Людмиланын эски, көөнөргөн, ар кайсы жери гуашь менен булганган свитери анын чыгармачылыкка ышкылуу киши экенин көрсөтүп турат. Ал бырышкан манжаларын кармалап, эски кыл калемин алып, буга чейин текст басылып пайдаланылган кагазга сүрөт тартып кирди — анын башка холсттору жок.
Университетке өтүүгө бел байлаардан мурда ал балдар борборунда сүрөт мугалими болуп иштегенге үлгүрүптүр.
«Мен өз иштеримди чогултуп алып Ленин районунун балдар чыгармачыл борборуна барып сүрөттөрүмдү көрсөттүм эле, мени мугалим кылып кабыл алышты. Балдар менен биз өз иштерибиздин көргөзмөсүн көп эле өткөрчүбүз: ал жалаң эле сүрөттөр эмес, пластилинден, жыгачтан, ал тургай эчкинин мүйүзүнөн жасалган иштер болчу», — деп айтып берип жатты ал.
Ардак баракчаларынын арасынан Людмила сыймык менен капкара бирөөнү гана сууруп чыкты: анын ортосунда илбирстин сүрөтү тартылып туруптур. Бул Жапайы жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонддун (WWF) диплому экен.