СҮРӨТ БАЯН
Аламан алтын
Нарындагы алтын чайкагычтар кантип алтын табышат жана шаардык эмканаларда аларды эмне кылышат?
Суук түшкөндө Бишкекте курулуш токтоп, өлүү сезон башталат. Төлөгөн Усубалиев үчүн бул үйгө кетчү мезгил.
Кышында башкалаада суук түшкөндө Эки-Нарындын тургундары айылына кайтышат. Бир топтору, анын ичинде Төлөгөн да Бишкекте куруучу болуп иштейт, бирок өз айылында алтын чайкоо менен алектенишет.

Эки-Нарын — чакан эле айыл. Ал облус борборунан жарым сааттык жолдо. Бирок кен чайкоочулар кышында келгенде деле бул жак ээн болот.

Турмуш кайнаган бирден-бир жер — айылдагы булактын жанында. Эл ал жакка үйгө суу алып, аттарын сугарганы келет. Кечинде айылдагылар же бири-бирине конокко барып чай ичип, туризмден акча табуунун жолун сүйлөшөт, же жөн гана сыналгы, көбүнчө КТР көрүп отурушат.
Төлөгөн жыйырмада. Ал өз алдынча үйрөнүп чыккан электрик: ушул кесип боюнча иштегиси келет, бирок билими жок. Эки-Нарында ал үй-бүлөсү, ата-энеси, бир туугандары менен жашайт. Энеси бала бакчада иштейт, атасы менен бир тууганы чарбаны карашат. Төрт жылдан бери ал жылы бою Бишкекке иштегени кетип, Нарынга үйүнө кышында гана келет.

Ал бул айылда кышында жумуш керек болгон жалгыз киши эмес. Төлөгөндүн өзүн кошкондо беш кишиден турган бригада өзөндө суу азайып калган сентябрдан баштап февралга чейин күн сайын алтын чайкаганы барат.

Адатта ал бригадасы менен кошо дайрага эртең менен келет. Дагы бир көчөгө чыкканга чейинки түнү Төлөгөн достору жергиликтүү мектептин акт залында теннис ойноп жатышканын карап отурду. Кошулуп ойной алган жок — бир аз убакыт мурун Төлөгөн сууда колун чоюп алыптыр. Чоюп алганына карабай баары бир короодогу карды тазалаганы чыгып, кийинки күнү кайра эле булакка кетти.
Төлөгөн (сүрөттө оң жакта) — ак көңүл жигит. Досторуна көз салып жөн эле күлүп унчукпай отурду. Кызыл жүздүү, кең далылуу, уяң мүнөз — биз айылда жүргөндө айылдаштарынын көзүнчө сүрөткө тартпай эле койгула деп өтүндү.

Айылдан өзөнгө тапталып калган чыйыр менен түшүп барыш керек. Алтын издөөгө жээктеги көрүнгөн жердин баары эле жарай бербейт — бригада суунун шары азыраак жерде иштейт.
Жумушчулар шаймандарын жээкте кармашат. Ишке киришээрден мурун алар кеңешип алып эңкейиштеги аянтчаны тазалап киришти.

Алтынды топурактан элеп алышат, бирок жердин үстүнкү катмары ага жарабайт. Металл суу сиңген катмарда гана болот. Ал үчүн кен чайкоочуларга киши боюндай чуңкур казууга туура келет.
Жер тоңуп калган экен, бригада аны ломдор менен кертип чыкты. Түшкө маал дагы эки жигит келди. Алар башка жерди казып жатышкан экен, бирок Төлөгөн жактагылардыкын көрө кетели деп келишиптир. Бул маалда чуңкур казылып деле калган — колго жасалган нан менен чай ичип алып, алар топуракты дайрага алып барышты.
Сууда кен чайкоочулар топуракты чайкашат. Ага кабыргалуу резина жабуусу бар тактаны колдонушат. Бирөө калбыр менен сууда турат, башкалары ал жакка топуракты алып барып сала беришет.
Чуңкурда алтын анча көп деле эмес экен. Бирок бригада от жаккан жерде баалуу металл көп болуп чыкты. Ал жактын топурагын элегенден кийин алар андан бир топ алтын бүртүктөрүн таап алышты. Аларды темирдин бөлүкчлөрүнөн ажыратып, Төлөгөн баарын колбага чогултуп, жүз аарчыга ороп алды.
Бул мезгилде дайрага ушулар гана түшөт.
Инвентарды алган жерине койгондон кийин кенчилер үйлөрүнө кетишти. Бригада өз буюмдарын жээкте калтырып кетет: алар буюмдарын бирөө жарым уурдап кетет деп коркушпайт. Жылдын бул мезгилинде дарыяга алардан башка эч ким деле түшпөйт.
Бир бригада бир сезондо канча иштеп табат?
Орто эсеп менен беш кишиден турган бир бригада бир сезондо 25 грамм алтын табат. Аны дүкөнгө граммын эки миң сомдон өткөрүшөт, болжолдуу 50 миң сом болот. Тапкан кирешени ортодо тең бөлүп алышат.
Бул алтынды андан кийин эмне кылышат?
Нарында алтынды зер буюмдарга жана тиш салдыргандарга пайдаланышат. Кээде бул алтынды Бишкекке жөнөткөн учурлар да болот.
Зергер Эрлан Нарындагы базарда иштейт. Ал жергиликтүү алтын тууралуу суроого жооп берип жатып, бул алтын жасалгалар үчүн жарабай турганын айтат, анткени мында кошулмалар өтө көп. Үч грамм алтындан эки грамм металл буюм чыгат. Үчтөн бири жасалгалап жаткан учурда жоголуп кетет. Эмнеси болсо да, эгерде кардары көшөрүп туруп алса, анда Эрлан Нарын металлынан жасалга жасап бере берет.

Нарын стоматологиялык эмканасында, башкы дарыгер айткандай, алтын тиштерди эстетикалык жактан алып караганда, коюу сунушталбайт. Бирок мындай импланттар өтө күчтүү жана ишенимдүү, стоматолог Кылычбек Насирдиновдун айтымында, эмканада көбүнчө ушундай тиштерди салышат. Кылычбек ушул эле эмканада бөлүм башчы болуп иштейт, ал эми түшкө чейин шаардагы базарлардын бириндеги стоматология бөлмөсүндө кошумча иштейт.
Улан Үсөйүн (жогоруда оң жактагы сүрөттө) Таш-Башат айылында туулуп өскөн, ал жерде да алтын казылат. Ал эки жашар кезинде тепкичтен кулап түшүп эки тишинен айрылган. Ал 11-класска чейин тиши жок жүргөн. Ошондуктан аны курдаштары абышка деп коюшчу.

Бирок Уландын өзгөчөлөнгөн жылмаюусу кастингден өтүп, мектеп босогосун эми аттап жүргөн кезде эле кыска метраждуу тасмага тартылганга жардам берген.

Мектепти аяктагандан кийин ал металлокерамика койдуруп, бирок бат-бат мушташа бергендиктен койдурган тиштери сынып калган. Ошондо ал дарыгер менен кеңешип алтын тиш койдурууну чечкен. Улан бул тиштерин Нарындын металлынан койдурган.
Сүрөт жана тексттин автору:

Данил Усманов
Визуалдаштыруу:

Азамат Өмүралиев
Элмурат Асан
Башка сүрөт баяндар
Made on
Tilda