Коомдук парк бай бизнесмендердин шаарчасына кантип айланып калды?
Кыргызстандын бийлиги Ататүрк паркында чет элдик делегациялар үчүн мейманкана комплексин курууну пландаган. Бирок мунун ордуна, коомдук жер кайрадан эле жеке ишкерлердин колуна өтүп кеткен.

Александра Ли


Чет элдик делегацияларга арналган өзүнчө комплекстин ордуна шаар тургундары бийик дубалдардын артында бөтөн көздөрдөн жашырылган турак жай комплексин алышты.

Сүрөт: Светлана Зеленская
2001-жылы Кыргызстандын президентинин иш башкармасынын башчысы чет элдик делегациялар үчүн өзүнчө комплекстин курулушуна жер бөлүп берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык кеңешине кайрылган.

Иш башкармасынан түшүндүрүп беришкендей, Кыргызстан «эл аралык байланыштарды кеңейткен» жана «эл аралык протоколдун талаптарына жооп берген» орун жайга муктаж болгон.

Мэрия өтүнүчтү аткарып, Ататүрк паркынан дээрлик алты гектар жер бөлүп берген.
Иллюстрация: Эдин Пашович
«Клооптун» журналисттери OCCRP менен биргеликте участокто өзүнчө комплекстин ордуна бизнесмендер үчүн вип-шаарча курулганын, ал эми парктагы башка көптөгөн участоктор жеке адамдарга берилгенин аныкташкан.

Кыргызстандын Жер кодекси паркта мындай курулуштарды тургузууга тыюу салганына карабастан, бул участок мамлекеттик муктаждыктар үчүн бөлүнүп берилген. Бирок мыйзам эч кимди тынчсыздаткан эмес окшойт.

Тескерисинче, колоннадан турган фасады бар неоклассикалык стилдеги кооз имаратты элден жашыруун кура башташкан. Отелдин курулуш иштерин 2003-жылдын июнь айына аяктоону пландашкан эле.

Булардын бардыгынан тышкары, өкмөт өзүнүн юридикалык бөлүмүнүн кеңештерине карабастан, мэрияга курулуш иштерин шаардык бюджеттен төлөөнү тапшырган. Журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, юристтер мэрияны өз капчыгынын эсебинен төлөтүү мыйзамга каршы келээрин эскертишкен.
Башкы прокуратуранын кеңсеси — парктын ушул районундагы жалгыз коомдук имарат. Чет элдик делегация үчүн өзүнчө комплекстин курулушуна бөлүнүп берилген аймактын калган бөлүгү жеке адамдарга сатылып кеткен.

Сүрөт: Александр Александров
Президенттин аппаратынын жетекчиси чектеш аймакты тартипке келтирүү жана тосмолор үчүн төлөп берүү өтүнүчү менен мэрге өзүнчө кайрылган.

«Урматтуу мэр, республиканын бюджетиндеги орун алган финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу, тигилген дарактарды калыбына келтирүү менен аймактын тосмолорунун курууну [...] жана белгиленген аймакта объекттин курулушу боюнча даярдоо иштерин өткөрүүнү суранабыз», — деп жазылган кайрылуу катта.

Мэрия макул болуп, тосмонун жана болочок мейманкананын каркасынын курулушу үчүн 107 млн сомдон (2,7 млн АКШ долларынан ашуун акча) ашык акча сарптаган. Акыр аягында шаардын акчасы түгөнүп, мэрия 2006-жылдын декабрында курулуш иштерин токтотууну чечкен.

Бирок, ал жерди паркка кайтаруунун ордуна жергиликтүү гезиттердеги жарыялар аркылуу сатыкка коюшкан. Участокту 7,6 млн АКШ долларына сатууну көздөшкөн.

Сатылып жатканы тууралуу жарыяны эки жолу беришкен, бирок сатып алууга эч ким кызыкдар болгон эмес. Үч ай өткөндөн кийин мэрия отелдин курулуп бүтө элек имаратынын айланасындагы жерди 20 майда участокко бөлүүнү чечкен.
Парламенттин депутатынын карындашы Чынара Исаева бул участокту алгачкы ээлеринен 2013-жылы сатып алган. Кийинчерээк ал аны бир компанияга сатып жиберген. Азыр ал компания участокто көп кабаттуу үй куруп жатат.

Сүрөт: Светлана Зеленская
Бул жолу участокторду негизинен бай бизнесмендер сатып алышкан. Алардын катарында кыргыз банктарынын бирөөсүнүн экс-башчысы менен ири тоо-кен компаниянын негиздөөчүсү бар болгон. Көп өтпөй, участоктордо бийик дубалдар менен курчалган хан сарайлар пайда боло баштап, мурдагы парк аймагы вип-шаарчага айланып кеткен.

Мэрия участокторду сатуудан жалпысынан 102 млн сом (дээрлик 2,9 АКШ доллар) акча алган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, акчалар шаардык бюджетке которулган, бирок алар так эмнеге коротулганы белгисиз.
~
Президенттин резиденциясы

Парктын жери өкмөттүк муктаждыктар үчүн берилип, бирок ал жеке вип-шаарчага айланып кеткен биринчи учур эмес.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон көп өтпөй эле, 1993-жылы, президенттин иш башкармасы президенттин расмий резиденциясынын курулушу үчүн парктагы бир гектардан бир аз көбүрөөк жер алган.

Бул кыш менен темирбетондон тургузулган эки кабаттуу имарат болот деп жана ал парктагы дарактардын арасында курулат деп пландалган эле. Бирок, түшүнүксүз себептер боюнча, резиденциянын курулушу ошол бойдон башталбай калган.

14 жыл өткөндөн кийин президенттин иш башкармасы бул участокто мейманкана менен бизнес-борбор курууну чечкен. Мейманкана куруу үчүн негиз мурдагыдай эле болгон — чет элдик делегацияларды кабыл алып, жайгаштыруу үчүн имарат муктаждыгы.

Иш башкарма бизнес-борбордун курулушу үчүн инвестициялык конкурс жарыялаган. Аны дүң соода-сатыкка багытталган күмөндүү «Элегант-Сервис» компаниясы утуп кеткен.

Компаниянын ээси — парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковдун уулу (атасы да, уулу да кийинчерээк башка жер участогу боюнча бүтүм кылуудагы коррупция үчүн соттолгон).

Прокуратуранын маалыматы боюнча, «Элегант-Сервис» бизнес-борбор менен отелдин ордуна участокко жети кабаттуу турак үй курууну сунуштаган. Президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаев макул болуп, компания каалаганын куруп алышы үчүн долбоорду өзгөрткөн.

Документтерге ылайык, иш башкарма мунун ордуна жаңы үйдөн төрт батир алган. Калган батирлер 2011-жылдын октябрында, үйдүн курулуш иштери бүтөөрү менен жеке адамдарга шар сатылып кеткен.
Бишкектиктердин сүйүктүү жери болгон Ататүрк паркынын үчтөн биринин көбү жок кылынган. Анын аймагындагы курулуш иштери дагы деле уланып, барган сайын паркты элиталык районго айландырууда.

Сүрөт: Светлана Зеленская
2012-жылы Башкы прокуратура Темирбаев менен анын орун басары Балбак Түлөбаевге каршы кылмыш иш козгогон.

Түлөбаев сотто жаңы турак үйдөгү батирлер үйгө муктаж болгон иш башкарманын кызматкерлерине, спортчуларга жана коомдук ишмерлерге тийиши керек болчу деп билдирген. Бирок иш башкарма батирлерди кантип бөлүштүргөнү белгисиз.

Бүтүм президенттин тийиштүү чечими жок түзүлгөндүктөн, сот Темирбаев менен Түлөбаевди кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Алардын ар бирине жүз миң сом (дээрлик эки миң АКШ доллары) штраф салынып, бир жыл бою маморгандардагы жетекчилик кызматтарда иштөөгө тыюу салынган. Бирок, сот аларга карата мунапыс пайдаланган жана алар жазадан бошотулушкан.

Азыр Түлөбаев Бишкек мэриясынын аппаратын жетектейт. Журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Темирбаев журналисттердин суроолоруна кат түрүндө жооп берип жатып, эмне үчүн жер башында иш башкармага берилгени эсинде жок экенин билдирди.

«Бул участок иш башкармасына кандай максатта жана эмне үчүн бөлүнүп берилгенин азыр эстей албайм», — деп жазган ал.

Бирок ал кийин кошумчалагандай, кандай болгондо да участок президенттик резиденциянын курулушу үчүн ылайык эмес болгон, анткени «өлчөм боюнча да, коопсуздук талаптары боюнча да туура келген эмес».

Ал эми мейманкана боюнча, Темирбаевдин айтымында, чет өлкөлүк делегацияларды жайгаштыруу үчүн Бишкекте ылайыктуу орундар болгон. Анда эмне үчүн администрация Ататүрк паркында мейманкананын курулушуна тендер жарыялаганын түшүндүрүп берген жок.

Президенттин учурдагы администрациясы ал бүтүмдүн шарттары боюнча алган төрт батирдин статусу тууралуу маалымат берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.
Made on
Tilda