Ички иштер министрлиги маалымдагандай, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев массалык башаламандыкка шектелип кармалды.
ИИМ Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу 75 адамдын аты-жөнү жазылган кайрылуу өлкө ичиндеги саясий кырдаалды курчутканын белгиледи.
Бул факты боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш ишинин активдүү катышуучулары катары 70 жаштагы Т.Б. жана 65 жаштагы У.Э., ошондой эле 65 жаштагы Д.К. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аны менен катар, ИИМ кармалгандардын үйүндө тинтүү жүргөнүн кошумчалады.
Буга чейин, коомдук ишмерлер, саясатчылардан турган 75 адамдын президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдогон кайрылуусу 9-февралда соцтармакка тараган. Кайрылууда алар бийликти жакын арада президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
10-февралда Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулуп, орун басарлары кызматтан кеткен.
Ал эми Германияда дарыланууда жүргөнү айтылган Камчыбек Ташиев бул чечим ага күтүүсүз болгонун айткан.





