Мунапыс менен 10 миңден ашуун адам бошотулат


Өлкө башчысы “Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ага ылайык 10 500 абактагылар кечирилет. Азыр мунапысчылардын катарына киргендердин толук тизмеги билине элек.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык мунапыс ырайымдуулук жана адамкерчиликп ринциптери жана Кыргызстандын 20 жылдыгына карата жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңештин маалымат боюнча, мунапыска 10 573 абакта отургандар кирип, алардын 3 470 эркиндикке чыгат.

Эркинен ажыратылгандардын катарынан жашы жете элек өспүрүмдөрдү, 55тен ашкан аялдарды, 60тан ашкан эркектерди жана ошондой эле кош бойлуу энелерди, 1 жана 2 топтун майыптарын, залал келтиргендин айыбын толугу менен төлөгөндөрдү абактан чыгарышат.

Коомчулукка коркунуч алып келген ооруларга чалдыккандар [туберкулез, инфекция, венерологиялык оорулар], абакта отуруп, белгилүү бир даарылануу курсунан өткөндөн кийин гана мунапыска жарыяланат.

Мыйзамга ылайык 3862 соттолуучуга мунапыс жарыяланбайт
Kloop.kg порталына берген маалыматында, мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев, анын кызматы бул мыйзам, ММКда толук түрдө жарыяланмайынча, кандайдыр бир расмий маалымат берилбейт деп билдирди.

ИИМ- пресс-катчысы Рахматилло Ахмедов, министирлик мыйзам менен таанышкандан кийин гана өз пикирин билдирет деди.

Мыйзамды коомчулукка жарыялоо менен «Эркин-Тоо» мамлекеттик басма сөзү иш алып барууда. Басманын кызматкерлери билдиргендей, мунапыс тууралуу мыйзам гезиттин кезектеги чыгарылышында 2011-жылдын 22-июлунда жарык көрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков маалыматтык агенстволорго кабыл алынган мунапысты, бир гана колонияларды бошотуу шарты деп түшүнүүгө болбойт деген.

«Абактагылардын кээ бири жабык колониялардан чыгып, кээ бири каттодон алынат», — деди Байзаков.

Төраганын айтымында, бул кызматта эмгектенгендер, мунапыска кошулуучу абактагылардын тизмесин даярдап, алар боюнча чечимди прокуратура кабыл алат.

Байзаковдун айтымында түрмөнүн темир торлорунан быйыл 4 миңден ашуу соттолгондор бошойт.

«Негизгисинде бул жарыяланган мунапыс эң эле масштабдуу болуп саналды», —деп жазган маалымат агенствосу.

Мунапыс [амнистия]— бул адамды жасаган кылмышынан башын бошотуу же жазасын жеңилдетүү. Андан тышкары жогорку бийликтин актынын негизинде ишке ашырылуучу кылмыш ишин жүргүзүү токтотулат.

Мунапыс жалпы жана жеке болот Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери, 20 жыл ичинде өлкөдө 19 жолу мунапыс жүргүзүлгөн.

«Эң жакшы мунапыс 2004-жылы болгон», — деп Шейшенбек Байзаковдун айтканын маалыматтык агенстволорунун бири жазган.

Демилгечилердин пикири

«Кыргыз Республикасынын 20 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо» боюнча мыйзамдын ээси, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ар-Намыс» партиясынын өкүлү Айнура Алтыбаева эсептелет.

Депутаттын айтымында, абактан чыккан, жардамга муктаж болгондорго мамлекет жардам берүүсү керек экенин айтат.

«Аткаруу бийлиги мыйзамды гана орундатып койбостон, мониторинг жүргүзүп, соттолгондордун арасынан муктаж болгондорго да жардам берүүсү керек», — деп эсептейт Алтыбаева.

Депутат белгилегендей, өкмөттүк бюджеттен бул иштер үчүн каражат бөлүнгөн эмес.

«Мисалга эгер жашы жете элек өспүрумдөр болуп калса, алар социалдык жактан камкордукка алынышы зарыл», — деп мыйзам тууралуу түшүндүрмөсүн Алтыбава айтты.

Эл өкүлүнүн айтканына караганда, ал мунапыс тууралуу мыйзамды башка майрамдарда эле ишке ашырууну сунуштаган.

Бирок парламенттин кызматкерлери макулдугун берген эмес.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: Supreme court of Washington blog