Бир кат — бир өмүр
Глобалдык Кат жазуу марафонуна кошулуп, бүгүнтөн калбай кимдир бирөөнүн өмүрүн өзгөрт
Amnesty International уюму менен биргеликте даярдалган өнөктөш материал
Кыргызстанда күн сайын адилетсиз окуялар болот — кыйноо, зордук-зомбулук, адам укугун бузуу жана басмырлоо. Буларга каршы күрөшүү үчүн кыргызстандыктар митингдерге чыгып, петицияларга кол коюп, укук коргоо уюмдары менен иштешип, бул тууралуу соцтармактарда жазып чыгышат.

Бирок, укуктардын бузулушуна каршы күрөштө — аткаминерлерге кадимкидей кайрылуу маанилүү бойдон калууда. Кээде биз сурам жөнөтөбүз, бирок алар жоопсуз калат, жакын адамдарга колдоо сурап кайрылабыз, бирок айрым учурда түшүнбөстүккө кабылабыз. Айрым адамдар айлап-жылдап бийликке кат жазышат, бирок алардын кайрылуулары этибарга алынбай же куру жооп менен аяктайт.

Amnesty International укук коргоочу уюму жыл сайын Кат жазуу марафонун өткөрүп келет — бул дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген активист жана кайдыгер эмес адамдар петицияларга кол коюп, укуктары одоно бузулган адамдарды колдоо үчүн кат жазышкан глобалдык өнөктүк.

Марафон иштеп келген 18 жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн укук коргоочу жана активисттер жардам алды. Мисалы, 2018-жылы жол кырсыгынан баса албай калган кыргызстандык Гүлзар Дүйшөнова Марафондун каарманына айланган.
Гулзар жана анын тилектеш адамдары узак жылдар боюнча майып адамдардын укуктары үчүн күрөшүп келишкен. 2018-жылы ал Кат жазуу марафонунун каарманы болгондон кийин, кыргыз активист айымдарынын талаптарына кулак салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке дүйнө жүзүнөн кайрылуулар жана петициялар туш-туштан келген.
Эл аралык тилектештиктин жана талыкпас активисттердин аракеттеринин натыйжасында, кийинки жылы Кыргызстан Майып адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялап, алардын өмүрүнө чыныгы өзгөртүү киргизүүгө негиз сала баштады.

Ал эми бул жылы Марафондун каармандары болуп Сауд Арабиясынын, Беларустун, Орусиянын укук коргоочулары менен искусство ишмерлери жана Чилинин активисти аныкталды. Алардын бардыгы куугунтукталып, же чектен ашкан адилетсиздиктен жапа чегишкен.

Сауд Арабиясында аялдар укугу үчүн күрөшүү, Беларуста адам укуктарын коргоо же Чилиде баалардын көтөрүлүшүнө каршы тынчтык акциясына катышуу кандай экенин билгиңер келеби?

Анда Amnesty International менен биргеликте даярдаган оюн-тестибизге катышып, өзүңүздү Кат жазуу марафонунун каармандарынын ордуна коюп көрүңүз.
Оюн-тесттен өтүү
Өзүңүздү Кат жазуу марафонунун каарманынын ордуна коюп, оюн-тесттен өтүп көрүңүз
Марафондун каармандарын колдоо
Нассима ас-Саданы колдоо
НАССИМАНЫ ОНЛАЙН КОЛДОҢУЗ

Насcимага билдирүү жазыңыз

Социалдык тармактардагы жеке баракчаңызда бакчада иштеп же жөн эле күнгө жылынып жаткан сүрөтүңүздү жарыялаңыз. @nasema33, @KingSalman аккаунттарын, ошондой эле #FreeNassima хэштегин кошуyну унутпаңыз.

Сауд Арабиясынын падышасына билдирүү жазыңыз

Аялдар укугу үчүн күрөшкөн Нассиманы жана башка активист айымдарды эч бир шарттарга көнбөстөн токтоосуз бошотууну талап кылыңыз.

Улуу даражалуу падыша Салман ибн Абдул-Азиз ал-Сауд
Сауд Арабиясынын сиздин мамлекетиңиздеги элчилиги
Twitter: @KingSalman
Кайрылуу: Улуу даражалуу
Густаво Катиканы колдоо
ГУСТАВОНУ ОНЛАЙН КОЛДОҢУЗ

Сиз социалдык тармактарда #GustavoGatica хэштеги менен постторду жарыялап, Густавону колдой аласыз.

Чилинин улуттук прокуроруна электрондук кат жазып жөнөтүңүз

Андан Густаво жарадар болгон ок атышууга уруксат берген полиция жетекчилигинин аракеттерин иликтөөнү өтүнүңүз.

Email: [email protected]
Twitter: @FiscaliadeChile
Кайрылуу: Улуттук прокурор Хорхе Аббот Чарме мырза

Густаво курулай жапа чекпегени тууралуу ага электрондук кат жазып жөнөтүңүз.

Тилектештиктин жана үмүттүн белгиси катары ага билдирүү жазып жөнөтүңүз.
Email: [email protected]

ГУСТАВОНУ КАТ ЖАЗЫП КОЛДОЙ АЛАСЫЗ

Полиция жетекчилигине почта аркылуу кат жөнөтүп, митингдеги ок атышууну иликтөөнү талап кылыңыз.

Jorge Abbott Charme
National Prosecutor
Fiscalía Nacional
Catedraь 1421-1453 Santiago de Chile

Брайл шрифти менен жазылган каттарды, сокурлар үчүн сүрөттөрдү же тилектештиктин башка материалдык көрүнүштөрүн төмөнкү дарек боюнча жөнөтүңүз:

Amnistía Internacional ChileCalle Eliodoro Yañez 828 Comuna de ProvidenciaSantiago de Chile
Марфа Рабкованы колдоо
МАРФАНЫ ОНЛАЙН КОЛДОҢУЗ

Социалдык тармактагы баракчаңызда беларустук укук коргоочуга жеке билдирүү жайгаштырыңыз. #MarathonLetters хэштегин колдонууну унутпаңыз. Ага сиздин ар бир билдирүүңүз жеткирилет.

Мисалы, твиттерде мынтип жазыңыз:

Марфа Рабкова, биз сиз мененбиз! Биз сизди токтоосуз бошотууну талап кылабыз жана Беларустагы бардык абийир туткундарын бошотууга чакырабыз! @amnestyeeca [email protected] [email protected] #МарафонПисем
Бул жылы Amnesty International Кыргызстан жана Казакстандын мугалимдери үчүн ийримдерди өткөрүштү. Ал жактан алар адам укуктары жана Кат жазуу марафону
тууралуу кенен маалымат алышты.
Лондон, Нидерланддар, Украина жана Молдованын адистери өз тажрыйбаларын Ош, Жалал-Абад, Бишкек, Токмок, Шабдан, Алматы жана башка шаарлардагы кыргыз жана казак мугилемдири менен бөлүштү.

Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын коом таануу боюнча мугалими Ирина Маслова ийримден кийин 6, 9 жана 11-класстагы окуучулары менен адам укуктары боюнча сабактарды өткөргөнүн айтат.

«Балдар адам укуктары боюнча онлайн-курстан өтүп, Кат жазуу марафонунун каармандары тууралуу маалымат алып, аларга укмуштуудай колдоо каттарды жазышты. Балдар Густавонун окуясын өзгөчө кабыл алышты. Алар биздин өлкө менен окшоштуктарды көрө алышты, анткени бизде дагы жарандык коом күчтүү. Балдар, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган учурда өзүлөрүн кандай алып жүрмөктүгүн баалай башташты», — деп айтып берди Ирина.


Анастасия , 7 класс, Кара-Балта шаары
Made on
Tilda