Иллюстрация: Алина Печёнкина «Ашар» үчүн. 

«Клоопто» редакциядан башка өзгөчө, өтө маанилүү бир бөлүм бар — ал «Ашар» деп аталат.

Биз «Ашар» аркылуу Кыргызстандын активдүү жарандарына көпчүлүктүн жашоосуна таасир берген ар кыл тармактагы турмуштук көйгөлөрүн чечүүгө жардам беребиз: бала бакчага киргизүүдөгү коррупция болобу, алыскы аймактардагы коомдук транспорт көйгөйү болобу же ири шаарлардан алыс тургандардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу боюнчабы, ал тургай, ар башка деңгээлдеги шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга дагы көзөмөл жүргүзөбүз.

Маселени кантип чечебиз?

Кандай гана маселе болбосун, аны чечүү эң жөнөкөйдөн башталат — маселе жөнүндө маалымат алуу. Биз көйгөйдүн келип чыгуу себебин таап, аны чечүү жолдорун издеп, тиешелүү органдар бул боюнча кабары бар-жогун аныктап жана алар бул маселени чечүү үчүн кандай кадамдарга барышарын тактайбыз. Ал үчүн көйгөйдөн жапа чеккендерди сөзгө тартып, мамлекеттик органдарга маалымат топтоо үчүн сурам кат жөнөтүп, зарылчылык болсо доо арыз менен дагы кайрылабыз.

Аны менен катар, маселени чечүүгө башка дагы кайдыгер эмес жарандарды тартууга аракет кылабыз. Балким, бирөө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүп келсе, дагы бири чоң аудиторияга маалымат тарата алат. Албетте, биз, тигил же бул көйгөйдү баштан-аяк чечебиз деп кепилдик бере албайбыз, бирок колубуздан келгендин баарын кылабыз.

Биздин өзгөчөлүгүбүз — маселени чечүүгө системалуу түрдө киришебиз жана бири-бирине окшогон көп маселени карап чыгабыз. Тагыраагы, ар бир маселенин чечилиши менен биз алдыда буга окшогон көйгөйгө туш болгон адамдардын басып өтчү жолун жеңилдетүүгө аракет кылабыз.

Кайсы бир көйгөйдү чечүүдө натыйжалуу бир ыкма тапсак, анда ал ыкманы видео, текст көрсөтмөлөрдү даярдоо менен гана чектелбестен, атайын программа аркылуу автоматташтырып, жеңил, түшүнүктүү колдонмо иштеп чыгууга да аракет кылабыз. Башкача айтканда, алдыда ушундай эле тоскоолдуктарга туш болгон адамдарга жол көрсөтүүгө аракет кылабыз.

Мисалы, бир түрдөгү доо арыздарды кайра-кайра жаза берсек, аларды автоматтык түрдө түзгөн программа иштеп чыгабыз. Бул жол менен биз кийинки колдонуучулардын убактысын үнөмдөп, ишин жеңилдетебиз.

Дагы башка мисал: биз акыркы жылдары Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бардыгына байкоо жүргүздүк. Башында болгону 200 адамдын ишин координациялоо кыйынга турган. Бирок алынган тажрыйбаны эске алып, ыкманы өзгөрткөнүбүз үчүн, кийинки шайлоодо 200 эмес биздин миңдеген байкоочулар бүткүл өлкө боюнча добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды каттоого мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстанда биз топтогон тажрыйбанын негизинде иштелип чыккан, автоматташтырылган программалар чет өлкөлөрдө да пайдасы тиерине ишенебиз.

Мисалы, биздин колдонмо Венгрияда, Босния жана Герцеговинада өткөн шайлоолорго байкоо салууда пайдаланылды. Алдыда, 2023-жылы, Зимбабве өлкөсүндө өтө турган шайлоого дагы колдонууну пландап жатабыз.

Биздин бардык долбоорлор Giga Turnip же «Репка» деп аталган программалык камсыздоонун жардамы менен ишке ашырылат. «Ашарды» көп адамдын ишин координациялоого, окутууга, дата-сервистерди даярдоого, туруктуу долбоорлорду алып барууга жана башка иштерде колдонобуз. Биздин платформа ар тараптуулугу менен уникалдуу — биз аны дайыма өзгөртүп, жакшыртып турабыз, шайлоодо байкоо жүргүзүүдөн баштап англис тилин окутуу менен бүткөн түрдүү муктаждыктарга тууралайбыз.

(Гиктерге: Биздин софт — бул бир нече Django Rest бэкенди жана Flutter менен React’тагы бир канча веб жана уюлдук колдонмолор. Аны менен катар, ар түрдүү долбоорлордо колдоно турган эки-үч китепканабыз бар. Формалдуу мунун баары опенсорс, бирок азыр биздин софтту программисттер өзүнүн керектөөлөрүнө биздин катышуубуз жок эле ыңгайлаштырып алышы үчүн документацияны жазып жатабыз.

Айрым көйгөйлөр салыштырмалуу көп ресурсту талап кылат. Андай көйгөйлөрдү чечүү үчүн өзүнчө долбоорлорду ачканбыз. Алардын айрымдары жөнүндө төмөндө айтып беребиз.

Ашар. Таза суу

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Ашар» үчүн.

Таза суу колдонуу мүмкүнчүлүгү – адамдын эң негизги муктаждыктарынын бири болсо, анын жоктугу — олуттуу көйгөй. Андыктан бул маселени өзүнчө долбоорго алып чыгууну чечкенбиз.

Көйгөйдү чечүү үчүн биз өлкөдөгү таза суусу жок дээрлик бардык айылдар, суу менен камсыз кылуу долбоорлор жана жооптуу мекемелер боюнча маалыматты чогулттук. Топтолгон маалыматтын негизинде маселени чечүүдөгү алгачкы кадамдардын алгоритмин иштеп чыктык.

Активисттерге таза суу маселесин чечүүнүн бир нече жолун сунуштайбыз, керектүү сурамдарды толтурууну үйрөтөбүз, чиновниктерге байланышуу жолдорун таап беребиз жана алдыда пайда болгон суролорго жооп табууга көмөктөшөбүз.

Okutool. Кыргыз тилдүү жарандарга англис тилин үйрөтөбүз

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Ашар» үчүн.

Бүгүнкү күндө билим алууда, жумуш издөөдө, дегеле жашоо сапатын жакшыртууда англис тили көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошентсе да, бир гана кыргыз тилинде сүйлөгөндөр үчүн англисче үйрөнүү чоң бир көйгөй жаратат, анткени Кыргызстандагы тил курстарынын көпчүлүгү окутууну орус тилинде жүргүзөт.

Бул көйгөйдү жакшы билгендиктен, биз өзүбүздүн окутуу платформабызды иштеп чыктык — «Окутул» деп аталган колдонмо аркылуу кыргыз тилин гана билгендер англисче үйрөнсө болот.

Мамлекеттик сатып алууларды мониторинг кылуу 

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Ашар» үчүн.

«Кызыл желектер» бул долбоордо биздин система мамлекеттик тендерлердеги мыйзам бузууларды автоматтык түрдө аныктап чыгат.

Ыктыярчылар чындап эле тендерде мыйзам бузуулар болуп/болбогонун текшеришет, эгер мыйзам бузуу тастыкталса аларга доо арыз жөнөтүү сунушталат.

Долбоордун максаты, мамлекеттик сатып алуулардын ачык айкындуулугун арттыруу, мамлекет бюджеттик каражатты кандай максаттарга жумшап жатканын көзөмөл кылууга болушунча көп адамдарды аралаштыруу жана ар бир кишиге өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берүү. 

Шайлоо

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Ашар» үчүн.

Биз 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодон тартып, Кыргызстандагы бардык шайлоолорго байкоо жүргүздүк. Бир нече шайлоо өнөктүгү өткөн аралыкта 10 000 жакын адамды окутуп, миңдеген мыйзам бузууларды каттап, жүздөгөн арыз жөнөттүк.

Бирок бул масштабдуу кампаниянын негизги жеңиши — Кыргызстандагы жүздөгөн кайдыгер эмес жарандардын башын бириктирип, добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга бирге каршы турдук.

Биз иштеп чыккан платформаны жана Кыргызстандагы шайлоо жана референдумдан алган тажрыйбаны башка өлкөлөрдө дагы колдонууну максат кылганбыз. 2022-жылы апрелде «Клооптун» командасы Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого техникалык колдоо көрсөткөн, ал эми ошол эле жылдын октябрь айында Босния жана Герцеговинадагы шайлоого көмөктөшкөн. 2023-жылы жайында Зимбабведе өтчү шайлоо кампаниясына жардам берүүнү пландап жатабыз.