Кыргызстанда кыздардын көпчүлүгү стереотиптерге кабылышат: аларга тандап алган кесибиң «аялдарга туура келбейт» жана башкасын тандоо керек деп айтышат.
Адатта мындай сөздөрдү илимге, IT, архитектура, ал тургай режиссёрлукка барган кыздар да угушат.
Көбүнесе ушундай басым көрсөтүүлөрдөн улам кыздар билим берүү, гуманитардык жана социалдык илимдер чөйрөсүн тандап кетишет. Ал эми балдар юриспруденцияга жана инженердик адистикке артыкчылык беришет.