Экстремисттин кеңеши: Сиз кайсы сайттарга кирип жатканыңызды УКМК жакшы билет

Сиз өзүңүз такай кирген сайттардын тизмесин мага бере аласызбы? Ооба, анын ичинде экстремисттик деп табылган «Клооп», Кыргызстанда качан эле бөгөттөлгөн ТикТок жана порносайттар дагы бар. Мага бербесеңиз керек, бирок Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевкечи? Ал атайын кызматтын башка өкүлдөрү сыяктуу эле, сизден сурап да койбойт.

Эгерде сиз азыр Кыргызстанда жашасаңыз, ар кыл сайттарга VPN жок эле кирип жүрсөңүз, УКМК баарын көрүп турат. Жогоруда мен санап өткөн сайттарга киргениңизди деле көрөт.

Ошондо, мындан кандай сабак алабыз? Эгерде сиз Кыргызстанда болсоңуз, интернет менен такай иштесеңиз же көп отурсаңыз, анда сөзсүз VPN колдонушуңуз керек. VPN аркылуу бөгөттөлгөн сайттарга кире аласыз, алар ТикТок, Клооп жана айрым порносайттар болушу мүмкүн. VPN жандырылса атайын кызмат кайсы сайтка киргениңизди биле албайт. Баса, браузерге жашыруун же башкача айтканда инкогнито кирсеңиз деле, атайын кызматтан жашына албайсыз.

Биз колдонгон жана ишенген VPNдердин тизмеси ушул видеонун баяндоосунда болот. Биз көбүнчө акы төлөнүүчү VPN сунуштайбыз, анткени бекер VPN алдамчыларга, атайын кызматтарга же башка компанияларга маалыматты сатышы мүмкүн. Акысыз VPNдерден азырынча ТОРду сунуштай алам. Укканыңыздар үчүн чоң рахмат. Сиздер менен сиздер сүйгөн экстремист Ринат Тухватшин болду.

Бул видеого жактырууну басуу же бөлүшүү Кыргызстанда кооптуу болушу мүмкүн. Ал эми өз атыңыздан лайк басып же бөлүшүп жаткан болсоңуз, VPN сизге жардам бере албайт.

Дисклеймер: Ринат Тухватшин ИИнин жардамы менен кыргызча сүйлөдү.