Ош шаарына кирүүчү жаңы жолдогу 28 үй сүрдүрүлөт

Image description«Т» жолунан Ош шаарына кирүүчү жаңы жолду кеңейтүү үчүн 28 жеке менчик үй алынат. Тургундарга компенсация төлөнүп, жаңы жер тилкеси берилет. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жергиликтүү бийлик жол тыгынын жоюу максатында Ош шаарына кирүүчү кошумча жол ачкан. Жол Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынан өтөт.

17-ноябрда Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жолдун айылдагы 600 метр аралыгын кеңейтүү иштери жүрөрүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө жолдун жалпы 3,4 чакырымы асфальтталып бүттү. Калган 600 метрди кеңейтүү жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда аталган аралыкты төрт тилкелүү кылып салуу үчүн долбоор даярдалды», — деп айтылат маалыматта.

Жол ачылып иштеп жатат, ал эми оңдоп-түзөө жана кеңейтүү иштери улана берет.

«Т» кесилишинен Ош шаарына кирүүчү жолдун курулушу 2023-жылдын декабрында башталган. Бийлик жол толук ачылса, шаар ичиндеги тыгын азайып, кирүү 6 чакырымга кыскарат деп пландоодо.