Өз алдынча дарыланып жатышат. ССМ COVID-19 жуктургандардын аракеттерине кабатыр

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде коронавирус жуктургандар кимдер менен байланышта болгондорун жашырып жатышканын айтты.

«Кээде адамдар кимдер менен байланышта болгондорун жашырып жатышат. Бул атайын медициналык жардам көрсөтүү үчүн керек болгон убакытты кармап, ар кандай кыйынчылыктарга кептеп жатат», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев коронавирус жуктуруу кимден чыкканы белгисиз болгон учурлар көбөйгөнүн айтат.

«Инфекциянын булагы аныкталбаган учурлар көбөйдү. Эгер кандайдыр бир симптомдорду байкасаңар, сөзсүз меджардамга кайрылгыла. 103 жана 118 номерлерине чалгыла. Симптомдорду жана оорунун учурларын жашырбагыла. Өз алдынча дарыланбагыла. Бул ден соолукка зыян. Тилекке каршы, мындай мамиле вирусту токтотпойт, аны өөрчүтүп коёт», — деди ал.

10-июнга карата 38 жаңы жуктуруу учурунун ичинен жети учурдун инфекциянын чыккан булагы аныкталбай калган.

Ал өз алдынча дарыланган ошол бейтаптар ооруканага пневмонияга өтүшүп кеткенде түшкөнүн айтып берди.

«Пневмония менен оор абалда түшкөндөрдүн көбү өз алдынча дарыланышкан же таптакыр эле чоочун адамдардан адискөй эмес жардам алышкан», — деди Үсөнбаев.

Штабдын маалыматына ылайык, учурда реанимацияда оор абалда эки адам бар, 495 адам дарылануудан өтүп жатат. Каза тапкандардын саны 26 адамга, ал эми айыккандардын саны 1572 адамга жетти. Өлкө боюнча вирус жуктуруунун жалпы саны 2 093 учурду түзөт.