Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн аймактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлөт


31-августта мамлекеттик киномотография агенттиги өлкөнүн аймагында кыргыз кинотасмаларын бекер көрсөтөт. Уюштуруучулар белгилегендей, көрүүчүлөргө кыргыздын популярдуу тасмаларынын бир нече түрү көрсөтүлөт.

Киномотография агенттигинин инвестициялар менен башкаруу бөлүмүнүн башчысы Урмат Айталиев көрсөтүүгө даярдалган тасмалардын көпчүлүгү эл ичинде белгилүү болуп калган картиналар дейт.

«Өлкө аймагында көрсөтүлө турган тасмалардын тизмегин түзүү жеңил болгон жок. Алардын көбү эл аралык фестивальдарда, Дубай жана КМШ, Европа өлкөлөрүнүн арасында татыктуу орундарды алып келген картиналар. Мисалы Эльнура Осмоналиеванын — «Алмаз», Наргиза Маматкулованын — «Сөйкө», Акжол Бекболотов — «Баары жакшы болот» жана Тынай Ибрагимов — «Жашоо кыска» сыяктуу тасмалар көрүүчүлөргө тартууланат», — деп белгиледи Айталиев.

Ата-мекендик режиссерлордун колунан жаралган тасмаларды көрөтүүдөн мурда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына арналган кыска тасмалар да көрсөтүлөт. Бул тууралуу Айталиев кабарлады.

«Негизги фильмдерди көрсөтүүдөн мурун биз Кыргызстандын түзүлүшү, анын ушул жылдары жетишкен ийгиликтери жана тарыхын камтыган, эгемендүүлүккө кандай жолдорду басып өтүп жеткендиги тууралуу атайын тасмаларды көргөзүп турмакчыбыз», — пдеди агенттиктин инестицияларды башкаруучусу.

Баткен облусундагы «Октябрь» кинотеатрынын жетекчиси Курманбек Зайналов кино кербендин башталышына алдын-ала даярдыктардын баардыгы көрүлгөндүгүн айтат.

«Биз аатйын афишаларды жасап, массалык маалымат каражаттарында жарнамаларды бердик. 31-августта биздин кинозалда “Өмүр кыска” тасмасы үч ирээт көргөзүлөт», — деди Зайналов.

Оштогу «Семетей» кинотеатрынын мүдүрү Бактыгуль Малапбаеванын оюнда акысыз киного келе турган элдердин саны адаттагындан да көп болушу толук ыктымал.

«Бул кинотасмалар элге өзүнүн позитивдүүлүгү менен жакшы маанай тартуулайт. Көрүүчүлөр көп болот, маселене кирүү акысыз болот да», — деди кинотеатрдын мүдүрү.

Осмоналиеванын «Алмаз» кинотасмасы жетишпеген үй-бүлөдөгү баланын өмүрү тууралуу айтып, анын баардык ийгиликтерге өз күчү менен гана жетишкендиги берилген.

Алмаз аттуу бала үй-бүлөсүн багуу үчүн “Дордой” базарында иштеп, андан тышкары мектептеги окуусун да таштабайт. Англис тилин жакшы окуп, Англияга жолдоомо алган бала бир нече күнгө чет өлкөгө кетет.
«Менин оюмча мындай сюжеттеги тасмалар биздин көрүүчүлөргө кандайдыр бир түрткү болушу да мүмкүн. Алардын келечекте бир жакшы нерселерге жетишүүгө умтулуусу арбыйт», — деп белгиледи Айталиев.

Кино таануучу Гульбара Толомушеванын айтымында Наргиза Маматкулованын “Сөйкө” аттуу кинотасмасы укмуштуудан картина.

«Күйөөгө чыга турган секелек кыз бар үйгө үй ээсинин эски тааныш доус келип. Жардам берүүгө баласын таштап кетет. Үйдүн тышын шыбап жатып, эки жаш бири-бирине көз артканы байкалып, аруу сезимдер башталат», — деп белгилейт эксперт.

Ал эми Акжол Бекболотовдун «Баары жакшы болот» кинокартинасында Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жашап, эптеп жанын багып жүргөн эки баланын турмушу чагылдырылган.

«Students.kg» сайтынын маалыматына караганда, Ибрагимовдун «Өмүр кыска» тасмасы Асель жана жаш жигит Даурен тууралуу баяндайт.
«Асель эрте жетим калып, үй-бүлөлүк турмуш куруусу руханий тынчтык алып келбейт ага. Даурен дагы өз ордун али таба элек жигит. Капыстан таанышып калган эки жаш бири-биринен эң жакын адамдарды табып, бири-бирине болгон кызыгуусу артат [...]», — деп берилген аталган сайтта.

Эгемендүүлүк

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишип, ал эми 1993-жылы улуттук валюта — сом кабыл алынган.

20-жылдан бери мамлекет үч өлкө башчысын алмаштырып, эми үстүбүздөгү жылдын 30-октябырында алты жылдык мөөнөт менен төртүнчү президентти эл шайлап алат.

Бирничи эки өлкө башчысы эл тарабынан тактыдан түшкөн.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1991-жылдан тартып 14 жыл башкарган. Элдик төңкөрүштөн улам ал Кыргызстандын аймагынан 2005-жылы чыгып, ал эми 2010-жылы эксп-президент статусунан ажыратылган.

Экинчи президент Курманбек Бакиев 2005жылдан тартып 2010-жылга чейин тактыда отурган. Ал Акаевке каршы кыймылды өз убагында башчылык кылып турган, бирок өз эли тарабынан өткөн жылдын 7-апрелинде өлкө башчысынын ордунан аргасыз кеткен. Белгилей кетсек ал элдик төңкөрүштө 86 адам көз жумган.

Азыр өткөөл мезгилдеги өлкө башчысы болуп СДПК партиясынын муруңку лидери Роза Отунбаева эсептелет. Ал 2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдумунун негизинде президент болуп расмий түрдө жарыяланган.

Автор: Анаркан Садыралиева
Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева