Бишкектин мэрлери жана аткаминерлер Ататүрк паркындагы жер тилкелерди кантип таратышкан?

Бишкектик аткаминерлер биринин артынан бири Кыргызстандын таасирлүү адамдарына элиталык жер тилкелерин бөлүп берүү үчүн мыйзамды айланып өтүшкөн жана бузушкан.


Александра Ли
1999-жылдан башат алган Бишкектин мэрлеринин портреттери. Солдон биринчиси — Медетбек Керимкулов парктагы жерлердин көбүн берген. Ал — парктан жер бөлүп берген төрт мэрдин арасынан натыйжада коррупцияга же кызмат абалынан кыянат пайдалууга айыпталбаган жалгыз мэр.

Сүрөт
: Александр Александров

Бишкек райадминистрациясынын бир кызматкери 2006-жылдын ноябрында бир кол коюу менен эле шаардын чегиндеги дээрлик 200 жер участогун таратып салган. Алардын бир бөлүгү Ататүр атындагы парктын аймагына кирет.

Кыргызстандын Жер кодекси муктаж болгон адамдарга мамлекеттен жер алууга мүмкүндүк берет. Бирок бул учурда участоктор байланыштары бар болгон колунда бар адамдарга берилген. Алардын көбү шаардыктардын сүйүктүү жери — Ататүрк атындагы парктан барктуу жерлерди алып калышкан.

Жек кодексине ылайык, парк жерлерин жеке менчикке берүү жана аларга хан сарай курууга тыюу салынат. Мындан тышкары, 2002-жылы Ататүрк паркы тарыхый-маданий объекттердин тизмесине киргизилген. Божомол боюнча, ушуну менен паркты жок кылуунун башталышына чекит коюлмак.

Буга карабастан, Октябрь райадминистрациясынын төрагасынын орун басары Кайратбек Борбуков №412 токтомго кол коюу менен парктагы участокторду таратып салган. Ал муну менен бир нече мыйзамдарды жана жоболорду бузган, анткени анда мындай ыйгарым укуктары жок эле. Бул документти Борбуков өзүнүн кабинетинде сактап жүргөн.

Жарым жыл өткөн соң, 2007-жылдын май айында, милиция Борбуковду Бишкектин башка районундагы жерлерди таратууда пара алган деген шек менен кармап, анын кабинетин мөөр басуу менен жаап койгон. Үч күндөн кийин ал госпиталга жаткырылып, кийинчерээк бошотулган.

Борбуков жумушуна кайтып келгенден кийин анын кабинетинен бир катар маанилүү документтер жоголуп кеткен — алардын арасында №412 токтому да бар эле.


№412 токтом жоголуп кеткен Октябрь райадминистрациясынын имараты.

Сүрөт: Александр Александров
Кийинчерээк райадминистрация бул токтомду жокко чыгарган. Борбуковго болсо бул документке кол койгондугу үчүн кызматтык абалынын кыямат пайдалануу айыбы тагылган. Бирок ошол убакта, Борбуков участокторду таркатып берген адамдардын көбү жерлерди өздөрүнө каттап коюуга үлгүрүшкөн. Ошентип ал жерлер жаңы ээлеринде калтырылган — аларды арасында парламенттин тогуз депутаты жана Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин башчысы бар.

Милиция Борбуковго каршы башкы далил боло турчу жоголуп кеткен токтомду ошол бойдон таба алган эмес. 2010-жылдын августунда анын иши эскирүү мөөнөтүнөн өтүп кеткендигине байланыштуу жабылып калган.

Бирок, жер таратып берүүдө аткаминерлердин арасынан Борбуков эле «кең пейилдик» менен айырмаланган эмес. Бишкектин үч мэри Ататүрк паркындагы барктуу участокторду эң таасирлүү жана колунда бар болгон жарандарга бөлүп беришкен. Дагы бир мэр болсо парктын аймагында турак жай комплекс кургузу келген, бирок акыр аягында бул долбоорду ишке ашырган эмес. Октябрь райадминистрациясынын эки башчысы да бир нече участокторду бөлүп беришкен.


Ататүрк паркындагы жерлерди берүү тууралуу документтердин арасынан №412 токтом гана эмес, дагы башка ондогон документтер ачыкка чыгарылбай жашырылган. «Клооптун» журналисттери OCCRP менен өнөктөштүктө парктагы участоктордун жүздөгөн токтомдорун жана кадастр документтерин алып, анализдөө үчүн бир жыл коротушкан.

Алар парктын дээрлик үчтөн бири саясатчылар, аткаминерлер, бизнесмендер жана интеллигенцияга таркатылып берилгендигин аныкташкан. Алардын көбү акыр аягында жаңы эле алынган активдерди пайда көрүү максатында сатып жиберишкен.

Анткени менен жергиликтүү бийлик, ишке байланыштуу болгон расмий документтердин бир нечесин журналисттерге берүүдөн баш тартышкан: сот чечимдери, жерлерди берүү тууралуу токтомдор, шаардын башкы планы ж.б. Көптөгөн суроолор жоопсуз калды. Ошондой эле, бийлик участокторду кайсы критерийлер боюнча берген жана алар деги эле кандайдыр бир критерийлерге негизделишкенби деген суроолорго да жооп табылган эмес. Мындан тышкары, эмне үчүн аткаминерлердин кызматтык кылмыштарынын бети ачылгандан кийин деле участоктор ошол бойдон жеке менчикте калганы да белгисиз.

Төрт мэр он жылдын ичинде парктагы дээрлик 100 участокту таратып беришкен. Алардын үчөөсүнө коррупция жана колундагы бийликти кыянат менен пайдалануу боюнча айыптар тагылган. Бирок, айыптоолор Ататүрк паркындагы жерлерге бир гана учурда байланыштуу болгон.

Коррупция — Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй, ал эми Бишкектин мэри шаардагы жер участокторду бөлүштүрүү жана менчиктештирүү маселелери боюнча өзгөчө кең ыйгарым укуктарына ээ. Акыркы жети мэрдин алтоосуна коррупция жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча айыптоолор тагылган — негизинен айыптардын көбү жер махинацияларына байланыштуу иштер боюнча тагылган.
Биринчиси баарынан алыс барат

Медетбек Керимкулов 1999-жылы мэр болуп дайындалган. Ал кийинки жылы башкы прокурордун орун басары Галина Пугачёвага участок берип, жеке менчикке жер берген биринчи аткаминер болуп, ошону менен парктагы жерлердин шар таркатылып башташын орноткон.

2002-жылдын августунда парк тарыхый-маданий эстелик деп таанылган. Бул анын андан аркы жок кылынышына бут тосуу үчүн жасалган эле. Бирок, бир айга жетпеген убакыт аралыгында мэр Керимкулов мурдагы элчинин жубайы жана Бишкектин башка мэри Кубанычбек Кулматовдун апасы Сакен Кыдыралиевага жер тилке бөлүп берген. (Кулматов учурда коррупцияга айыпталууда, бирок бул иш парктын жерлерин таркатуу боюнча эмес).

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты

Сүрөт: Светлана Зеленская

Мэр Керимкулов жерлерди мындан ары министрлерге, прокурорлорго, милициянын аткаминерлерине, президенттин администрациясынын кызматкерлерине, элчилерге жана опера ырчысына берип келген. Ал калаа башчылык кызматында эмгектенген алты жыл ичинде 80ден ашуун участок тараткан. Жаңы ээлеринин көпчүлүгү — өлкөнүн саясий жана социалдык элита өкүлдөрү. Экс-мэрге жерлерди таратууга байланыштуу айыптоолор бир да жолу тагылган эмес. Учурда ал Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясын жетектейт.

Керимкулов журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Биринчи качкын

Арстанбек Ногоев Бишкектин мэрлик кызматына 2005-жылдын августунда келген. Бир нече ай өткөн соң ал Ататүрк атындагы парктын эки участогун жеке менчик ээлерине өткөрүп берген — алардын арасында чоң жеке ишкер Дамира Борбукова бар. Ногоев 2007-жылы мэрлик кызматтан кетип, Айыл чарба министрлигин жетектеп калган.

2014-жылы Ногоевге Чолпон-Атадагы ипподромду мыйзамсыз менчиктештирүү тууралуу иш боюнча айып тагылган. Экс-мэр сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган — ал Орусия качып кетип, жыйынтыгында аймактардын бириндеги өкмөттөн чоң кызмат ордун ээлеп калган.

Учурда Ногоев кайсы жерде жүргөнү белгисиз. Журналисттер аны менен байланышка чыга алышкан жок.

Экинчи качкын

Данияр Үсөнов вице-премьер-министрлик менен премьер-министрлик кызматтардын ортосундагы тыныгуулар аралыгында, 2007-2008-жылдары Бишкектин мэри болуп турган. Ал калаа башчысынын кызматында отурганда парк жерлеринин 11 гектарын көп батирлүү үйдүн курулушу үчүн мэриянын департемантине өткөрүп берген. Ал 2009-жылы премьер-министр болуп дайындалган, бирок 2010-жылкы төңкөрүш учурунда президент Курманбек Бакиев менен анын тарапташтары кулатылгандан кийин Үсөнов өлкөдөн качып кеткен.

Үсөнов парк жерлерин мыйзамсыз бергендиги үчүн 2015-жылы 15 жылга сыртынан кесилген. Башка иштин алкагында, экс-премьерге революция учурунда адам өлтүрүүгө кошо катышуу, адам өлтүрүүгө кол салуу жана колундагы бийликти кыянат пайдалануу айыптары боюнча өмүрү өткүчө эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Былтыр Үсөновдун Белорусияда ээн-эркин жашап жүргөнү тартылган сүрөттөрү Кыргызстанда кызуу талкууну жараткан. Кыязы, Кыргызстандын качкын премьер-министри Даниил Урицкий деген жалган ысым жамынып алып, Белорусиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясын башкарат.

Үсөнов комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болгон.
Бүлөкор

Ататүрк паркындагы участокторду таркаткан акыркы мэр — Нариман Түлеев болгон. Ал бул кызмат ордун 2008-жылдан тарта 2010-жылга чейин ээлеп турган. Түлеев мэрияны жетектеп баштаганда, президент Курманбек Бакиевдин администрациясы парктагы мыйзамсыз курулуштар боюнча кооптонгонун билдирип, мэрияга участоктордун таркатып берилишин карап чыгууну тапшырган.

Ошентсе да Түлеев убакытты текке кетирбестен, мурдагы мэрлер баштаган салтты уланткан. Башында, 2008-жылы ал учурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын айланасындагы участокторду саткан. Алгыч бул жерлерди чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине президенттин иш башкармасы бөлүп берген. Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген.

Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген. Экинчи участокту Талантбек Усупбеков алган. Ал 2017-жылдын аягында «Дос-Кредобанктын» акционери болгон. Ошол убакта директорлор кеңешинин төрагасы Түлеевдин уулу болгон — ал кийинчерээк банктын башкы акционери болгон.

2012-жылдын июнунда, ошол убакта парламенттин депутаты болуп турган Нариман Түлеев коррупция боюнча кармалып, ага карата өзүнчө иштин алкагында камакка алуу өкүмү чыгарылган. Ал 2016-жылы бошотулгандан кийин, бийлик ага жана анын туугандарына таандык болгон кыймылсыз мүлк менен кымбат баалу автоунааларды конфискациялаган. Түлеев атасына берген жер да алынган. Азыр ал участок мэрияга таандык жана бош бойдон калууда.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев сот залындагы отурум учурунда. Ага карата коррупция айыбы боюнча түрмөгө кармоо өкүмү чыгарылган.

Сүрөт: kloop.kg

Түлеев башында журналисттердин жолугушуу сунушуна макул болуп, бирок кийин каттарга жооп берүүсүн токтоткон. Журналисттер анын уулу Бакыт Нариман менен байланыша алышкан жок.

Метин Жумагулов, Даниил Ляпичев жана Ольга Гейндин катышуусунда даярдалды.
Made on
Tilda