ШАМАЛ МЕНЕН ЖАРЫШЫП:
Экстремалдык спорт үчүн өз ишин таштаган кыргызстандык


Текст: Александра Ли
Видео: Тилек Бейшеналы уулу жана Александра Ли
Калыбек Кадыр он жылдан бери иштебей эле парапланеризм жана кайтиң менен алектенип, өз ырахаты үчүн жашап келет. Ал жубайы менен Азиянын ар кайсы жерине шамал менен жарышып, жаңы сезимдер үчүн саякаттайт.

Акыркы үч жылдан бери Калыбек Кадыр кайтиң же кайтсөрфиң менен алектенип келет. Бул спорт түрүндө киши тактайда аба парусунун же кайттын жардамы менен суунун үстүндө кыймылдайт.

Баяндоо Калыбек Кадырдын атынан жүрөт.

Кайсы бир убактарда мен жумушумду таштап, бош эле жүрөйүн деп чечтим. Мурда мен үналгы жаатында иштечүмүн, бирок кайсы бир убакта, он жыл мурда, мунун баарын өзүм алектенбей эле директорлорду жумушка алып, аутсорсиңге өткөрүп берүү ыңгайлуу экенин түшүндүм. Ошондон бери жубайым менен дүйнө жүзүнө саякатка чыгып келебиз.
Үй-бүлөбүз ар дайым спортко жакын болчу. 90-жылдарда мен сноуборд жана лыжа менен алектене баштап, бирок жашоодо бардык нерседен жадайт экенсиң. Анан кайсы бир учурда адреналин жетпей калып, жаңы бир нерсени эңседим. Мен бир жерден параплан менен парашютту кокустан эле көрүп калып, аны үйрөнөйүн деп чечтим.

Парашюттан секирүү мага жакпай калды — бул аябай зеригичтүү экен, ал эми парапланда учуу — бул чынында нукура сыйкыр. Сен учуп баратып, бийиктеги булуттарга көтөрүлөсүң. Ал эми парашют болсо ар дайым сени ылдый көздөй тартат.
Кайтиң менен алектенгениме үч жыл эле болду. Бул спорт түрүндө социалдык жагы да бар — баары өз ара сүйлөшүшөт, ал эми параплан — бул жеке спорт түрү, анда баарлашуу деген жок.

Тоодон көтөрүлүп учасың, бийик көтөрүлгөндөн кийин кайсы бир жактарга өзүң жалгыз учуп жөнөйсүң. Баарлашкың келсе, рация менен гана болот. Кайтиңде биз ар дайым өз ара баарлашып турабыз, бири-бирибизге бир нерсе көрсөтөбүз, жаңы кыймылдарды, секириктерди өздөштүрөбүз.

Кайтиң — бул суу спорт түрү. Суу жумшак. Кайтиңде жыгылганда, өзү көп эле жыгыласың дечи, негизи эле жаракатсыз эле болот. Ал эми парапланда ар бир кулоо — бул жаракат. Анан бутуңа кайра туруш үчүн жарым жыл-бир жыл керек болот.
Кайтиң — спорттун жаңы түрү, Кыргызстанда 30дай кайтерлер бар. Алар негизи мурда параплан менен алектенип жүргөн менин досторум.

Балким, бул спорт менен алектенгендердин саны жабдыктар кымбат болгону үчүн аздыр, бирок негизи мурда колдонулгандарды деле сатып алганга болот. Бирок башкы тоскоолдук — бул дем алыш күндөрүнө дээрлик туш келбеген шамалдын жадыбалы.

Мен жай айында Ысык-Көлдө болом. Анан аба ырайы боюнча шамал боло турган болсо, кечинде эле эртең менен кайт тепкенге даярдана баштайм. Бишкекте сонун шамал болгондо, ал жакка парапланда учуш үчүн барып, кайра кайт тебиш үчүн кайтып келебиз.

Бир жылыбыз болжолдуу мындай өтөт: жай ичи Ысык-Көлдө жүрүп, кайт тебебиз. Күзүндөсү Түштүк-Чыгыш Азияга барабыз: бир нече ай Вьетнамда болобуз. Ушул жылдын кыш айларында Малайзия менен Балиге барып келдик. Ал ортолордо бул жакка келип, сноуборд менен лыжа тээп кетип жаттык. Жаз айларында Кипрге бардык. Азыр болсо, мына кайтып келип, кайра эле ушул Ысык-Көлдөбүз.
Балдарыбыз лыжа жана сноуборд тебишет. Кайт тээп, парапланда уча алышат. Айрым нерселерди алар бизден да жакшы жасашат, анткени алар бул нерсе менен үч жашынан бери эле алектене башташкан. Бала кезинде биз аларды бир жактарга алып барып, үйрөтүп жүргөнбүз.

Азыр балдарыбыздын баары өсүп чоңоюп калышты. Кенже кызыбыз мектепти бүтүрдү, улуулары иштеп калышты. Алар дагы, мурун мендей болуп, ишкердикке баш-оту менен кирип кетишкен. Ар бири өзүнүн жеке ишин өнүктүрүп, акча иштеп табууга аракет кылып жатышат.

Мунун баары качандыр бир кезде бул жумушту өздөрү кылбай эле, балким, жубайым экөөбүз кылган нерсеге — дүйнө жүзүн саякаттоого — жетүү максатында аткарылып жатат.
Башка окуялар:
Kloop.kgнин тексттик материалдарын түп нускасына активдүү шилтеме берүү жана авторун көрсөтүү менен колдонууга уруксат берилет. Видео жана сүрөттөрдү колдонуу боюнча бул почтага жазыңыз: ulugbek@kloop.kg
Made on
Tilda