Студенттердин талкаланган кыялдары: Жаңы кампустун ордуна курулган хан сарайлар
Дээрлик отуз жыл мурун архитектура университетинин студенттерине Ататүрк паркынын аймагынан жаңы окутуу корпусун убадалашкан. Бирок жыйынтыгында бул жерди таасирлүү адамдарга жеке менчикке таркатып салышкан. Участоктордун бирөөсү ушул окуу жайдын ректоруна да берилген.


Метин Жумагулов


Архитектура университетинин башкы имаратынан Ататүрк паркына ачылган көрүнүш. Окуу жай жыйырма жылдан ашык убакыт мурун жаңы корпустун курулушу үчүн жер алган, бирок ал жерде бүгүнкү күндө виллалар турат.

Сүрөт: Светлана Зеленская
Жумабек Тентиев — архитектура жана курулуш тармагында Кыргызстандагы эң белгилүү профессорлордун бири. Анын бул тема боюнча жазылган жүздөн ашуун иштери бар.

Тентиевдин наамдары жана сыйбелгилери көп, арасында «Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери» наамы да бар.

Ал ошол убакта Кыргыз архитектура-курулуш институтунун (КАКИ) ректору болуп турган жана ал окуу жайдын жаңы корпусунун курулуш ишин жетектөөгө абдан ылайык болгондур.

Тентиев стадион, амфитеатр, устакана жана дене тарбия-спорттук блогу бар жаңы корпустун курулушунун планын даярдап бергенде, университетке парктан бир нече гектар жер бөлүп беришкен.

Бирок арадан 20 жыл өтүп, эми Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ) деп аталып калган ЖОЖдун студенттери Ала-Арча суусунун берки жээгиндеги эски корпустун аудиторияларында билим алышууда.


КМКТАУнун имараты. Ал дагы деле жаңы корпус кура элек, анткени анын курулуш ишине бөлүнүп берилген жер жыйынтыгында жеке адамдардын колдоруна тийген.

Сүрөт: Светлана Зеленская

Мындан тышкары, жаңы корпус курулушу керек болгон парктын жерине бүгүнкү күндө жеке коттеждер тургузулган.

Коттеждин алгачкы ээлеринин арасында окуу жайдын мурдагы ректору Тентиев өзү да бар. Ал 2003-жылы университетке арналган жердин 880 чарчы метрин алган. Тентиев участок үчүн бир тыйын да төлөгөн эмес, ал эми бир нече жыл өткөндөн кийин аны сатып жиберген.

Кантип мындай болушу мүмкүн? Ататүрк атындагы парктын аймагынын бир бөлүгү жеке адамдарга кантип өтүп кеткени тууралуу жасалып жаткан иликтөөнүн жүрүшүндө, OCCRP «Клооп» менен өнөктөштүктө бир катар документтерди алышкан. Бул документтер университеттин жеринин жеке менчикке тилке-тилке болуп таратылышынын изине түшүүгө мүмкүн кылган.

1996-жылы профессор Тентиев Бишкек мэриясынан жаңы корпус үчүн жер сурап, курулуш иштерин мамлекет каржылайт деп түшүндүргөн. Мэрия бул максаттар үчүн парктан бир нече гектар бөлүп берген. Жылдыздар келишип, эми долбоор ийгиликтүү ишке ашчудай сезим калтырган.
Архитектура профессору Жумабек Тентиев ЖОЖдун жаңы корпусунун курулушу боюнча долбоорду баштаган, бирок ал ошол бойдон ордунан жылган эмес. Тентиев мунун ордуна, ушул жердеги участоктордун биринин ээси болуп калган.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сайты
Бирок эч нерсе курулган эмес. Журналисттер учурда Кыргыз-орус славян университетинде иштеп жаткан Тентиев менен жолугушкан. Ал журналисттерге курган маегинде, корпустун курулушу үчүн акча жок болчу деп айткан.

«Университет кайсы акчага тургузмак эле?» — деп суроо салган ал.

КМКТАУнун учурдагы проректору Памирбек Жолболдуевдин айтымында, университетке бөлүнүп берилген аймакта араб тилин окуган студенттер үчүн окуу имаратын гана курушкан. Курулуш иштерин араб инвесторлор каржылашкан жана студенттер ал жакта 2000-жылдардын орто чендерине чейин билим алышкан. Андан кийин ал имарат мечит болуп калган.

Мечитти университетте араб тилин окуган студенттер үчүн окутуу корпусу катары курушкан. Бул жаңы корпус үчүн бөлүнгөн жерде унивеситет тургузган жалгыз имарат.

Сүрөт: Светлана Зеленская
Проректордун айткандарын мечиттин имамы Билоладжи Сайфиев да ырастап берди.

Мечит курулуп бүткөндөн кийин Ататүрк паркындагы жерге «Нарын» компаниясы кызыга баштаган. Бул компания бизнесмен Куттубай Мурзабаевге таандык.

Ал мэрияга кыска кат жолдогон: «"Нарын" өндүрүштүк ишканасы үй-бүлөлүк эс алуу үйлөрдүн курулушу үчүн жер бөлүп берүүнү өтүнөт».

Ошол убакта мэр болуп турган Медетбек Керимкулов компанияга жер бөлүп бериши үчүн бир сүйлөм жетиштүү болгон. Документтер боюча, «Нарын» компаниясы участокту пайдалангандыгы үчүн бир жолку төлөм кылышы керек эле, бирок журналисттерге акча чын эле төлөнгөндүгү тууралуу билүү мүмкүн болгон жок.

2003-жылга карата «Нарын» 10 кооз коттеж куруп, таасирлүү жана бай адамдарга саткан. Алардын ичинде ишкер Болотбек Исахунов жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» директорунун ошол кездеги орун басары Раимбек Мамыров бар.

Бул баскычта коттеждер турган жер расмий шаарга караштуу болгон. Бирок ушул эле жылы он коттеждин ээси мэриядан жерлерге ээлик кылуу укугун берүүнү суранышкан. Муниципалитет бул өтүнүчкө макул болгон.


«Нарын» компаниясы ишкер Болотбек Исахуновго куруп берген турак жай. Ал жана тогуз коттеждин ээси бийик дубал менен тосулган, кире бериште көзөмөл орнотулган аймакта жашайт.

Сүрөт: Метин Жумагулов
Мындан кийин парктын жерлери барган сайын жеке адамдардын колдоруна көбүрөөк өтө баштаган.

Мэр Керимкулов хан сарайларды куруу үчүн бекер жерлерди сураган адамдарга университеттик участокторду барган сайын көп бере баштаган. Жер алгандардын көпчүлүгүндө акча жана байланыштар бар болгон.

Алардын арасында мурдагы элчи Рысбек Качкеев, парламенттин экс-спикери Алтай Бөрүбаев жана окумуштуу Аманбек Жайнаков бар. (Бөрүбаев, башка жэр ээлериндей эле, ага бекер тийген жер Ататүрк паркынын бир бөлүгү экенин төгүндөйт. Анын айтымында, ал жер алган учурда, участокто дарактар болгон эмес.)

2003-жылдын 28-ноябрында мэр университеттик корпусту куруу пландалган жер участогун профессор Тентиевдин өзүнө бөлүп берген. Ал бул убакта Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон, ошону менен бирге университетти да жетектеп турган. Ошол эле күнү эки коңшулаш жерди Тентиевдин кол астында иштеген профессорлор Чинарбүбү Түлеева жана Валентина Курдюмова алган.

Тентиев ал жана анын кесиптештери жер тилкелерин бекер алганын четке какпайт. Ошондой эле, Кыргызстандын жараны катары, Жер кодекси боюнча жер алууга укугу болгондугун белгилейт. Профессордун айтымында, ага жерди «жакын жашап, иштөөнү» каалаганы үчүн беришкен.

«Мен эмне жаран эмесминби? Жок сен түшүнүп жатасыңбы, мен Кыргыз Республикасынын жаранымын?! Мен [Бишкекте] 10 жыл депутаттык комиссияны башкаргам жана чакан жер ала албайт белем?», — деп билдирди профессор журналисттер менен сүйлөшүп жатып.

Бул жер участогу 2003-жылы мурдагы ректор Тентиевге бекер тийген. Ал кийинчерээк жерин сатып салган. Жердин жаңы ээси бүгүнкү күндө участокто көп кабатту үй курууда.

Сүрөт: Метин Жумагулов
«Мен чечпейм, — деди ал. — Берип-бербөөнү мэрия чечет. Бош турган жерди ар бир жаранга, миңдеген жарандарга беришкен».

Ошол эле маалда проректор Жолболдуевдин айтымында, студенттер мурдагыдай окуу жайга муктаж.

Проректор алар ЖОЖдун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кандайдыр бир жер ала тургандыгына көп ишене бербейт.

Ал университеттик корпустун долбоорунун тагдыры анын кесиптештерин да капалантат деп белгилеп өттү. Ошондой эле, аларды мурдагы жетекчиси мындан пайда көргөнү да кайгыга салат.

«Биз ага бир жолу [суроо] бергенбиз: "Эмне үчүн сиз жерлерди тараткансыз?"» — деп эстейт университеттин проректору. — Ал «Мен тараткан эмесмин» деп жооп берген.

Жолболдуевдин айтымында, андан кийин ал «ийнин куушурду, ошону менен болду».

Даниил Ляпичевдин катышуусуда даярдалды.
Made on
Tilda