Бишкектин борборунда 50 кабаттуу көк тиреген имарат курулат


Кыргызстан боюнча эң бийик көк тиреген имарат Бишкектин Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде курулат деп билдирди борбор калаанын башкы архитектурасы. 50 кабаттар туруп, өз ичине турак-жай жана соода комплекстерин камтыган имараттын курулуш иштери президенттик шайлоодон кийин башталат.

Бишкектин бакшы архитектура башкармалыгындагы илимий-техникалык бөлүм башчысы Яков Мазмановдун айтымында, 50 кабаттуу имараттын көрсөтүлгөн макетин шаар куруучулар кеңеши тарабынан колдоого алынып, тастыктоо берилген.

Анын айтымында инвесторлордун көбү долбоорду каржылап берүүгө даяр жана курулуш иштери президенттик шайлоо бүткөндөн кийин дароо эле башталат.

«Имарат 8 бат жүрүүчү лифттер менен жабдылып, ылдыйкы кабаттарында бизнес-борбор жана турак-жайлар орун алат деп белгилеп жатабыз», — деди илимий-техникалык бөлүмдүн башчысы.

Мазмановдун белгилешинче бул курулуш Чүй-Абдрахманов атындагы көчөлөрүнүн кесилишинде болуп турган унаалардын кым-куут маселесин чечүүгө өбөлгө.

«Комплексте жер алдындагы 3 кабаттуу унаа туруучу жай болот. Ага 1100-1200 автоунаалары батат. Андан тышкары имараттын тегерегинде фантан курулуп, ал ысык күндө шаарга микро-климатты камсыз кылып турат. Азыр Бишкектеги эң бийик имарат 18 кабатты түзүүдө», — деп баса белгиледи долбоордун автору.

Бишкек башкы архитектурасы кошумчалагандай имарат имарат туруктуу сейсмо туруктуулукка ээ болуп, коркунуч жаратпайт.

Өрт өчүрүү кызматы жардам бере албайт

Сейсмология серепчиси Канат Абдырахманов көк тирөөчү комплекстин курулушун колдоого алаарын билдирди.

«Имарат ар кандай табигый кырсыктарга туруштук бере алабы жокпу акча каражатына гана байланыштуу. Курулуш менен алектенип жаткандар тиешелүү каражатты сейсмо туруктуу кылып жасоо үчүн жакшы жумшаса, коркунуч жок», — деди Абдырахманов.

Талдоочунун айтымында берилген комплекстин курулуш иштеринде сапаттуу материалдарды колдонуу зарылчылыгы бар.

«Имараттын сейсмо туруктуулугун камсыз кыла турган эң сапаттуу бетон жана болот конструкцияларын колдонуу керек», — деди Абдырахманов.

50 кабаттуу имараттын өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир Кыргызстанда бир дагы атайын жабдыктар жок. Бул тууралуу мамлекеттик өрт коопсуздугун көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын жетекчисиинни орун басары Мирбек Джээналиев кабарлады.

«Имарат автоматика, атайын эскертүү системасы, эвакуация башкаруусу, автоматтык түрдө өрт өчүрүү жана башкалар менен жабдылышы керек.
Бирок бизде азыркы күндө бийик имараттар боюнча конкреттүү нормалар жок. Эгер өрт чыгып калса биз баардык тиешелүү жардамыбызды көрсөтө албайбыз», — деди Джээналиев.

Кыргызстандын аймагы боюнча 50 метрди түзгөн эки гана бийик тепкич бар жана алар менен 18-20 кабаттуу имараттарга эсептелинген.

Джээналиевдин оюнда өрт коопсуздугу боюнча министирликтер жана ведомстволор көк тиреген имараттарга болгон атайын тиешелүү нормалардын документин иштеп чыгуусу керек.

Бишкектиктердин пикири

«Семь дней» супермаркетинин кызматкери Наталья Kloop.kg порталына берген маалыматында, ал мындай курулушка туура көз карашта.

«Мен чоң ырахат менен барып, курулган комплексти көрүп чкмакмын», — деди Наталья.

Студент Жаныбайдын оюнда Кыргызстан жаңы заман менен улам алдыга жылууга аракет кылышы керек.

Банк кызматкери Константин дагы Жаныбайдын оюна толугу менен кошулат.
«Баардыгы имараттын сейсмо туруктуулугунан көз каранды. Баардыгы тиешелүү эрежелер менен курулса ан коом үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт», — деп белгиледи Константин.

22 кабаттуу «Дордой Сити» имаратынын курулушу

2008-жылы жеке ишкер жана «Дордой» ассоциациясынын башчысы Улугбек Салымбеков көп мүмкүнчүлүктөрү бар «Дордой Сити» комплексин курууну пландаган.

Ал Чүй проспектиси, Гоголь көчөсүнөн Ибраимовко чейин курулуп, анын бирнчи 3 кабатында соода түйүндөрү жана көңүл ачуучу комплекстери орун алмак.

Долбоорду ишке ашыруу учурунда демилгени көтөргөндөр электр-энергия маселесине кабылып, ага байланыштуу куруучулук долбоору токтоп калган.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз исмаилова
Сүрөттө: 50 кабаттуу көк тиреген имараттын макети