Нарын: Миң-Куш шаарчасынын тургундарына компенсация төлөнбөй келет

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан Миң-Куш шаарчасынын эли уран калдыктары кошулган сууну ичип жаткандыктары аныкталган. Азыркы кезде калктын абалы оор. Аларга Өкмөт тарабынан компенсация төлөнүп берилиши керек болуучу, бирок ушул убакытка чейин төлөнбөй келет.

Миң-Куш шаарчасынын башчысы Жунусов Самирбектин айтуусу боюнча, калктын ичүүчү суусун текшерүү учурунда радиоактивдүүлүктүн бар экендиги байкалгандыктан элди көчүрүү талабы коюлган. Бирок көчүрүүгө каршы болгон калк компенсация төлөп берүүсүн талап кылышууда.

«Миң-Куштун калкында миграция көп болгондуктан 17 миң кишиден азыркы учурда шаарчада 3700дөй адам калган. Ошондуктан калк бизди жумуш менен камсыз кылышсын жана биз көчпөйбүз, бизге ар бир үй-бүлөөгө 500 миң сомдон компенсация төлөп беришсин деп айтышкан. Ошондуктан калкты башка жака көчөт деп айта албайм. Андан сырткары жылына ар бир үй-бүлөөгө 50 миң сомдон компенсация бөлүп берүү керек болуучу. Бирок Өкмөт тарабынан каралбай жатат жана компенсация төлөнүп бериле элек»-деп билдирди Жунусов.

Ошондой эле парламент өкүлү Урмат Аманбаева Миң-Куш шаарчасынын тургундарына компенсация төлөп берилиши керектигин колдоду.

«Элге компенсация төлөп берсин деген талабы абдан туура. Бул маселе тиешелүү комитеттерде, Жогорку Кеңеште каралып Өкмөткө сунуш кылынган. Каржы министирлиги тарабынан сөзсүз түрдө төлөнүп берилиши керек. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам төлөбөй жатышат»,-деп билдирди Аманбаева.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана социалдык саясат комитетинин мүчөсү Урмат Аманбаеванын айтуусу боюнча, Миң-Куш шаарчасынын эли КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамира Ниязалиевага кайрылуу жасаган. Анын негизинде 2012-жылдын 31-январында социалдык саясат комитетинде каралган.

«Миң-Кушта радиоактивдүүлүгү бар суунун айынан 18 үйдүн, андагы 50 үй-бүлөнүн башкача айтканда 200-300 кишинин абалы өтө кооптуу болуп турат. Ал жерде хвостохранилище нормалары сакталбагандыгы аныкталган. Андан сырткары ал жактагы коммуналдык чарбада иштегендер болгону 1000 сомдой айлык алат. Ал айлык менен алар жеткиликтүү жашап кете албайт. Ошол жогорудагы 3 пунктан турган маселелерге чечим кабыл алып ӨКМга тез аранын ичинде текшерип, чара көрүүлөрүн тапшырма бергенбиз»,-деп билдирди Аманбаева.

Макала жазылып жаткан кезде кайрылуу туурлауу Дамира Ниязалиева менен байланыша алган жокпуз. КСДП партиясынын депутатта жеткиликсиз бойдон калды.

ӨКМнин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтуусу боюнча, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасынын калкы уран калдыктары кошулган сууну ичип жаткандыктары тууралуу аларга маалымат келип түшкөн.

«Кыргыз Республикасынын ӨКМ министри Кубатбек Боронов Миң-Куш шаарчасындагы калк ичүүчү суунун радиоактивдүүлүгүн текшерүү үчүн атайын чыгарган буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлүп, алар 2012-жылдын 1-февралынан баштап 3-февралга чейин текшеришип, жыйынтыгында сууда радиоактивдүүлүк бар экендиги аныкталган»,-деп билдирди Бекилов.

Министрдин № 64 буйругу боюнча, жумушчу топ өздөрүнүн актын түзүшкөн. Анын негизинде булганган сууну ичүүгө тыюуу салуу, бузулган суу түт үкчөлөрүн, насостук станцияларды калыбына келтирүү, калкты таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана кооптуу аймакта жашап жаткан калкты убактылуу башка жака көчүрүү, уулуу заттарды башка коопсуз аймака алып барып көмүүнү жергиликтүү бийлике сунуш кылышкан.

«Буга чейин Миң-Куш айылына кооптуу абал түзүлбөш учун ӨКМ тарабынан атайын суу чыгаруучу түтүкчөлөр берилген. Бирок жергиликтүү бийликтин максатсыз пайдалангандыктары тууралуу айтылган. Ал боюнча тергөө иштери журуп жатат. Эгер бул маалымат туура болуп чыкса тиешелүү жетекчилер жоопко тартылыштары анык»,-деп бидирди Бекилов.

Миң-Куш шаарчасынын жашоочуларынын пикирлери

Мин-Куш шаарчасынын учурдагы абалын билуу максатында аларга кайрылганыбызда жогору жактан эч кандай жардам көрсөтүлбөй жаткандыгын айтышып, нааразычылыктарын билдиришти.

Мин-Куш шаарчасына караштуу 20-аянттын тургуну Райкан Жумашованын айтуусу боюнча, алар 2006-жылдан баштап суубуз начар деп, жогору жака кайрылып келишкен. Бирок эч кандай тыянак чыккан эмес.

«Биз лабораторияларга берсек таза деп чыгып келген. Айлабыз кеткенинен комуналдык чарбанын жетекчиси Жыпара дегенге кат жазып, 90 киши кол коюп берсек, ал катты алган эмесмин деп койду»,-деп билдирди Жумашова.

Макала жазуу учурунда Миң-Куш шаарчасынын комуникалдлык чарбасынын жетекчиси Жыпара айым менен техникалык байланыштын жоктугунан байланыша алган жокпуз.

Мин-Куш шаарчасынын 20- аянтынын дагы бир тургуну Ниязбек Асаналиевдин айтуусу боюнча, алар булганган, уранды кошулган сууну ичип келишкенине 10 жылдан ашкан.

«Мындан 10 жыл мурун таза суу ичип келгенбиз. Андан кийин жогору жактан суу келбей калып, ылдыйкы 17-аянттан үстүбүздөгү жылдын 3-февралынан баштап 500 литрдей суу алып келип беришет. Ал суу ар бир үй-бүлөөгө 2,3 чакадан тийет. Уран калдыгы аралашкан суу ылдый жака кайра эле агып барат. Аралашкан сууну алып келип жатабы билбейм»,- деп билдирди Асаналиев.

Мин-Куш шаарчасынын 20-аянтынын дагы бир тургуну Кушипа Садырбаеванын айтуусу боюнча, алар ичип жаткан сууга малдын начар, булганыч нерселери кошулуп, ден-соолуктарына коркунуч туудуруп келет. Ал эже сүйлөп жатып, жотолуп жатканы бизге айкын угулуп турду.

«Биз жаш кезибизден бери ушул уранды калдыктары, малдын булганыч нерселери кошулган сууну ичип келе жатабыз. Ошонун айынан баарыбыз ооруга чалдыгып, дени сак жан жок бизде. Ушул шаарчада туулуп өскөнмүн, иштегенмин. Азыр жашым 60 тан ашты, бизди караган эч ким жок. Суу ичкен турбаларыбыз дагы эскирген, ошону жаныртып беришсе жакшы болмок»,-деп билдирди Садырбаева.


Редактор: Айгул Гуламидин кызы