Ал ресурска кирип, бул сыяктуу буйруктар кантип жол-жоболоштуруларын көрөбүз. Мында каттоо мөөрү басылганын, жалаң сандардан турган документтин номерин (фейк буйрукта тамгалары да бар) көрүп турабыз, ал эми ИИМ башчысынын кол тамгасы байкасаңар кадимкидей, киши койгондой болуп турат.

Кийинкиси, 1820-жыл, Американын The Portland Gazette гезитине көңүл бурабыз. Ал жерде бут кийимге байланышкан варианты бар, ал мындайча экен: «Чындык өтүгүн кийгиче, жалган Мэнден Жоржияга чейин учуп өтөт (орусчасы: Ложь пролетит от Мэна до Джорджии, пока правда натягивает сапоги)».

Дагы бир кылымдан кийин, АКШнын экс-мамкатчысы Корделла Халланын окуя дептеринде (мемуары деп коёт) шымга байланышкан «Чындык шымын кийип чыккыча, жалган жарым дүйнөнү аралап келгенге үлгүрөт (орусчасы: Ложь успеет проскакать полсвета, прежде чем правда сможет натянуть штаны)» деген версиясы пайда болгон.
 
Андан бир далай убак өтүп бул сөз Черчиллге «жармашып» калган. Сыягы, биринчи жолу бул 1981-жылы 7-июнда The New York Times’та жарык көргөн. Анда саясатчы Эрнест Левефер өз маегинде «Черчилль айткансыган болушу керек эле деп “Чындык шымын кийгиче, калп жарым дүйнөнү айланып чыгат”» деген.

Демек, муну Черчилль айтканынын эч кандай далили жок.

Демек мунун баарын көргөн соң, биринчи сүрөт фейк деген тыянак чыгарсак болот

3-мисал: Кунт коюу — жасалма акылды таануунун ачкычы

Нейротүйүндөр жарыкты, кыймылды жана ракурстарды чындай кылып имитация кыла баштады. Генерация кылынган сүрөт же видеолорду барган сайын көбүрөөк чындык катары кабыл алып жатышат. Маалымат агымы күчөп турганда жада калса тасманы эң кунт коюп көргөн көрүүчү деле түпнусканы жасалмадан айырмалай албай калды.

Бирок баары бир деле «из» калат. Алар видеодогу жана үндөгү майда мүчүлүштүктөрдөн, ошондой эле «коркунучтуу өрөөн» деп аталган тааныш сезимден деле байкалат — каармандар адамга окшогону менен жүрүм-турумдары адамга окшобойт.

Sora деп аталган  нейротүйүндүн мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырган расмий роликте колдору жок космонавт көрсөтүлүп, бирок бир нече кадрдан кийин колдору ордунда туруп калган.

ТикТокто коёндор батутта секиргени генерация кылынган видео чыгып, желдей тарап кеткен. Колдонуучулардын бир бөлүгү ага ишенбеген болсо, башкалары бул чындап эле коёндор деп ишенип алышкан. Өзүңөр деле көрсөңөр, чындап эле чыныгы коёндорго окшош!

https://vt.tiktok.com/ZSApq5KnQ/?_ia=1l7yzzbma46q6E

Бирок жакшылап караганда, коёндор улам жоголуп, бири-бири менен жуурулушуп кетип жатканы байкалат.