Дарактардын ордуна курулган хан сарайлар. Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30% көбүн кантип жок кылган? Kloop.kg менен OCCRPнин иликтөөсү
Авторлору: Метин Жумагулов жана Александра Ли
ДАРАКТАРДЫН ОРДУНА КУРУЛГАН ХАН САРАЙЛАР.
БИШКЕК БИЙЛИГИ АТАТҮРК ПАРКЫНЫН
30% КӨБҮН КАНТИП ЖОК КЫЛГАН?

Сүрөт: Светлана Зеленская
Бүтүндөй бишкектиктер жакшы көргөн Ататүрк атындагы парк өз жеринин үчтөн биринин көбүнөн айрылган. Бийлик ондогон жылдар бою сейил бактын жерлерин тилкелерге бөлүп тараткан. Кайсы бир убакта коомдук деп эсептелинген парк атактуу фамилияны алып жүргөндөрдүн же капчыгы калыңдардын жеке районуна айланып кеткен.
Учурда Ататүрктүн атын алып жүргөн сейил бак көп жылдар бою шаар тургундарынын сүйүктүү эс алуучу жайы болгон. Жайкысын жапайы кызгалдак, көгүш кызгылт коңгуроо формасында эгилген гүлдөр менен жыш өсүмдүктөрдүн арасында ойногон жаш балдарды көрүүгө болот эле. Кечке жуук болсо шаардыктар ит менен сейилдеш үчүн же оор жумуш күнүнөн кийин таза аба менен дем алууга келишчү. Мурдагы парк адамдардын элесинде гана калды.

Жашы элүүдөн өтүп калган Марина Плогова бала чагында паркта ойноп жүргөн кездерин кубаныч менен эстеди. Ал коңшу көчөдө жашачу. Жайдын ысык аптабынан көчмө соода күркөлөрүнөн балмуздак же пахта кантын сатып алып барып дарактардын бутактарына жашынып эс алчу.

Ал бүгүнкү күнгө чейин итин ээрчитип алып паркка сейилдегени келип турат. «Ал жакта эмне азыр? Бардыгы куурап калган: кайың, карагай, кызыл карагай — бардыгы куурап калган. Ал жак көз көрсүн деп эле сугарылат: кире бериши кооз көрүнүшү үчүн, гүлдөр көзгө урунушу үчүн. Андан ары өтсөң — ал жак каралбай калган: же үйлөр же болбосо куурап калган бактар», — дейт ал.

Бишкектин тургундары 2000-жылдардын башында кызыктай көрүнүштөрдү байкай башташкан: бак-дарактардын арасында дубалдар пайда болуп, курулуш иштеринен дүрүлдөгөн үндөр келип, калың чаң көтөрүлүп турган. Парктын борборундагы бак-дарактар менен бадалдар жок кылынган, бирок эмне болуп жатканын эч ким түшүндүрө алган эмес.


Көрүнүшү Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркаларына ачылган жеке участок. Ататүрк паркындагы ондогон участоктор бүгүнкү күнгө чейин бош турат.

Сүрөт: Светлана Зеленская
Бул көрүнүш он жыл бою уланган. Аталган убакыт аралыгында гүл жана бак-дарак отургузулган жерлердин ордуна хан сарайлар, бассейндер жана гараждар пайда болгон. Кабатырланган жарандар ар кайсы инстанцияларга арызданып кайрылышканы менен бул дээрлик эч кандай натыйжа берген эмес.

Сейил бак акырындык менен жоголуп баратканы айдан ачык болгон, бирок жерлер кимге жана кандай берилип кеткенин аягына чейин түшүнүү мүмкүн болгон эмес. Бул сыр бүгүн гана ачыкка чыгып отурат.

OCCRP менен Kloopтун журналисттери бир жыл бою парктагы бөлүнүп берилген ар бир жер тилке боюнча маалымат чогултуп, аларды изилдешкен. Жүздөгөн документтер менен таанышкандан кийин журналисттер Бишкектин төрт мэри менен райадминистрация жетекчилигинен дагы үч аткаминер 20 жыл ичинде парктын дээрлик үчтөн биринин көбүн таратып салышканын аныкташкан. Ал жерлерди негизинен жеке менчикке беришкен.

Көрсө, бийлик 2000-2008-жылдар аралыгында парктан 181 участокту түз эле 173 жеке адамдын колуна өткөрүп бериптир. Жерлердин жаңы ээлери болуп чыга калгандар олуттуу байланыштарга ээ, колунда бар адамдар болгон — министрлер, парламенттин депутаттары, судьялар, прокурорлор, милиция аткаминерлери, профессорлор жана жеке ишкерлер.

Парктан жер алгандардын арасында Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков да бар. Бекер жер тилке ага 2003-жылы, ал парламентте иштеп турганда бөлүнүп берилген. Жети жыл өткөн соң ал жерин сатып салган.

Кыргызстандын Жер кодекси өлкө жарандарына мамлекеттен өмүрүндө бир жолу жер тилке алууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, мыйзам бардык коомдук жерлерди, анын ичинен парктын участокторун жеке менчикке берүүгө тыюу салат.

Журналисттер сейил бактагы жерлер кантип аткаминерлер менен интеллигенцияга өтүп кеткенин билүү үчүн жүздөгөн токтомдорду, соттук чечимдерди жана башка документтерди талдашты.

Сүрөт: Метин Жумагулов

Жер кодекси 90-жылдардын аягында кабыл алынган эле, бирок анда жерлерди бөлүп берүү боюнча эрежелер так жазылган эмес болчу. Бийлик муну 2005-жылы оңдогон — ошондо жер бөлүп берүүнү бир катар критерийлер менен чектешкен. Анын ичинен эң негизгиси — жер алууда башка кыймылсыз мүлктүн жок болуусу шарт кылынган. Бул муктаж болгондорго жер тилке алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн жасалган эле.

Бирок иш жүзүндө Ататүрк паркынан участок алгандардын көбү жерге муктаждыгы жок таасирлүү жана бай адамдар болушкан — беш адамдын төртөөсү өз жер тилкелерин сатып салган. Анын үстүнө, кээ бирөөлөрү алган жерлерин бир нече ай өткөндөн кийин эле сатыкка койгон. Алар жер тилкелерин кандай баада сатышканы белгисиз. Бүгүнкү күндө парктагы жерлердин бир чарчы метринин баасы — 100 АКШ долларына чукул деп бааланат.
Мисалы, учурдагы депутат Азизбек Турсунбаевдин жер тилкесин 70 миң АКШ долларына (бул Кыргызстандагы 20 орточо жылдык маянага барабар) сатыкка коюлган.

Булагы: Diesel.elcat.kg

«Элдик парк»
Ататүрк атындагы парк 60-жылдардын башында, тагыраагы Кыргызстан СССРдин курамына кирип турган учурда пайда болгон. Жергиликтүү бийлик калаа тургундары шаар борборунда жаңы жашыл аймакка ээ болууга татыктуу деп чечкен.

Ошентип СССРдин жакшы салты менен сейил бак пайда болушу үчүн шаардыктардын өздөрүнө эмгектенүүгө туура келген. Мектеп окуучулары менен жумушчулардын бригадаларын түзүшүп, таштарды алып, топо ташып, дарактарды тигишкен.

Шаардыктар ботаникалык бактын болжолдуу беш гектарын башталгыч аймак катары колдонуп, бак-дарак тигүү аянтын башка эки чакан парк — «Достук» жана Жеңиш паркы менен кошулгуча кеңейтишкен. Жаңы жашыл аймак «СССРдин 50 жылдыгы атындагы парк» болуп атала баштаган.

Совет мезгилинде Ататүрк атындагы парк чоң жашыл аймак болгон

Булагы: Бишкектин архивдик сүрөттөрүн жарыялаган Bishkek_kg инстаграм профили.


Кичинекей кезинен бери парктын жанында жашаган Бишкектин тургуну Чынара Сейдакматова орто класстарда окуп жүргөн убагында, тагыраагы дем алыш күндөрү сейил бакты көрктөндүрүү үчүн жардам берип жүргөнү эсинде.

«Мектеп окуучулар, студенттер, жумушчулар — баардыгын ишенбиликке чакырышчу, алар бул жерде көчөт отургузуп иштешчү. Көчөттөр канчалык кичинекей болгону эсимде, — деп эстейт ал. — Парктын гүлдөп-өрчүгөнү 80-жылдардын аягына туура келген. Ал эң жыш отургузулган, абдан гүлдөгөн болчу, такыр кургатышчу эмес. Баары катуу болгон. Анан, 90-жылдардын аягында, 2000-жылдарга жакын курулуш жүргөн аймактардын баары кургап баштаган», — деп эскерет ал.

Кийинки он жылдыкта, көчөттөр бийик дарактарга айлангандан кийин Бишкек бийлиги сейил бактын аянтын кеңейтип, жасалма көлмө жасашкан. Андан кийин аларда спорт аянтчалары жана ар кандай эс алуу жайлары бар 500 гектар жерди түзгөн ири жашыл аймак куруу боюнча дымактуу пландары пайда болгон.

Бирок, 1991-жылы Советтик Союз ыдырап, эгемендүү Кыргызстандын жаңы бийлиги бул идеядан баш тартып, паркты 107 гектар аймак менен чектеп койгон. Алар 90-жылдардын орто чендеринде парктын атын азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн атынын урматына өзгөртүшүп, анчейин белгилүү эмес «Эл аралык Ататүрк фонду» уюмуна 49 жылга ижарага беришкен. Уставга ылайык, фонд Ататүрктүн саясий мурасын изилдеп, үгүттөөгө багытталган.
Ататүрк атындагы парктын башкы кире бериши

Сүрөт: Даниил Ляпичев

Келишим боюнча, фонд паркты оңдоп-түзөп, көрктөндүрүп чыгышы керек эле, бирок анын кылган ишинен дайын жок. Бишкек шаардык кеңеши 2004-жылы фонд менен түзгөн келишимин жокко чыгарган.

Ага утурлай эле, 90-жылдардын аяктарында парктын ири тилкелерин ар кандай долбоорлор үчүн бере башташкан. Алгачкы жер тилкелеринин бирин университеттин жаңы корпусун куруу үчүн бөлүп беришкен (финансылык кыйынчылыктардан улам имарат ошол бойдон курулбай калган). Дагы бир ири жер тилкени «SOS Балдар кыштагы» кайрымдуулук фондуна беришкен. Алар жетимдер үчүн үйлөрдү курушкан.

Алгачкы үч участок жеке менчик турак жай курууга 2000-жылы берилген. Дагы бирөө кийинки жылы бөлүнүп берилген.
Видео: Эдин Пашович
Парктын жерин курулуш иши үчүн берүү Жер кодексин бузуу деп эсептелинген эле. Кырдаалды кантип болсо да оңдоп кетүү жана коомдук аймакты куткаруу үчүн 2002-жылы өкмөт парктын бардык аймагын тарыхый-маданий эстелик деп жарыялап, ал өзгөчө корголуучу объектке кирген.

Бирок чындыгында ошондон кийин сейил бактын ичинде жерлерди таратуу күчөгөн.

Мындан башка бөлөк нерселерден тышкары, паркта public-facing projects пайда болгон (алар үчүн парктын 11 пайызы кеткен). Эми болсо бул жерде прокуратуранын имараты жайгашкан, буга кошумча «Сүйүү паркы» деген ат менен белгилүү эс алуу жайы пайда болгон. Бул парктын ичинде жүрөктү чагылдырган символ орнотулган, анын жанында сүйүшкөн жаштар менен жаңы баш кошкон жуптар сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт.
«Сүйүү паркы» деген ат менен таанымал болгон Ататүрк паркынын түштүк-батыш бөлүгү эмдигиче түгөйлөрдүн сүйүктүү жери.

Сүрөт: Светлана Зеленская

Бирок, парктын жеринин көпчүлүк бөлүгү — 20 гектар же анын бардык аймагынын дээрлик 20 пайызы — жеке менчикке берилип кеткен эле. Жеке менчикке өткөн жерлердин көбү дубалдар менен курчалган, алардын артында таасирлүү адамдардын хан сарайлары турат.

Анын үстүнө, көпчүлүк учурларда участоктор кишилердин ээлеген кызматы боюнча берилген: бир тармактагы кесиптештер же адамдар көп учурда бири-бирине жакын жайгашкан участокторду алышкан.

Коңшулаш элиталар
Парк үчүн күрөш
Мурда Ататүрктүн түштүк бөлүгүндө дарактардын курчоосунда жылкылар үчүн чакан короо бар болчу. Ал жакка кичинекей балдар ат караганды үйрөнүп, ат миниш үчүн барышчу. Ал эми аутизм же балдар церебралдык параличи менен жабыркаган балдар иппотерапиядан өтүшчү — бул жылкылардын жардамы менен даарылоо реабилитациясы.

Аткана Манасбек Султановго таандык болчу. Султановдун ат мингенди үйрөткөн «Райдер» мектеби бар эле. Ал аткананы 1990-жылдардын аягында «Жашыл чарбадан», мекеменин 1,5 АКШ доллар карызын жабуунун эсебинен алганын айтат.

«Биз ат минүү боюнча бекер курстарды өткөрчүбүз, ал тургай түшкү тамак да берчүбүз. Баары жакшы болчу. Бизге сколиоздун оор формасы менен ооруган бир кыз келчү эле. Анын айынан көрүүсү да начарлай баштаган. Үч жылдан [биздин сабактарга катышкандан] кийин ал толугу менен айыгып кеткен», — дейт Султанов.

Бирок бул көпкө созулган эмес. 2011-жылы мэрия күтүүсүздөн аткананы бузуп салган, ушуну менен Султановдун балдарга жардам көрсөтүүсү токтогон.

Султанов башка активисттер менен бирге парктын жерлерин коомго кайтарууга аракет жасап, бийликке каршы күрөшө баштаганы үчүн мэрия атканасын бузуп салган деп ишенет.

Ошондо бийлик Султанов жерди ээлеп алып, анда мыйзамсыз аткана куруп алган деп билдирген. Документтер боюча, ал учурда деле жана бүгүнкү күндө деле ал жер Султановго таандык. Шаар бийлиги журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, алардын иш-аракеттери Султановдун активисттик ишмердигине эч кандай тиешеси жок деп билдирди.

Биринчи жолу ал сейил бак аймагында курулуш чаң-тополоңун 2000-жылдардын башында байкап калган. Жерлерди үй куруу үчүн тазалай башташкандан кийин парктын айрым жерлери коомдук болуусун токтотуп жатканы айдан ачык болуп калган.

Жерлерди курулуш иштери үчүн тазалоо максатында дарактар куурап калгычакты сугарышкан эмес, андан кийин аларды кыйып салышкан же өрттөшкөн.

Сүрөт: Светлана Зеленская

Султанов менен дагы башка кайдыгер карабаган жарандар жакшы көргөн эс алуу жайы жок кылынып жатканда жөн отурбастан, парк үчүн күрөшө башташкан. Алар курулуш иштерин токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке, мэрге, ал тургай президент менен депутаттарга кат жазышкан. Бирок баарынан тең жооп ала алышкан эмес. Бул иш-аракеттерди утурлай эле сотко да кайрылышкан.

«Ал кезде [Медетбек] Керимкулов мэр болчу, алар жер тарата башташкан эле. Ошондо биз — демилгелүү топ, жер тилкелерди мыйзамсыз берип жатат деп сотко бере баштаганбыз», — деп айтып берди ал.

Эки сот процессинин алкагында 2008-2010-жылдары парктын көптөгөн жерлери камакка алынган. Мындан кийин сейил бакта курулуш жүргүзүүнү улантуу жана жерлерди алып сатуу мыйзамсыз болуп калган. Кээ бир ондогон жер тилкелери таптакыр эле камакка алынбай калган. Бирок камакка алынгандары деле кыска убакытка гана санкцияга кабылышкан.

Журналисттер аныкташкандай, 48 участоктун ээси парктагы кыймылсыз мүлктөрү камактан чыгарылгандан кийин жерлерин бир жыл ичинде сатып жиберүүгө жетишкен — бул алар жерди көпкө пайдаланууну пландашпаганын айгинелейт.
Парктын бул бөлүгү бүгүнкү күндө шаардын эң элиталык турак жай райондорунун бири деп саналат

Сүрөт: Светлана Зеленская

Шаардыктардын нааразычылыктарынан улам президент Курманбек Бакиев 2008-жылы өз администрациясына парктагы жерлерди бөлүп берүү кырдаалын изилдеп чыгууну тапшырган. Натыйжада, президенттик администрациянын коллегиясы жерлердин берилишине тиешеси бар болгон кээ бир чоң мансаптуу аткаминерлерге сөгүш жарыялоону, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштаган.

Ушул убакыттан бир аз мурдараак шаардын мэрлик кызматына дайындалган калаа башчысы Нариман Түлеев участокторду бөлүп берүү тууралуу көпчүлүк токтомдорду жокко чыгарган. Бирок ал буга чейин парктагы жерлерди берүү тууралуу бир нече токтомдорго өзү кол койгон эле. Бирок, иш жүзүндө мындан эч майнап чыккан эмес, анткени сот чечиминин негизинде гана жерди ээсинен тартып алса болот.

Бул маселени иликтеген парламенттик комиссия да 2013-жылы Ататүрк атындагы парктагы 200гө чукул жер тилке мыйзамсыз берилген деген тыянакка келген. Комиссиянын жүйөөлөрү прокуратурага өткөрүлгөн.

2009 жана 2013-жылдардын ортосунда парктагы жер тилкелери жеке адамдарга мыйзамсыз берилип кеткендигине байланыштуу үч кылмыш иши козголгон — бирөөсүн милиция токтотуп, дагы башка экөөсү мөөнөтү эскирип кеткендиктен жабылган.

Жыйынтыгында, парктын жерлери жеке менчикке берилип кеткени үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ал эми жерлерге ээлик кылгандарга участокторду өздөрүнө калтырууга уруксат беришкен.

Кийинчерээк, Ататүрк паркынын жанындагы район жайгашкан жери боюнча, мол өсүмдүктөрү жана тоого карай көрүнүшү үчүн Бишкектеги эң популярдуу аймакка айланган.

Участоктордун көбү (ал эми алардын саны жалпысынан 181 болгон) ээлерин жок эле дегенде бир жолу алмаштырышкан, кээ бирөөлөрү алтынчы ээсин алмаштырууда. Башка жерлер белекке берилип же мураска калтырылган, бирок көпчүлүгү кайра сатылып кеткен.

Бул жерлерди мамлекетке кайтаруу процессин кыйла татаалдаштырат — эми бийлик жерлер мыйзамсыз бөлүнүп берилгенин далилдеп гана тим болбостон, алардын жаңы ээлерине компенсация да төлөп бериши керек болот.
Инфографика: Эдин Пашович
Сейил бактын түштүк бөлүгүндөгү бош жердин бир чарчы метри 100-150 АКШ долларына бааланат. Бул 800 чарчы метр жердин ээсине 80 миң $ (бул болжол менен Кыргызстандагы 330 айлык маяна) алып келиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Парктагы хан сарайлардын көпчүлүгү учурда сатыкка коюлган же ижарага берилет. Көбүнесе алар темир дарбаза жана бийик дубалдар менен курчалган. Ошондуктан журналисттер ал жактарга кирүү үчүн өздөрүн сатып алуучулар деп тааныштырышкан.

«Бул жерде жалаң эле кыйындар, экс-министрлер», — дейт журналисттерге риэлторлордун бири.

Анын айтымында, парктагы район — шаардагы эң эле эксклюзивдүү аймактардын бири. Журналисттер кирип чыгышкан эки кабаттуу хан сарайдын биринде бассейн, мончо, спортзал жана бильярд бар. Үйдүн жанында тегизделген көк шибер жана сирень бакчасы орун алган. Мунун баарын айына 4 миң АКШ долларын төлөп ижарага алса болот.

Сейил бактын башка жеринде 260 миң АКШ долларына бассейни бар, бирок курулушу бүтө элек хан сарай сатылат. Бул үй жайгашкан участокту Бишкек мэриясы мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун апасына бөлүп берген. Ал эми мэрдин апасы болсо алган жерин жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты Таалайбек Сагыновго сатып жиберген. Сагынов журналисттерге Кулматовдун атасына дагы деле таандык коңшу жер тилкени да сатып алууга жардам бере алаарын кошумчалады.

Анын жанында сатыкка коюлган дагы бир хан сарай жайгашкан. Анын ээсин сиз Бишкектин көчөлөрүндө жолуктурушуңуз мүмкүн. Ал орто жаштагы кадимки эркек киши. Бирок анын хан сарайы — кошуналарыныкына караганда жупуну көрүнгөнү менен ал парктагы эң кымбат турак жайлардын бири болуп саналат — 1000 чарчы метр участокко курулган 335 чарчы метр үйдүн баасы 350 миң АКШ доллары турат.

Экс-элчи Рысбек Качкеев жерди бекер алган. Ал участогуна эки кабаттуу хан сарай куруп, азыр аны 350 миң АКШ долларына сатууда.

Сүрөт: Mustang.kg

Үйдүн ичинде дубалдарга Минск жана Риганын сүрөттөрү илинген. Аларды үй ээси бул өлкөлөрдөгү кызматын эстеликке калтыруу үчүн алып келген. Үйдүн ээси — Рысбек Качкеев. Өз учурунда ал Кыргызстандын Беларус, Литва жана Латвиядагы элчиси болчу.

«Ал убакта мен төрт кызматта иштеп тургам. Маянам жаман эмес болчу. Мен [өкмөткө] беш жыл иштеп, ушул үйдү куруу үчүн жетиштүү акча чогулткам», — деп айтып берген Качкеев.

Парктын келечеги
Ататүрк атындагы парктын чоң бөлүгү коом үчүн түбөлүккө жоготулгандай сезилет, бирок, активисттер жеңишке карай үмүтүн үзүшпөйт.

Манасбек Султанов эгер жерлердин мыйзамсыз берилип кеткендигин далилдөө мүмкүн болсо, паркты коомго кайтарып берсе болот деп ишенет.

«[Жергиликтүү бийлик] өзүнө таандык болбогон жерлерди таркатып бергени боюнча факт болушу гана жетиштүү, — деди ал. — Жерлерди берүү тууралуу бардык токтомдор мыйзамсыз болгон [...]. Мэрия ордун толтуруп же дагы бир нерсе кылсын, бирок жер коомдук болушу керек».

Жергиликтүү бийлик парктын жерлеринин таратылып кетишине байланыштуу нааразы болуп аткан коомдук кыжырданууга акыр-аягы көңүл бура баштагандай. Кандай болгон күндө деле алар ушундай сезим калтырууга аракет кылышууда.

Августтун аягында Бишкектин мэри Азиз Суракматов аянты 10 гектарды түзгөн жаңы парктын ачылышы тууралуу жарыялаган. Аны «Ынтымак» деп аташкан, ал орусчага «Дружба» деп которулат — ушундай эле аталыш менен Ататүрк паркынын бир бөлүгү болуп калган жашыл массивдердин бири аталган. Жаңы парктын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков да келип катышкан. Ал кайсы бир убакта парктагы жер тилкеге ээлик кылган.

«Тилекке каршы, акыркы жылдары биз жашыл шаар наамын жоготуп алдык. Кыш мезгилинде от жагуудан улам шаарыбыздын үстүн түтүн каптап жатат. Мунун баары шаардын жашыл саясатынын, борбор калаанын пландык өнүгүүсүнүн жоктугу, туш келди курулуштарды жүргүзүүнүн натыйжасы болуп калды», — деп айткан Жээнбеков парктын ачылышында.
Мэр Азиз Суракматов (солдо) менен президент Сооронбай Жээнбеков (оңдо) «жаңы парктын» ачылышында көчөт отургузууда. Бул парк чындыгында Ататүрк паркынын бир бөлүгү.

Сүрөт: president.kg

Ошондо эле Суракматов жаңы парк кайсы бир убакта мыйзамсыз сатылып, бирок кийинчерээк шаардын карамагына кайтарылган жерде ачылганын билдирген.

Бирок документтерге ылайык, бул участок эч качан жеке адамдарга таандык болгон эмес жана дайыма коомдук жер деп саналып келген. Ал эми жаңы «Ынтымак» паркы чындыгында Ататүрк паркынын бир бөлүгү.

Бишкек шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу журналисттерге курган маегинде билдиргендей, мэрия 10 гектарга дагы башка парк ачып, аны менен бишкектиктер «Сүйүү паркы» деп аташкан эс алуу аймагына жаңы өмүр берүүнү пландап жатат.

«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиева өз кызматына бир нече ай мурун гана дайындалган. Ал буга чейин жарандык активист катары белгилүү болчу, ал шаардагы жер участоктордун мыйзамсыз берилишине каршы күрөшчү.

Умуралиева журналисттерге маалымдагандай, «Ынтымак» аталышын «ыңгайлуу болушу үчүн» алган. Ал журналисттердин «жаңы» паркты «Ататүрктүн» аймагынан бөлүү пландалып жатабы деген суроосуна так жооп бере алган жок.

«Айырмасы жок. Эгер бөлүп туруп эки парк кылышса деле — бул жөн гана аталыштар. Чындыгында бул парк аймагы болот», — деп айткан ал.

Курулуш иштеринен чыккан ызы-чуу менен чаң-тополоңдорго карабастан, шаардык кымкууттан эс алуу үчүн адамдар дагы деле парктын сакталып калган бөлүгүнө келип турушат

Сүрөт: Светлана Зеленская


Умуралиева кошумчалагандай, президент Жээнбеков менен мэр Суракматов парк жерлерин жеке менчикке берилип кетишине байланыштуу жагдайды дагы бир жолу карап чыгууну тапшырган. Анын айтымында, курулуш жүргүзүлө элек кээ бир участокторду коомчулукка кайтарып берүү боюнча мэриянын пландары бар.

«Азыр бул жерлерди бошотуу үчүн аларга доолор даярдалууда [...] Биз Бишкек шаарынын бүткүл калкына таандык болгон коомдук мейкиндикти кайтарып беришибиз керек», — деп айтты Умуралиева.

Ал журналисттерге бийликтин ниеттерин ырастай турчу бир да документ берген жок — алар кийинчерээк жеткиликтүү болот деп кошумчалады.

Журналисттердин паркта курулуп калган хан сарайларды эмне кылыш керек деген суроосуна Умуралиева мындай деп жооп берди. Анын жеке ою боюнча, алардын ээлери жер менен участоктор үчүн көбүрөөк салык төлөшү керек.


Парктагы кээ бир вип райондор күзөт өткөрмө пункттары бар бийик дубалдардын артында бөтөн көздөн жашырылган.

Сүрөт: Светлана Зеленская

Умуралиева парктан участок алгандар жерге муктаж эмес болгонун белгилеп өттү.

«Ататүрк атындагы парктан жер алгандардын баарында тең турак үйлөрү бар болчу. Ал жакта үй-жайсыз адамдар жок болгон [...] Жогорку соттун төрагасы, башкы прокурор же башкы прокурордун орун басары жер участогун алып жаткан учурда үй-жайсыз болчу деп айтыш кыйын. Алар жарды болуп, ижарага алынган батирде жашашчу [деш кыйын] [...] Ошондуктан алар бул жер тилкелерин сатып алып, казынаны толтурушу керек», — деп эсептейт Умуралиева.

Даниил Ляпичев, Ольга Гейн жана Анна Капушенконун катышуусунда даярдалды.
Made on
Tilda