Ташиев Бишкектин мэрин унаа токтотуучу жайы жок имараттарды курууга тыюу салууга чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкетин мэри Айбек Жунушалиевге унаа токтотуучу жайы жок турак үйлөрдү, кеңселерди жана соода борборлорун курууга тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу ал 28-ноябрда атайын кызматтын Бишкектеги эки бөлүмүнүн жаңы имараттарынын ачылышында билдирди.

Ташиевдин айтымында, чет өлкөлөрдө бардык жерде унаа токтотуучу жайлары бар — ошондуктан ал жактарда тыгындар жок.

«Бардык жерде унаа токтотуу жайлары болушу керек. Чет өлкөлөрдө ар бир үйдүн алдында бар. Биздеги эски үйлөрдө эч нерсе жок да», — деди ал мэрге.