Жаңылыктар

Атамбав Орусияга «бир нече күнгө» барып келүүнү пландап жатат

19-июлда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга «бир нече күнгө» бараарын билдирди. Атамбаев билдиргендей, ал Кыргызстандан учуп кеткичекти күч колдонуу менен кармалып калышын эсептен чыгарбайт.

Айдоочулар эң көп бузган жол кыймыл эрежелерине каралган штрафтардын өлчөмү үч эсеге азайышы мүмкүн

Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өкмөттүк комиссия 19-июлда ИИМдин айрым жол кыймыл эреже бузууларга салынуучу штрафтарды төмөндөтүү боюнча сунушуна макул болду.

10 млн сом. ИИМдин аткаминерлери «Азия-Ньюс» гезитин сотко беришти

«Азия-Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев «Клоопко» ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев аны сотко беришкенин билдирди.

Атамбаевдин тарапташтары аны кармоого даярдык көрүлүп жатканын билдиришкен. ИИМ муну четке кагууда

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 19-июлга караган түнү укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «күч менен кармоого» даярданып жатышканын кабарлаган.

Ош: Бир айлык ымыркайын 30 миң сомго «сатууга аракеттенген» тургун кармалды

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Кишини соода кылуу» беренеси менен катталган.

Прокуратура транспорт министринин мурдагы орун басарын 20 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

Прокурорлор транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев үчүн «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыптары боюнча 20 жылга кесүүнү жана 500 миң айып пул салууну өтүндү.

«Күч менен кармоого буйрук берилген». Атамбаев ИИМге суракка үчүнчү жолу келген жок

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ИИМдин сурагына үчүнчү жолу келген жок. Сурак 19-июлга белгиленген эле. Атамбаевдин кеңешчиси жана КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева ишенимдүү булактарына таянып мурдагы президентти «күч менен кармоого буйрук берилгени» тууралуу кабарлаган.

Бишкек шаардык соту фейсбуктагы комментарийи үчүн айыпталган мугалимди актады

Бишкек шаардык соту курулуш жана архитектура университетинин (КМКТАУ) окутуучусу Темир Болотбекти «улуттар аралык кастыкты козутуу» иши боюнча актады.

Финпол майниң-ферма тууралуу иш боюнча маалымат таратууда кандай ката кетирип, кийин аны кантип оңдогон

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) 17-июлда биткоиндерди өндүрүп жаткан майниң-ферма табылганын билдирген.

Атаханов сурак берээр алдында ооруканага жеткирилди

Укук коргоо органдарынан «Клоопко» билдиришкендей, 18-июлда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду сурак башталаар алдында ИИМдин имаратынан тез жардам алып кеткен.

ИИМ Атамбаевди үчүнчү жолу суракка чакырды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 18-июлда үчүнчү жолу ИИМге суракка чакырылды. Атамбаев суракка 19-июлда келиши керек.

Бишкек мэриясы: Суунун тарифи жогорулатылбаса, түтүктөрдү алмаштыра албай калабыз

Бишкектин бийлиги билдиргендей, муздак суунун тарифин кымбаттатыш керек, анткени тургундардан түшүп жаткан акчалар эскирген жабдууларды алмаштырууга жетпейт.

«Учкун» басмаканасы бүтүрүүчүлөрдүн документтеринде кайрадан ката кетирди

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүсү маалымдагандай, университеттин дипломдорун орфографиялык каталар менен басып чыгарышкан.

Өкмөт футболчулардын Азия Кубогундагы ийгилигинен улам спорт боюнча машыктыруучулардын маяналарын жогорулатты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1500 машыктыруучу менен спорт мекемелеринин 400 кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүнү тапшырды. Машыктыруучулардын маяналары 50 пайызга, ал эми спорттук кызматкерлердики 20 пайызга жогорулатылат.

Сулайман тоодогу 10 гектар куураган чөп өрттөө жолу менен тазаланды

Сулайман тоонун күңгөй тарабындагы куураган чөп 18-июлда көзөмөлдөп өрттөө ыкмасы менен тазаланды.

Бишкекте күндүн ысышын кантип азайтса болот?

«Инициатива Арча» уюмунун экологдору менен экоактивисттери 16-июлда брусчатка, асфальт жана башка жерлер канчалык ысый тургандыгын ченеп көрүшкөн. Ченөөлөр Бишкектин Ботаникалык бакчаларынын биринде өткөрүлгөн.

Текебаевдин омурткасына операция жасалат

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» маалымдагандай, грыжадан улам соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевге операция керектелет.

Эми «балага сүйүнчү» төлөмүн эки күндө алса болот

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева эми бала төрөлгөндүгү үчүн бир жолу берилүүчү 4 миң сомдук төлөмдү эки күндүн ичинде алса болоорун «Азаттыкка» айтып берди.

«Ал жазасын эбак эле өтөп койгон». Атамбаев Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 16-июлда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Жогорку сот ишти кайра кароо боюнча биринчи отурумду 21-августка дайындаган.

Жогорку сот зордуктоого айыпталып акталган үч сот аткаруучунун өкүмүн жокко чыгарды

Кыргызстандын Жогорку соту зордуктоого айыпталган үч сот аткаруучуга Талас облустук соту чыгарган актоочу өкүмдү 15-июлда жокко чыгарган. Бул иш Бишкек Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.