Ташиев: Кыргызстанды "Таза кандуулар" башкарышы керек


Депутат Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда, Кыргызстандын өлкө башчысы «таза кандуу кыргыз» болушу керек деген сөзүн дагы бир жолу тастыктады. Депутат, журналисттер мурунку сөздөрүмдү бурмалап салышты,- деп кошумчалап өттү.

«Азаттык» радиосунун сайтында жүктөлгөн интервьюда, Ташиев Кыргызстанды сактап, коргоп калуусуна жана өнүгүүсүнө «кыргыздар гана» жардам бере алат деп билдирген.

«Башка улуттун өкүлдөрү өлкөнү өнүктүрө алышпайт, анткени алар өлкө үчүн күйбөйт, өлкөнү сактап кала албайт, биз кыргыздар муну түшүнүшүбүз керек», — деди болуп өткөн президенттик шайлоодогу Алмазбек Атамбаевдин атаандашы Ташиев.

Ошону менен биргеликте «Ата-Журтчу» депутат, биз башка улуттарга кам көрүшүбүз керек,-деп кошумчалап өттү.

«Башка улуттарды басмырлоону ойлобоймун ойлогум да келбейт, алар биздин элибиз, биздин жарандарыбыз, биз алар жөнүндө кам көрүшүбүз керек», — деп билдирди саясатчы.

Бул жолку "улутчулдук" жөнүндөгү жаңжал "Ата-Журт" партиясынын дерутаты Камчыбек Ташиевдин "Де-Факто" гезитине берген интервьсунан келип чыккан.

Гезитке берген интервьюсунда Ташиев, Өмүрбек Бабановду күрддөр менен жүргөндүктө айыптап, мындай жогорку постто «таза кандуу кыргыз» болуш керек деп айтып өткөн.

Белгилүү твиттерчи Эдил Байсалов баш болгон интернет-колдонуучулары, Ташиевдин айткандарында, Бабановдун апасы тарабына сөз айтылгандыгын айтышууда.Айрым божомолдоолор боюнча премьер-министрдин апасы күрд улутунан.

Мен сөздөрүмдө Бабановдун апасы жөнүндө эч нерсе айткан эмесмин,-деп айтат Ташиев

«Болгону премьер-министрдин тегерегинде казактар, күрддөр толуп кетти деп айтканмын. Апасы башка улуттан экенин билген да эмесмин. Мындай иштерге апаларды кийилигиштирбешибиз керек»,—дейт саясатчы.

«Азаттыктын» кабарчыларына Ташиев «таза кандуулук» жөнүндө так түшүндүрө алган жок.

«Таза кандуу кыргыздар деп бардык кыргыздарды айтам, мисалы сизди айтам, ошол эле өзүмдү айтып жатам»,— деди Ташиев
«Азаттыктын» кабарчысына.

Как вам мой сайт

Просмотреть результаты

Загрузка ... Загрузка ...

Журналисттин бурмалоосу

«Азаттыктын» кабарчысынын, тергөө иши ачылса сиздин кадамыныз кандай болот,-деген суроосуна, саясатчы коркпоорун айтып, «мага жалаа жаап, сөзүмдү бурмалап жаткандар» өздөрү жоопко тартылыш керек деп билдирген.

«Алардын баары сатып алынгандар, көп акча төлөгөн адамдын камчысын чаап, артынан чуркай берет. Мен билем, ошол эле НТС каналына төлөнгөндүгүн, ошондуктан мен аларга өзүмдүн сөзүмдү сүйлөп убактымды кетиргим келген жок»,-деп айтып өттү саясатчы.

«Клооптун» кабарчыларына жана башка ММКлардын өкүлдөрүнө комментарий берүүдөн баш таркандыгын Ташиев көшумчалап кетти. Ошону менен биргеликте "Клооптун" кабарчыларныа да комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ташиевдин сөздөрү укук коргоочулар, бийлик өкүлдөрү, 2010-жылдагы апрель окуясынын катышуучулары жана курман болгондордун туугандары тарбынан катуу сынга алынды. Алар бул тема боюнча пресс-конференция өткөрүүгө да жетишкен.

Революцияда курман болгондордун туугандары, башкы прокуратурага арыз менен кайрылууга даяр экендигин айтышкан.

Өкмөт аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров «Клоопко» берген интервьюсунда, Ташиевдин сөзүн «саясатка туура келбеген нерсе» деди.

Ташиевдин айткандарына болгон реакциялар жөнүндө

Укук коргоо органдары бул маселени ким тескөөсү керектиги боюнча бир пикирге келише алышкан жок.

Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев «Клоопко» берген интервьюсунда, улууттар аралык кагылышуу маселелери боюча Улуттук коопсуздук комитети (УКК) алектениши керектигин билдирди.

Ал эми ошол эле учурда УКК жана ИИМ бул маселе боюнча башкы прокуратура алектениши керектигин билдиришүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде "улуттук, расалык, диний же аймактык жаңжалдарды баштоого аркет жасагандарды" жоопко тартылуусу тууралуу атайын берен бар.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 299-беренеси боюнча:
Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса, эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүүбир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ташиевдин сөздөрү жөнүндө кандай көз каршатасыз? Жоопко тартылыш керекпи? Өз оюңузду төмөндөгү форманы колдонуу менен калтыра аласыз

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редатор: Айгул Гуламидин кызы