Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Экономика министрлигинин профилдик комитеттин 14-октябрдагы жыйынында берген өлкөдөгү экономикалык өсүш боюнча маалыматтарына ишенбегенин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы бир жылдын ичинде 32% өсүшү мүмкүн эмес.
«Силердин темпиңер жылына 32 пайызга чыкпайт да. Акыркы үч жылда деле орточо эсеп менен алганда экономиканын реалдуу өсүү темпи 5-6 эле пайыз болот», — деди депутат.
Айжигитов Экономика министрлигинде ревизия жүргүзүүнү талап кылды. Ал мекеме берген бардык сандардын чын-төгүнүн текшерүү керек экенин белгилеп, болбосо өлкө жетекчилиги экономикалык өсүштүн жогорулатылган көрсөткүчтөрүнө таянып, «жаңылыш чечимдерди кабыл алышы мүмкүн» экенин айтты.
«Мунун жакшылап текшериш керек. Силер коомдун башын айлантышыңар мүмкүн. Коом менен кошо президенттин да башын айлантып жатасыңар. Эгер силер ушундай [жалган] маалыматты берсеңер, бүт мамлекеттик чечимдер туура эмес болуп калат», — деди эл өкүлү.
Июлдун ортосунда Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын азыркы экономикалык абалына «жакшы баа берсе болорун» билдирген. Анда ал Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатканын айткан — ИДӨнүн орточо өсүү темпи 2023-жылы 7%, быйыл жылдын биринчи жарымында экономикалык өсүш 8,1% түзүп, ИДӨнүн көлөмү 559 млрд сомдон ашкан. Ошол эле маалда Жапаров Кыргызстан экономикада дагы «илбирс секиригин» жасашы керектигин билдирген.