Бишкекте география мугалими болуп эмгектенген Ирина Романовская дүйнөнү кыдырып саякаттап, байыркы үлүл кабыктарынан коллекция жыйнап, сейрек кездешүүчү канаттууларды сүрөткө тартат. Ал Kloop.kgге адам жашына карабастан кандай куракта болсо да кантип өз кызыгуусун токтотпошу керектиги жана эмнеге Кыргызстан саякаттоо үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн бири экендиги жөнүндө айтып берди.

Ирина Романовская — Бишкектеги №6 мектепте география мугалими. Ал дүйнө өлкөлөрүнө 2008-жылдан тарта саякаттап баштаган жана андан бери Куба, Тунис, Шри-Ланка, Филиппин сыяктуу дүйнөнүн 11 өлкөсүндө болуп кайткан.

«Филиппиндик балдар менен»
«Филиппиндик балдар менен»

«[Шри-Ланкада] мен түрдүү жаныбарларды, алардын ичинде абдан чоң эчкемерди кезиктирип, сүрөткө тартып алууга мүмкүн болгон жерлерди өз алдынча тапкам. Мен ал жердегидей көп жаныбарларды башка бир дагы жерден жолуктурган эмесмин», — деди ал.

Ирина Шри-Ланкадагы жергиликтүү жашоочуларга пилди жуунтууга жардам берүүдө
Ирина Шри-Ланкадагы жергиликтүү жашоочуларга пилди жуунтууга жардам берүүдө

Романовская саякаттоого болгон сүйүүсү кезинде Кубадагы алгачкы советтик туристтерден болгон ата-энесинен берилгенин айтат.

«Алар географтар болушкан, атам — Ысык-Көлдөгү Тянь-Шань тоо физика-географиялык станциясынын директору болгон. Алар Кубага барып, ал жакта алгачкы советтик туристтерден болушкан. Ал 1-май болчу. Биринчи майдагы демонстрация, абдан көп сандагы кубалыктар жана алардын жаш башчысы Фидель Кастро трибунада абдан кызуу сүйлөп жаткан», — деп эскерет ал.

Бишкектик мугалим ага Кыргызстан туризм үчүн эң сүйүктүү жер болуп каларын айтты — мында ал өзүн «суудагы балыктай» сезет.

«Мен кайсыл гана өлкөдө болуп кайтпайын Кыргызстан мага көргөн жерлеримдин бардыгынан жакшы сезилет. Балким бул жакта баары тааныш болгондуктандыр, мен мындагы адамдардын көбүн билем, бул жакта мен өзүмдү суудагы балыктай сезем. Бул мага абдан чоң кубаныч тартуулайт», — деди ал.

Ирина Ысык-Көл облусундагы Эңилчек мөңгүсүндө
Ирина Ысык-Көл облусундагы Эңилчек мөңгүсүндө

Үйүндөгү коллекциясы

Ирина Романовскаянын айтымында, ал үлүл кабыктарынын Борбордук Азиядагы биринчи музейин түзгөн. Анын экспонаттарынын арасында Сибирден табылган бир нече миллион жыл мурдагы үлүл кабыктары бар.

Музейдин алгачкы экспонаттарын ал 12 жашында ата-энеси алып келген.

«Мен бир аз чоңойгондон кийин үлүл кабыктарынан коллекция жыйнап баштагам. Алгач менин коллекциям мага белек катары берилген нерселерден турган. Көбүнчө чет өлкөлөрдөн алып келишчү, айрымдарын сатып беришкен, бирок мен албетте деңиз жээгине барып өз алдынча чоң үлүл кабыктарын тапсам деп кыялданчумун. Андан кийин менде дүйнө кыдырып саякаттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду», — деди ал.

Ирина ошондой эле Кыргызстандагы сейрек кездешкен канаттууларды сүрөткө тартып алуга кызыгат — анын сүрөттөр коллекциясында алардын 160тан ашык түрү бар.

Сакалчымчык
Сакалчымчык

«Булар деле коллекция кылып жыйноо болуп эсептелет, болгону электрондук түрдө. Азыр менин канаттуулар боюнча жыйырмадан ашык илимий макалаларым бар. Мен кокустан эле орнитологго айландым», — дейт ал.

Кара койчу
Кара койчу

Авторлору: Айдана Канатбек жана Мээрим Кулдаева
Видео: Азат Рузиев жана Тилек Бейшеналиев
Продюсер: Эльнура Алканова