«Клооптун» күзгү мектебинин катышуучулары

«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы жазгы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгерде сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. «Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби Ош шаарында оффлайн форматта өткөрүлөт.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласыз.

Биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттен интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу жана айрыкча шайлоо алдында ар түрдүү жалган маалыматтар социалдык тармактарда көбөйөт эмеспи. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди үйрөнө аласыз.

Онлайн журналистиканы катышуучуларга «Клооп» басылмасынын журналисттери Зарина Маматжанова, Элдияр Бакиров жана Айбике Адилет кызы үйрөтүшөт.

Жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласыз — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сизге мобилдик телефондон видео тартып, дүйнөгө түз эфирде чыгууну жана видео менен иштөөнү үйрөтөбүз. Фото жана видео боюнча тренингди «Клооптун» оператор-монтажерлору Хамидулло Узаков жана Тойчубек Боронбаев өтөт.

Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — негизинен биздин мектептин катышуучулары. Алар мектепке келген күндөн тарта жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза алышат. Катышуучуларыбыз социалдык көйгөйлөрдөн тартып, саясий темаларда макала, видео даярдашат.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жазгы журналистика мектеби 2021-жылдын 15-мартта башталып 28-майда аяктайт. Ага журналистикага кызыккан өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат. Ал үчүн билдирме толтуруп жөнөтүш керек болот. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирменин негизинде 15 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Моб. тел:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

Электрондук дарек: saadat@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Жазгы журналистика мектебине катышуу үчүн төмөнкү онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 7-мартка чейин кабыл алынат.