10 КЫРГЫЗСТАНДЫК РАДИКАЛИЗМ МЕНЕН ЭРТЕ ТУРМУШКА ЧЫГУУГА КАРШЫ ЖАНА ТЕҢ УКУКТУУЛУК ҮЧҮН КҮРӨШ ТУУРАЛУУ
Бул долбоор «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду менен биргеликте Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосу менен даярдалды.
«Эстүү болуш керек, өлкөбүз ошондо өнүгүп-өсөт»
Нурсалкын Өзүбекова, 54 жашта, Келечек конушу

Нурсалкын Өзүбекова Бишкектин чет жакасындагы Келечек конушунун активисти. Ал мурда конуштун көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө иштеп, биринчилерден болуп таштанды чыгартуу ишин уюштурган. Учурда Нурсалкын 25 бала барган «Бөбөктай» бала бакчасында жетекчи жана тарбиячы болуп эмгектенет. Балдардын көбүнө бала бакчага баруу үчүн жеңилдиктер берилген.

Толугу менен окуу
Ал «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында жарандык активист катары тренингдерге катышып, социалдык жоопкерчилик, укуктар жана жашоого болгон көз караштардын ар түрдүүлүгү тууралуу билимин бекемдеди — бул билимин ал кодулоого каршы күрөшүү үчүн колдонот.

«Вотсапта группалар абдан көп, аларды окуганга убакытым да жок. Бирок бир кат көңүлүмдү бурду, ал жерде бир аял "коронавирусту алып келгендердин биринчилери оштуктар, алар болбогондо өлкөдө эпидемия болмок эмес, вирусту ошолор алып келди" деп жазыптыр. Мен аны менен сүйлөшө баштап, өлкөдө ансыз да абал туруктуу эмес, трайбализм кылып, түндүк-түштүккө бөлүүнүн кажети жоктугун айттым», — дейт Нурсалкын.

Ал кодулоого каршы жигердүү күрөштү мессенжерлерде гана эмес, социалдык тармактарда да жүргүзөт. Нурсалкындын айтымында, ар бир дам өз оюн билдирүүгө укуктуу, бирок жек көрүүчүлүктү трансляциялоо — бул ой билдирүү эмес, бул кастыкты козутуу.

«Албетте, соцтармактарда негативге карата башка бирөө жооп бериши мүмкүн, бирок мен мындайды мааниге албай, четте карап тургум келбейт. Ар бир адам оюн билдирүүгө укуктуу, бирок, адамдарга бир нерсе айтуудан мурда ойлонуш керек. Мисалы, мен мурда Исламдын ордуна башка динди кабыл алган кыргыздарды жактырчу эмесмин жана жакшы кабыл алчу эмесмин — мисалы, Жахабанын күбөлөрүн кабыл алгандарды. Окутуудан өткөндөн кийин ойлонуп көрүп, ар бир адамда өз жолу жана тандоосу бар экенин, аларга каршы чыкпашым керектигин түшүндүм. Эстүү болуш керек, өлкөбүз ошондо өнүгүп-өсөт», — дейт Нурсалкын.

Бул принциптерди ал балдарга тил табышууга, бири-биринин айырмачылыгын кабыл алууга жана өзүлөрүнө ишенүүгө үйрөткөн «Бөбөктайдагы» ишинде да колдонот. Нурсалкындын айтымында, бала бакчасындагы балдар — аймактардан келген ички мигранттар жана алар пикирин айтуудан дайыма коркушат.

Ал «Бөбөктайдын» алдында энелердин мектебин уюштурган. Ал жакта Нурсалкын ата-энелерге балдардын ар түрдүүлүгү, аларга сый жана ишенүү менен мамиле жасоо керектигин айтып берет.

«Ата-энелерге кыйын эле, алар өздөрү да зордук-зомбулук тарбиясы көрсөтүлгөн үй-бүлөдө чоңоюшкан. Мен аларга азыркы муун башка, эски ыкмаларды колдонбош керек деп айтам. Үй-бүлө мамилелери, түшүнүшүү жана тарбиялоо тууралуу жаңы маалыматтарым болсо ата-энелерге жөнөтүп турам», — дейт Нурсалкын.


«Имамдар өздөрү эрте нике кыюунун зыяны тууралуу адамдарга айтып, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө биз менен бирге иштеше башташты»
Бактыгүл Алдосова, 50 жашта, Курманбек аймактык башкармалыгы

Бактыгүл эки жылдан бери Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында иштеп келет. Айылда Бактыгүлдү жакындан тааныган жана аны менен баарлашып турган 28 миңге чукул адам жашайт. Анын телефонуна кат тынбай келет: ага таза суу маселеси, ал тургай иттери көп тууп салганын да айтып жазышат.
Толугу менен окуу
Бактыгүл бардык тургундарга жардам берүүгө аракет кылат, бирок анын эң башкы максаты — бул Курманбектеги эрте турмуш курууга каршы күрөшүү. Анын айтуусу боюнча, айылда кыздарды 15-17 жашында зордоп күйөөгө беришет жана ошону менен алардын билим алуу, саякаттоо жана иштөө кыялдарын талкалашат.

Долбоорго катышып баштагандан кийин Бактыгүл жергиликтүү имамдар менен иштешип, аларга мыйзам жана жашы жете электердин никесине жол бербөө керектиги тууралуу айтып бере баштаган. «Аялдар кеңеши, жаштар комитети жана аксакалдар менен эрте никеге туруу маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз. Биз мындай никеде кыздар көбүнчө бактысыз болуп, зомбулукка кабылып, бул ажырашууларга алып келип жатканын айтып беребиз. Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып, көп учурда кайын эне жана келиндин ортосундагы жаңжалдарды чечебиз», — дейт Бактыгүл.

Ал жарандык активисттер жана диний ишмерлердин демилгечил тобунун мүчөлөрү менен биргеликте жаштарды эрте никеге тургузууга каршы мобилдик топ уюштурду.

Ал топко аксакалдар сотунун төрагасы, милиция кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, аялдар кирет жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү кирет. Алар жашы жете электердин никеси мыйзамсыз экени тууралуу маалымат берип, ушундай никеге байланыштуу ырым-жырымдарга каршы күрөшүшөт.

«Имамдар өздөрү эрте нике кыюунун зыяны тууралуу адамдарга айтып берип, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө биз менен бирге иштеше башташты. Мындан тышкары, имамдар жаш балдарга экстремизм жана мыйзамсыз уюмдарга азгырып жалдоо тууралуу айтып бере башташты. Бул эң чоң жетишкендиктерибиздин бири», — дейт Бактыгүл.


Ал эрте турмушка чыгып запкы тарткандар үчүн кол өнөрчүлүк жана тикмечилик боюнча ийримдерди ачкан. Бул келечекте кыз-келиндер акча таап, өз алдынча болсун деген максатта жасалган. «Алар үй-бүлөсүн камсыздай алгыдай болсун деп, жада калса дем алыш күндөрү да иштейм. Жакында эле бир нече [тигүүчү] машина сатып алдык, кыздарыбыз [пандемиянын айынан] психоневрологиялык интернаттын балдары үчүн беткап тигип беришти», — деп айтып берди Бактыгүл.


«Ар бир адамда өз оюн билдирүү укугу бар. Эгер баары ушуну түшүнсө, үй-бүлөдөгү жана жумуштагы
жашоо жакшырмак»
Умида Исмаилова, 29 жашта, Сузак

Умида — эки баланын энеси. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Биби Рабия» медресесинде араб тили боюнча мугалим болуп иштейт. Умида кесибин өзү тандаган, анткени ал динчил үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн жана «Биби Рабияны» аяктаган.

Толугу менен окуу
Көпчүлүк мусулман үй-бүлөдөгүдөй эле Умиданы элпек, уялчак, тил алчак кылып тарбиялашкандыктан, ал өз оюн билдирүүдөн жана макул болбоодон коркуп чоңойгон. Ал 2018-жылдан бери «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагындагы тренингдерге катышып, тың болууга үйрөндү.

Ал үчүн долбоорго катышуу маанилүү эле — ал ата-энесин көндүргөнү менен инилери каршы болуп туруп алган, себеп дегенде мейманкананын ресторанында өткөн тренингге катышып, ал жерден түштөнүү — бул күнөө жана Исламда буга тыюу салынган деп ойлошкон.

Умида инилери койгон шарттарга макулдук берүүгө аргасыз болуп, тренинг өткөн үч күн бою катышуучулар менен бирге отуруп тамактанган эмес.

Учурда Умида пикирин дайыма ачык билдирип, эгер кимдир бирөөнүн оюна макул эмес болсо, ага каршы оюн билдирип турат. Ошентип ал маектешүүлөрдө бир эле исламга каршы ойлор менен гана эмес, мессенжерине келген фейк жаңылыктар менен да күрөшө баштаган.

«Мен чын маалыматты жалгандан ажырата баштап, башкаларга жаңылыкты текшериш керек же ага ишенбеш керек деп айта баштадым. Бизде көбү аял үйдө отурушу керек, көп сүйлөбөшү керек, билим албашы керек деп айтат, бирок ошол эле учурда исламда жана конституция боюнча аялдар менен эркектер тең укуктуу. Ар бир адамда өз оюн билдирүү укугу бар. Эгер баары ушуну түшүнсө, үй-бүлөдөгү жана жумуштагы жашоо жакшырмак», — дейт Умида.

Ал тандоо эркиндигин маектеш адамдарына гана эмес, балдарына да берет — Умиданын уулдары орто мектепте окуйт. Умида уулдары жалпы билимге ээ болуп, андан ары кайсы окууга тапшыруу керектигин өздөрү тандашын каалайт.

Умида өзү да кесиби менен эле токтоп калбай сакайтуучу укалоо жана денеге ийне сайып дарылоо боюнча жарым жылдык ийримден өтүп келген. Келечекте ал медик болгусу келет, себеби айылында врачтардын көбү — жергиликтүү мусулман кыз-келиндер бара албаган эркек кишилер.

«Ак халат сатып алгам, кээде аны үйдөн кийип көрүп, өзүмдү врач деп элестетем. Үй-бүлөм мага ушул эле жетишпей жатты эле деп күлүп айтат, бирок мен окуйм деп жооп берем. Өз оюңузду билдирүүдөн эч качан коркпош керек, үйдө отурсаңыз дагы билим алыш керек. Эгер аял түзөлө берсе, жашоодогу өз ордун табат. Айымдардын баары билим алып, алдыга гана умтула беришин каалайм. Жашоо уланып жаткандыктан, эч качан токтобош керек», — деп оюн бөлүштү Умида.

Учурда ал мектеп программасын окуп, Жалал-Абаддагы №13 кечки мектепте билим алууда — муну менен Умида 11-классты бүттү деген мектеп аттестатын алып, медицина факультетине тапшыра алат.
«Кыргызстандын ар бир тургуну, ал мусулман болобу, имам болобу, айтор, ким кана болбосун — өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. Имамдар бир эле дин менен чектелбей башка нерселерди да үйрөнүшү керек»
Даниярбек Раимжанов, 29 жашта, Амир-Тимур

Даниярбек алты жылдан бери имамдык кызмат өтөп келет, анын ичинен беш жыл жергиликтүү мечитте эмгектенип, акыркы жылы Ош шаарындагы Амир-Темир аймактык коомдук кеңештин мечиттери боюнча башкы имамдык кызматын аркалап келет.
Толугу менен окуу
Ал мечиттин көптөгөн кызматкерлери сыяктуу эле динчил үй-бүлөдө чоңойгон. Ата-энеси, чоң-аталары намаз окушкан, ал эми Даниярбек өзү 17 жашында намазга жыгыла баштаган — ал бул кеч, эртерээк намаз окуп башташ керек болчу деп эсептейт.

Даниярбектин жубайы дагы медресени аяктаган, бирок ал иштебейт жана төрт баланы тарбиялап үйдө отурат. Балдарынын эң улуусу биринчи класска барат. «Аялыма иштебе деп тыюу салбайм, балдар чоңоюп калганда ал мага иштейм десе, аны тыйбайм. Ал сайма саят, башкаларга да тиккенди үйрөтсө болот. Аны толугу менен колдойм, ал тургай ага тигүүчү машина сатып берүүгө даярмын», — дейт имам жубайы тууралуу.

Баарынан да ал жубайы менен балдары университетте жогорку билимге ээ болушун кыялданат. Бул жылы Даниярбек жергиликтүү универститеттин теология факультетине документ тапшырды — бул анын кыялын көздөй чуркаган экинчи аракети, өткөн жылы имамды ЖОЖго кабыл албай коюшкан.

Даниярбек билимдин маанилүүлүгү тууралуу Амир-Темирдин тургундарына да айтып берет — жергиликтүүлөр аны сыйлашат жана угушат, себеби ал имам. «Бардыгына балдарыңарды университетте окуткула, бир гана балдарды эле эмес, кыздарыңарды да окуткула деп айтам. Кыздарды 9-класстан кийин мектептен чыгарып кетип, үйдө отурууга мажбурлабагыла дейм. Айылыбызга дарыгерлер, гинекологдор, мугалимдер керек, эл окушу керек», — дейт Даниярбек билимдин керектигин айтып.

Ал «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбооруна катышуу менен элдин алдына чыгып сүйлөгөндү жакшыраак үйрөнүп, өз укуктарын коргогонду жана Кыргызстандын мыйзамдарын тереңден биле алды. Имам мечитке келгендерге жана жергиликтүү тургундарга мыйзамдын маанилүүлүгү тууралуу айтып берет.

«Кыргызстандын ар бир тургуну, ал мусулман болобу, имам болобу, айтор, ким гана болбосун — өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. Имамдар бир эле дин менен чектелбей башка нерселерди да үйрөнүшү керек. Ар тараптуу болуш керек. Мен муну шакирттериме, тааныштарыма жана башка мечиттин кызматкерлерине да айтам», — дейт Даниярбек мыйзамды сыйлоого чакырып.

Имам мечитке келгендерге башка адамдарды урматтоонун маанилүүлүгү тууралуу да айтып берет. Даниярбектин айтымында, бул маанилүү нерсе, анткени Амир-Темирдин тургундарынын баары мусулмандар жана алар башка диндин өкүлдөрү менен жүз көрүшпөйт.

«Кыргызстандын ар бир тургуну, ал мусулман болобу, имам болобу, айтор, ким кана болбосун — өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. Имамдар бир эле дин менен чектелбей башка нерселерди да үйрөнүшү керек. Ар тараптуу болуш керек. Мен муну шакирттериме, тааныштарыма жана башка мечиттин кызматкерлерине да айтам», — дейт Даниярбек мыйзамды сыйлоого чакырып.

Имам мечитке келгендерге башка адамдарды урматтоонун маанилүүлүгү тууралуу да айтып берет. Даниярбектин айтымында, бул маанилүү нерсе, анткени Амир-Темирдин тургундарынын баары мусулмандар жана алар башка диндин өкүлдөрү менен жүз көрүшпөйт.

«Эгер башка шаарда христиан же Жахабанын күбөлөрүн көрсөм, алар менен урушуп же исламды кабыл алууга мажбурлабайм. Эгер алар өздөрү гана диниме кызыкса, анда аларга кеңешимди берем», — дейт Даниярбек.

«Жаштарды радикалдык идеялардын таасиринен коргоо үчүн келечекте муфтиятта иштегим келет»
Нурдан Эдик уулу, 22 жашта, село Сары-Булак айылы

Ысык-Көл облусунун Сары-Булак айылындагы мечитте Нурдан эң жаш имамдардын бири — ал балакай кезинен динге берилип, 20 жашында үгүттөп баштаган. Буга анын диний үй-бүлөдө чоңойгону себеп болгон.
Толугу менен окуу
«Чоң атам молдо болгон, андан кийин атам намаз окуй баштаган, анын артынан үй-бүлөбүздүн бардыгы ээрчиди. Азыр баарыбыз беш убак намаз окуйбуз — апам, атам, мен, эки карындашым жана иним», — дейт Нурдан.

Диний билим алуудан тышкары, Нурдан Бишкектин лицейлеринин биринде ширеткичтин окуусун окуп, бир жыл иштөөгө да үлгүргөн. Бирок мечитте бул билиминин жардамы тийген эмес. «Айылда имам жок болгондуктан айылдаштарым мени тандашты, өзүм болсо ширеткич жумушумду таштадым. Ал эми 2018-жылы долбоордун катышуучусу болуп, окутуучу иш-чараларга барып көп жаңы маалымат ала алдым», — деп айтып берди Нурдан тажрыйбасы тууралуу.

Нурдан бала чагынан эле ислам менен чоңойгондуктан Кыргызстандагы диндин укуктук жана юридикалык жактарын билген эмес — семинарлар ага бул багытта түшүнүк алууга жакшы жардамын тийгизген.

«Мыйзам динге ишенген адамдардын укуктарын кантип коргогону мен үчүн ачылыш болду, мурда бул жөнүндө билчү эмесмин. Өлкөдө 19 тыюу салынган уюм бар экенин билдим, мурда ушундай уюмдардын бирөөсүн гана билчүмүн жана мыйзамдарды билчү эмесмин», — дейт Нурдан.

Тренингдерден кийин Нурдан адамдарга дават кылуу үчүн өз алдынча алган билими жетишсиз экенин түшүнүп, Арашан гуманитардык университетинин теология факультетине тапшырган. Учурда ал жакта окуп жатканына эки жыл болот.

«Окууга байланыштуу имамдык кызматымды башка адамга өткөрүп бердим. Биринчи семестрде диндердин тарыхын, алардын келип чыгышын окудук. Келечекте ислам багытында иштегим келет — муфтиятта иштеп, жаштарды радикалдык идеялардын таасиринен коргогум келет», — дейт Нурдан.

Эми болсо ал сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгү тууралуу инилерине жана карындаштарына айтып берип, алган билими менен бөлүшүүдө.


«Светтик өлкөдө жашап жатканыбызды билгенге чейин мусулмандык укуктарымды коргоо тууралуу ойлончу да эмесмин»
Кундуз Абдулхамитова, 48 жашта, Кызыл-Кыя шаары

Кундуз Абдулхамитова 24 жылдан бери Баткен облусундагы медреседе сабак берип келет. Ал жетинчи муундагы дин таануучу: анын туугандарынын баары исламдын мыйзамдары боюнча жашашат, ал эми чоң атасы, атасы жана байкеси имам болушкан. Кундуз бала кезинен бери ислам салттарын кадырлап, беш маал намаз окуп, Рамазан айында орозо кармап келет.
Толугу менен окуу
«Врач же мугалимдердин династиясы болот го? Бизде да туугандарыбыздын баары илгертен исламды окушкан. Бул биздин каныбызда деп да койсок болот», — дейт Кундуз.

Ошол эле учурда ал светтик билим тууралуу да унутпайт: кенже иниси жана кыздары ЖОЖдогу окуусу менен медреседеги окуусун бирдей алып кетишүүдө.

«Диний мекемелерде гана окуп келгендиктен, менде светтик билим тууралуу диплом жок. Долбоордун семинарларында кандайдыр бир кесипке ээ болуу маанилүү экенин түшүнүп, кыздарымды педагогикалык колледжге окууга бердим», — деп айтып берди ал.

Мурда ата-энелер кыздарын Кызыл-Кыяда уруксатсыз жана кандайдыр бир программасыз үй шартында динге окутушкан. Кундуз башка активисттер менен мындай ийримдерди жабууга жана кыздар окуусун мыйзам чегинде жол берилген медреселерде улантышы керектигин түшүндүрүшкөн. Ошентип, анын айтымында, аймакта акыркы үч жылда тыюу салынган агымдардын саны кыйла азайган.

«Түшүнүксүз адамдар кыздарды ар кайсы жерлерде окутканда, бул алардын радикалдашуусуна алып келиши мүмкүн. Жаштар гана эмес, үй-бүлөсү бар эле чоң адамдар ар кандай агымдарга азгырылып кетүүдө. Ошондуктан, жакын арада мыйзамсыз окутуулардын баарына тыюу сала башташты. Ал тургай, белгилүү бир адамдар гана белгилүү бир жерлерде динге окута алат деген мыйзам чыкты», — деп айтып берди активист.

Кундуздун айтымында, радикалдык үй-бүлөлөр дайыма өзүнчө обочолонуп жүрүшчү, эч ким менен сүйлөшпөй, үйлөрүнөн чыкчу эмес. Бирок, бул үй-бүлөлөрдөгү аялдар долбоордун демилгелерине катышкандыктан, пикир алышууда ачык боло алышты.

«Көрсө аялдар жакындарын көп нерселерге үйрөтүп коё алышат экен. Эгер балдар менен кыздарды окутсак, алар аны болгону бир-эки адамга айтып берет. Ал эми аялдар маалыматты кунт коюп угуп, пикир алмашып, андан кийин үйдөн балдарына, жолдошуна жана башка туугандарына айтып берет», — деп эсептейт Кундуз.

Кундуз семинарлардан радикализм жана толеранттуулук тууралуу түшүнүктөрдөн тышкары, «дин аралашпаган мамлекетте да» диний маселелерде укуктары корголушу керектигин эсине түйүп алган. Анын айтымында, мурда динге гана кызыгып жүргөнү үчүн Кыргызстан светтик, укуктук мамлекет экенинин артыкчылыктарына көңүл бурган эмес.

«Кызым экинчи классында эле жоолук оронуп алган, бирок коё тур деп көндүрө албадым. Өз эрки менен намаз окуп, орозо кармайт. Ал мектепке мен семинардан келгенден кийин эле жоолук менен кетти. Мени директорго чакырышты. Ошондо анан тренингде үйрөнгөнүмдүн арты менен кызымдын жоолукчан жүрүү каалоосун коргой алдым», — дейт Кундуз.


«Исламда бир улут башка улуттан артык эмес жана бир да раса башкасынан улуу деп эсептелбейт деп айтылат»
Сүйүналы Чокоев, 46 жашта, Кызыл-Адыр айылы

Сүйүналы Чокоев — Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында төрт жылдан бери имамдык кызмат кылып келет. Сүйүналынын эмгек жолунун башында мечит эксперттер үчүн жабык болгондуктан, ага жана анын кесиптештерине диний агымдардын ар түрдүүлүгү тууралуу билим жетиштүү эмес болчу.
Толугу менен окуу
Сүйүналы долбоордун үйрөтүүчү программаларына катышкандан кийин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана ИИМдин экстремизм менен легалдуу эмес миграция боюнча кызматынын кызматкерлерине мечитинин эшигин ачкан. Алар өз кезегинде мечит жамаатына тыюу салынган радикалдык уюмдарды кантип байкап билүүнү жана алардын таасирине кантип кабылбоо керектигин айтып беришкен.

Акыркы бир нече жылда Кыргызстанда исламдын тыюу салынган агымдары популярдуу боло баштады. Мусулмандардын ортосундагы жаңжалдардын курчушун активисттердин, мамкызматкерлердин жана диний ишмерлердин биргелешкен иш-алып баруусу алдын ала алды. Алардын катарында Сүйүналы да болгон. Сүйүналы алар менен 2018-жылдан тарта радикалдашууну алдын алуу боюнча пландарды ишке ашырып эмгектенген.

Сүйүналы «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун семинарларында Ошто активисттер менен таанышып, алар менен бирге толеранттуулук жана ксенофобияга каршы күрөшүү боюнча демилгелерди уюштурду. Тыюу салынган диний агымдары тууралуу алгачкы семинарында Сүйүналы 300дөн ашык адам чогулта алган.

Мындан тышкары, эксперттер сын көз караш менен ой жүгүртүүнүн жана мыйзамдын диндеги үстөмдүгүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып беришкен.

«Исламда бир улут башка улуттан артык эмес жана бир да раса башкасынан улуу деп эсептелбейт деп айтылат. Семинарларда ислам менен салыштыра турган нерселерди айтып бергендери жакты», — дейт имам.

Сүйүналы билимин мүмкүн болушунча элге көп айтып берүүгө аракет кылат — мисалы, ал жума намаздын алдында адамдар бири-бирине чыдамкай болушу канчалык маанилүү экени тууралуу кеп курат. Мындан тышкары, ал милициянын экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматкерлери менен бирге мектептерге барып, радикализм тууралуу жана интернеттеги азгырып жалдоо жөнүндө айтып берет.

Ошондой эле имам ар башка улут жана конфессиядагы жергиликтүү тургундардын ортосунда толеранттуулукту өнүктүрүүгө аракет кылат. Сүйүналы аларды ынтымакташтыруу үчүн биргелешкен иш-чараларды жүргүзөт.

«Айылыбызда ар башка улуттагы жана көптөгөн диндердин өкүлдөрү жашайт. Биз калк үчүн ишембилик сыяктуу көрүнөөрлүк жана маанилүү иш кылып, аларга кандай кызматташса болоорун көрсөткүбүз келген», — дейт Сүйүналы.
«Акырындык менен болсо да өз укуктарын коргой алган ушундай кыздардын көп болушун каалайм»
Анар Джумабаева, Сузак

* «Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун координатору Анар Джайтып берген окуя. Баш каармандардын ысымдары өзгөртүлдү.

Анар долбоордун жардамы менен колледжде билим алып жаткан Сузак районундагы үч кыз, Феруза, Умида жана Зухранын окуяларын айтып берди. Кыздардын ата-энелери аларга телефон колдонууга уруксат бербегендиктен, өздөрү маек куруп бере алышкан эмес, анткени кыздары сабактан башка нерселерге алаксыганын каалашпайт. Кийинки окуяны Анардын айткандары менен сөзмө сөз келтиребиз.
Толугу менен окуу
«Башында кыздардын ата-энелери Жалал-Абадга окууга жөнөткүлөрү келген эмес, анткени көбү эле билимдин маанилүүлүгүн түшүнө бербейт. Экинчи себеби, ата-энелер кыздар өзгөрүп, "шаардыктарча ой жүгүртүп", ойлорун айта башташат деп коркот. Себеби шаарда башкача кийинип, эркин ой жүгүртүшөт да.

Ата-энелер үчүн кыздарын 9-класстан кийин медресеге берүү ыңгайлуу, анткени ал жакта мектептегидей акча чогултуу деген жок. Медреседе жылына болгону 1000-1500 сом контракт төлөп койсоң болду — кызың окуй баштайт. Ошол эле учурда ал жакта баш ийүүгө, адептүүлүккө тарбиялап, Куран окутушат. Андан кийин жуучулар келе баштайт. Кыздарды күйөөгө узатып коюшат, ошону менен билим алуу аяктайт.

Эрте жашта нике кыюу мыйзамсыз экенине карабастан, бизде жашы жете элек, эми гана мектепти бүткөн кыздарды турмушка узатуу фактылары көп. Акыркы убакта эркек киши экинчисин да, үчүнчүсүн да алган көп аялдуулук көбөйүп, ал эми кичинекей бир нерсе болсо алар менен ажырашкан учурлар кездешет. Мындай никелерди расмий каттоо мүмкүн болбогондуктан, аялдар алимент жана жумушу жок кичинекей балдары менен жалгыз кала берет.

«Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында кесиптештер менен биргеликте, кыздар жана алардын туугандары үчүн жергиликтүү окуу мекемелерине экскурсия уюштурдук. Мындан тышкары, ЖОЖдордун өкүлдөрү менен медреселерди кыдырып, кыздарга колледждерге жана ЖОЖдорго тапшыруунун шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып бердик.

Ошентип, 60 кыздын ичинен 20сынын ата-энеси өз балдарын динден тышкары окуу мекемесине берүүгө макулдук берди, бирок жергиликтүү медреседе ал окуу жайдын филиалы ачылат деген шарт коюлду. Тилекке каршы, медресе менен ЖОЖ кызматташуунун шарттары тууралуу келише албагандыктан, кыздарды Жалал-Абадга жөнөтүш керек болду.

Биз болбой эле аларды көндүрүүгө аракет кылдык: жүгүрдүк, чогулуштарды өткөрдүк, ата-энелерге түшүндүрдүк, ажырашуулар боюнча статистиканы көрсөттүк, мунун баары көпкө созулду. Акыры, былтыр 6-сентябрда Феруза, Умида жана Зухранын ата-энелери тобокелге барууну чечип, кыздарына шаарда окууга уруксат беришти.

Чынында алар кыздарын медреседе окуусун улантышат, телефон жана интернет колдонушпайт, жакшы окушат жана кыздардын ар бир кадамы тууралуу кабар берип турушат деген шарт менен коё беришти.

Ата-энелерди жибитүүдө бизге педколледждин директору жакшы жардам берди. Ал кыздар үчүн кепил болуп, аларга баш-көз болуп турууну убадалады. Ата-энелерди көндүрүү үчүн биз директор менен бирге Орусияга иштегени кетип, кайра жаңы аялы менен кайтып келген күйөөлөрүнө көз каранды болгон жумушсуз кыз-келиндер туш болгон жагдайларды айтып бердик.

Умида, Феруза жана Зухранын ата-энелери кыздарына жаркын жашоого жетүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти. Ал эми кыздар курбуларын кыялдарын орундатууга карай аракеттерин ЖОЖдун алыстыгы жараткан тоскоолдукка же коомдогу жашоого карата тамыр байлап калган көз караштарга карабастан колдоого аракет кылышууда.

Учурда алар Жалал-Абаддагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын педколледжинин экинчи курсуна өтүштү. Эки жылдан кийин эле Феруза менен Умида баштапкы класстардын мугалими болушат, ал эми Зухра кичинекей балдар үчүн англис тил мугалими болот.

Албетте, алар турмушка чыккандан кийин адистиги боюнча иштей алабы же жокпу белгисиз. Бирок эң жакшы жери алар алган билимин жок дегенде балдарына өткөрүп бере алышат.

Мындай мисалдардан улам адамдар ойлонуп, билим берүүгө маани берип, акыркы убактарда бир эле балдарды гана эмес, кыздарды да окута башташты. Мына, экскурсияга деп келген 20 адамдын ичинен 3 кыз окуп жатат — бул ийгиликтин 15%ы.

Кыздар менен дайыма байланыштамын жана алардын жетишкендиктери үчүн кубануудан чарчабайм. Тил билүү тоскоолдугуна жана уялууга карабастан, кыздар пара учурунда окутуучуну кунт коюу менен угуп, жооп берүүгө аракет кылып келишет.

Мага алар эч нерсеге карабастан сынбай, акырындык менен өз киндиктерин кесип, аз-аздан көздөгөнүнө жете баштаганы жакты. Акырындык менен болсо болсо да өз укуктарын коргой алган ушундай кыздардын көп болушун каалайм».
««Аялдар бириккенде кандай күч, кандай лидер боло алышарына таң калдым»
Рахотай Расулова, 58 жашта, Юсупов атындагы айыл аймагы

Рахотай Расулова көп балалуу үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Анын үй-бүлөсүндө жети эже-карындаш жана эки ага-ини бар. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата-энеси балдарынын баарына билим берген, анткени алар светтик да, диний билимдин да маанилүүлүгүн түшүнүшкөн.
Толугу менен окуу
Рахотай жергиликтүү мектепте 38 жылдык мугалимдик эмгегинен кийин билимин айылдаш айымдарды өнүктүрүүгө арноону чечкен. Анын айтымында, акыркы жылдары айланасында эрте турмушка чыгуу жана ажырашуулар көбөйгөн — көбүнчө кыздар үй-бүлө курганга даяр эмес болуп, психологиялык травма алышкан.

Долбоорго катышкандан кийин Рахотай «Энелер мектебин» ачкан. Ал жерде балдары жок жаш кыз-келиндер гана эмес, жетилген үй кожойкелери дагы билим алышат. Рахотай аларды улуттук тамак-аш даярдоого үйрөтөт: боорсок, манты, самса, шорпо.

Рахотай мектебинде семинарлардан алган билимдерин колдонуп, окуучуларга социалдык жоопкерчилик жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы ойдун ар түрдүүлүгү тууралуу айтып берет.

Кайын энелер үчүн мектеп психологдорду чакырып берген. Психологдор алар менен үй-бүлөдөгү мамилелери жана келиндерге карата урмат-сый керектигин айтып берип, семинарларды өткөрүшөт, үй-бүлөдө зомбулукту болтурбоо тууралуу темада сөз кылышат.

«Тренинг катышуучуларга абдан жаккандыктан, алар жашоодон алынган театралдаштырылган сценаларды коюп, маселелерди жана аларды чечүүнүн жолдорун көрсөтүштү. Аялдар "Ой, силер мени көрсөтүп жатасыңарбы? Бул менмин да!" деп айтышчу. Анткени биз окуяларды асмандан тапчу эмесмиз, биз окуяларды жашоодон алчубуз», — дейт Рахотай.

Долбоордогу эң маанилүү жана натыйжалуу нерселердин бири — бул чакырылган гинекологдун лекциясы болду. Ал катышуучуларга медицина тууралуу жана тукум улоочу ден соолуктун маанилүүгү жөнүндө айтып берди. Рахотайдын айтымында, мындан кийин аймакта жашаган аялдардын көбү гинекологдордун текшерүүсүнө келип, балдарын эмдөөдөн өткөрүшкөн.

«Ушунча жыл жашаган адамдар ушундай нерселерди билиши керек деп ойлочум. Көрсө, билишпейт экен. Көрсө, адамдарга айтып бериш керек экен. Долбоордун жардамы менен өзүбүз да маалымат алып, башкаларга да тараттык», — дейт активист.

Рахотайдын айтымында, ушундай билим берүү иш-чараларынын арты менен анын айылында эрте нике кыюу учурлары азайып, ата-энелер жана кайын энелер кыздарды окууга кайтарып же аларды ишке орноштура баштаган.

«Аялдар бириккенде кандай күч, кандай лидер боло алышарына таң калдым. Аялдар чоң иштерди чечишет: айыл башкармалыктарына киришет, көйгөйлөрдү чечишет, аялдарга жумуш табууга, ажарышкандарга документтер менен жардамдашышат. Мен бизден мындайды күткөн эмесмин. Көрсө аялдар түшүндүрүү, уюштуруу иштеринде абдан күчтүү экен», — деп таң калды Рахотай.

Аялдарга арналган тренингдерден тышкары, Рахотай жергиликтүү бийлик менен бирге эң таза үй чарбасына конкурс жана ишембилик уюштурду.

«Үйүнөн чыкпаган маргиналдык үй-бүлөлөр менен өзүбүздү кандай алып жүрүүнү билчү эмеспиз. Биз аларды ишембиликке тартканда, көрсө, алар абдан кызыктуу адамдар экенин көрдүк. Мисалы, бирөө кол өнөрчүлүк кылат, дагы башкасы гүл өстүрөт», — деп айтып берди ал.

Пандемия артка чегингенден кийин Рахотай чоң үй-бүлөлөр менен медиа-кампания уюштурууну пландап жатат. Анын алкагында 5-6 келин чогуу жашамакчы.

«Чоң үй-бүлөлөр кантип ынтымакта жашап атканын, аларда кайын эне менен келиндердин ортосунда мамиле кантип кураларын мисал кылып көрсөтүү үчүн биз алардан гезитке интервью алгыбыз келет. Мындан тышкары, теле-шоудай бир несе кылууну ойлонуп жатабыз — 50-60га чукул аял жана эксперттерди чакырабыз, алар ушундай ынтымактуу үй-бүлөнүн сыры эмнеде экенин айтып беришет», — дейт Рахотай.

Ал үй-бүлө тууралуу диалог куруу үчүн дагы чоңураак аянтчаларды куругусу келет, анткени долбоордо катышып жатканда жана «Энелер мектебинде» иштеп жатканда көйгөйлөрдү сүйлөшүү жана аялдардын өнүгүшүн колдоо канчалык маанилүү экенин түшүнгөн.
«Мусулман ар тараптан өнүккөн болушу керек, ар бир суроого жоопту билиши керек»
Гүлнара Урманова, 52 жашта, Кара-Суу шаары

Гүлнара Урманова — Кара-Суу шаарынын кыз-келиндер үчүн медресесинде окутуучу. Долбоордун алкагында болуп откон семинарлардан кийин ал кыздарды окутуунун программасына эки светтик сабак киргизген: кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы, коом таануу жана тигүүчүлүк иш.
Толугу менен окуу
Ошондой эле ал медресенин ар бир курсу үчүн «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун лекцияларынын негизинде сынчыл ой жүгүртүү боюнча семинарларды өтөт. Медреседеги кыздар үчүн берген билиминин сапатын жакшыртуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн Гүлнара Мырзакедеги педагогикалык колледжди бүтүп келген. Кийинки баскычта ал ЖОЖдун педагогикалык бөлүмүнө тапшырганы турат.

Орус мектепти аяктаган Гүлнара экинчи баласын төрөгөндөн кийин, 21 жашында динге кызыга баштаган.

«Адилетсиздик, жашоонун оордугу тууралуу ойлор, "Эмне үчүн аялдар гана ушунча азап тартышы керек? Эмне дин ушундайбы?" деген суроолор динге кызыгуумду арттырып, Ислам тууралуу көп окуй баштадым. Көрсө Аллахтын айтканы бир, ал эми бизге жеткени таптакыр башка экен», — дейт ал.

Гүлнара жашаган аймакта билим берүүнүн сапаты начар. Мугалим тарбиялануучуларынын айрымдары эне тилинде жаза алышпаганын айтат. Ошондуктан ал медресенин программасына, башка да светтик сабактар менен катар кыргыз тил сабагын киргизген. Ал жерде кыздар жазганды үйрөнүшөт. Гүлнара келечекте кыздар жок дегенде анкета жана арыз сыяктуу жөнөкөй документтерди толтура алгыдай болушун каалайт.

«Мурда кандай эле? Башкысы, аялда дух болсо болду, окуунун ага кереги эмне эле? Коомго аялдардын эч нерсе билбегени, тилди угуп үйдө отурганы ыңгайлуу болчу да. Ал эми чындыгында динде башкача эле да. Мухаммед Пайгамбардан эки баланын кимисин мектепке берели — баланыбы же кыздыбы — деп сурашканда, ал кызды окутуш керек деп жооп берген экен. Анткени бир кызды окутсаң бүтүндөй коомго билим берген болосуң, ал эми бир баланы окутсаң, бир адамга билим берген болосуң», — деп эсептейт Гүлнара.

Анын пикиринде, аялдар балдарды кандай тарбияласа коомдун келечеги да ошондой болот. Ошондуктан азыркы аялдар дин маселелеринде гана эмес, дүйнө таанууда да билимдүү болушу кажет. Андан тышкары, дүйнө таанымдын кенен болгону адамдарга экстремисттик идеологияларга азгырылууга жол бербейт.

«Азыр бизде ушундай да, динди аз билгендиктен башка агымдарга кирип кетишүүдө. Динди бардык тараптан изилдеп чыккан адистер жеткириши керек. Мусулман ар тараптан өнүккөн болушу керек, ар бир суроого жоопту билиши керек. Айрыкча динчил аялдар жашоонун ар кандай учурларына даяр болушу кажет. Аялдар эркектерден билимдүүрөк болушу шарт», — деп ой бөлүштү Гүлнара.


*в хадисах пророка Мухаммеда говорится, что стремление к знаниям – обязанность каждого мусульманина и каждой мусульманки. (Хадис ат-Тирмизи, Табрани, Байхаки и др.)
«Коомчулуктар туруктуу тынчтык үчүн» долбоору БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосу менен жана ЮНФПА менен өнөктөштүктө «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды. Бул документте чагылдырылган көз караштар сөзсүз түрдө БУУнун агенттиктеринин көз карашын же позициясын билдирбейт.
Текст: Айдай Токоева жана Айзирек Иманалиева
Которгондор: Кайрат Замирбеков жана Алмир Алмамбетов
Сүрөттөр: Дарья Удалова

Made on
Tilda