Коомдук жер жеке адамдардын колунда


Иллюстрациянын автору: Эдин Пашович
2000-2008-жылдар аралыгында жергиликтүү бийлик бишкектиктердин сүйүктүү сейил бактарынын бири болгон Ататүрк паркынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн 173 адамга таркатып берген. Алардын көбү — аткаминерлер, интеллигенция өкүлдөрү жана алардын туугандары.

Бул жер тилкелерин таратып берүү элди кабардар кылбастан жана түшүндүрүлбөстөн жүргүзүлгөн. Шаардыктар паркты жеке колдорго таратып беришкенин сейил бактын аймагында курулуш иштеринен чыккан чаңдан жана ызы-чуудан улам билишкен.

Бирок бул жерлерди кимдер алышкан?

Бул суроого жооп бериш үчүн «Клооптун» журналисттери OCCRP (Organized Crime and Corruption Project) менен өнөктөштүктө бир жыл бою паркта жайгашкан ар бир участокту изилдешкен.

Алар жүздөгөн кадастр көчүрмөлөрүн, жергиликтүү органдардын токтомдорун, сот чечимдерин жана башка документтерди анализдешкен; маморгандарга 60тан ашуун сурам жөнөтүшкөн, ондогон адамдар менен сүйлөшүп, ал эле эмес сатып алуучу катары салынып бүткөн хан сарайларга барып келишкен.

Ошентип журналисттер төрт мэр жана башка аткаминерлер коомдук парктын чоң бөлүгүн кантип курулуш жүргүзүүгө таратып беришкендиги тууралуу окуяны бир жерге чогултушкан.

Эң маанилүү табылгалар:
  • жергиликтүү бийлик Ататүрк атындагы парктан 181 жер тилкени жеке адамдарга берген;
  • Жер тилкелеринин көпчүлүк бөлүгүн парктын аймагы «өзгөчө корголуучу объект» болуп калгандан кийин таратып беришкен;
  • Жер алгандардын көпчүлүгү — колунда бар адамдар;
  • Жаңы жер ээлеринин көпчүлүгү участокторду бекер алышкан;
  • Жер тилкелерин алган адамдардын дээрлик жарымы — аткаминерлер, бизнесмендер, коомдук ишмерлер, интеллигенция жана алардын туугандары;
  • Алардын ичинен бештен бир бөлүгү гана бүгүнкү күнгө чейин жерлерине ээлик кылып келишет. Дээрлик бардыгы жер тилкелерин сатып, киреше табышкан;
  • Таратылган жерлердин дээрлик жарымы пайдаланыла элек.
Муну даана көрсөтүп берүү үчүн «Клооп» жана OCCRP парктан жер алган аткаминерлердин, жеке ишкерлердин, коомдук ишмерлердин жана саясатчылардын 78 профилинен турган интерактивдик карта түзүшкөн.

Жер кодекси өлкөнүн жарандарына жер тилкелерин берүүнү мүмкүн кылганы менен сейил бактын аймактарын жеке колдорго берүүгө болбойт. Муктаж болгон миңдеген адамдар жерге ээ болуу үчүн жылдап кезекте турган маалда, Ататүрк атындагы парктан жер тилкелерди ийгиликтүү жана колунда бар адамдар алышкан. Алардын көбү алган жерлерине жашайын дешкен эмес, андыктан өз участокторун сатып, киреше табышкан.

Парктын жерлерин кимдер алышкан?
Участокторду берүү тууралуу жарлыктар
ДОЛБООРДУН КОМАНДАСЫ
Координатор
Миранда Патручич
Журналисттер
Александра Ли, Метин Жумагулов, Даниил Ляпичев, Ольга Гейн, Анна Капушенко, Элдияр Арыкбаев
Редакторлор
Миранда Патручич, Жулия Уоллес, Илья Лозовский, Кира Залан, Жоди ДеЖонг
Сүрөт, инфографика жана интерактивдүү карта
Эдин Пашович, Метин Жумагулов, Тилек Бейшеналы уулу, Светлана Зеленская, Камила Баймуратова
Дрон менен тасма тарткан
Тилек Бейшеналы уулу
Видео
Арсений Мамашев, Бекжан Асылбеков, Айзирек Иманалиева
Фактчекинг
Биргит Брауэр, Дима Стоянов, Инна Кывыржик, Олена ЛаФой
Котормо
Илья Донских, Александра Ли, Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков, Дарья Сулейман, Андрей Шигоретс, Наталья Васильева, Элвира Султанмурат кызы
Верстка
Адем Курич, Рустам Халимов, Алексей Гуляев, Хаким Давуров, Александра Ли
Промоушн
Мая Перри, Анна Капушенко, Рустам Халимов, Азиза Раимбердиева, Евгения Михайлиди, Камила Баймуратова
Made on
Tilda