Жанаөзөндө өзгөзчө кырдаал уланууда

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен Мангистаут областынын Жанаөзөн шаарында өзгөчө кырдаал 31-январга чейин узартылды. Эскерте кетсек, 16-декабрда Жаноөзөндө массалык кагылышуулар болуп, маалыматтар боюнча 16 адам каза болгон.

4-январда өзгөчө кырдаалдын бүтүшүнө бир күн калганда, президент өзүнүн буйругу менен коопсуздукту сактоо режимин 31-январга чейин узартты.

«Мангистаут областынын Жанаөзен шаарындагы өзгөчө кырдаалды 2012-жылдын 31-январынын эртең мененки саат 7ге чейин узартылсын...»,-дейт президенттин буйругунда.

Өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат Жанаөзөндө 17-декабрда киргизилген.

Кагылышуулар башталган күндүн эртеси шаар изоляцияга алынып, шаардын ичинде видео жана сүрөткө тартууга тыюуу салынган. Күбөлөрдүн айтымында суу жана свет да өчүрүлгөн.

Кагылышуулар 16-декабрда Казакстан эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө башталган. Митингдин башталышына нефтичилердин айлык акысынын кыскартылышы себеп болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча каза болгондордун саны 16 адам, ал эми Казакстандык укук коргоочулар адамдын саны эки эсе көп дешет.

Башкы прокуратура митингчилерди эгемендүүлүктү майрамдоого чогулган «карапйым элге кол салган тентек (хулигандар)» деп атаган.

Казакстандын президенти да митингчилерди хулигандар деп атап, күйүп кеткен акимиатты имаратын, кагылышуулардан кийинки Жанаөзөндү кайра жандандырабыз деп сөз берген.

Нефтичилер мурун эле айлык акыны көтөрүүнү талап кылып митингдерди уюштуруп келишкен. Бирок, тилекке каршы эки тараптын сүйлөшүүлөрү эч бир жыйынтыкка алып келген эмес.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев