ЖАМК: «Кылмыш дүйнөсү» абак кызматкерлерин өлтүрүү менен коркутууда

Түзөтүү мекемелеринин башчылары, аларга жана ЖАМКтын төрагасы Шейшенбек Байзаковдун атына бейтааныш адамдардан жазалоо жөнүндө коркутуулар келип жаткандыгын айтышты. Алардын айтымында, коркутуучулар белгилүү талаптарды койбой эле.

1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбековдун айтуусунда, мындай коркутуулар тергөө абактарындагы криминалдык аталыктар менен байланышкан адамдардан келиши мүмүкүн.

«Бул адамдар (кыянатчылар) түрмө сыртында. Алардын аты-жөндөрү да белгилүү. Маалымат такталып жатат», — дейт Жусупбеков.

Анын айтымында, №1 СИЗОдогулардын эркин жүрүүсүнө тыюуу салып камералардын жабылышы коркутуулардын негизги себеби болушу мүмкүн.

«Беш камерада криминалдык аталыктар отурушчу. Алар каалаган убагында камераларга кирип, башкалардан акча доолашчу», — дейт СИЗОнун жетекчиси.

1 СИЗОдогу криминалдык аталыктар бир ай ичинде 18 миңден 20 миң АКШ долларына чейин акча таап, «кылмыш дүйнөсүнө» жиберип тургандыгын Жусупбеков айтып берди.

Ушундай эле кырдаал №8 түзөтүү колониясында — мекеменин башчысы Элдияр Асанбековдун айтымында, анын уюлдук телефонунун номуруна да коркутуулар келип түшкөн.

«Күн сайын бирден чыккынчыны жана бирден кызтекени өлтүрүп турабыз. Элдияр, сенин сазайың жетти», — деген билдирүүнү Асанбеков журналистер менен болгон жолугушууда окуп берди.

ЖАМК жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаев учурда Шейшенбек Байзаковдун жана башка түзөтүү мекемелеринин жетекчилеринин күзөтү күчөтүлгөнүн айтты. Анын айтымында, ЖАМКтын кызматкерлери жетекчисин өздөрү кайтарып жатат.

«Кылмыш дүйнөсү Байзаков жана Жусупбековду өлтүрүүгө буйрук беришти», — дейт Исаков.

1 СИЗОдогу козголоңдон кийин абактагылар камактагы жашоо шарттарына жана ЖАМК кызматкерлеринин орой мамилесине даттанышкан.

Абактагылардын айтымында, козголоңду басуу үчүн спецназ аскерлери камераларага кирип аларды сабап киришкен.

Би-би-синин маалыматы боюнча, абактагылар козголоңдон кийин нааразычылыгын билдиришип ооздорун тигип алышкан.

«Аскерлер кирип келип бизди сабоого укугу жок эле. Эч кандай басым болгон жок, адамдар бири-бирин колдоп, өздөрү эле ооздорун тигип алууну чечишкен. Камактагы жашоо шарттар — бул экинчи маселе, биздин жашап кетишибизге туугандарыбыз жардам берип жатат»,—деп жазат Би-би-си маалымат кызматы атын атагысы келбеген туткундун сөздөрүн.

Авторлор: Элмурат Аширалиев жана Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Асель Джоокаева