Кыргызстандын абактарында уюлдук байланышка чектөө коюлушу мүмкүн

Жаза аткаруу мамлекттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Шейшенбек Байзаков түзөтүү мекемелерде «заглушка» [уюлдук телефондордун сигналдарына чектөө коёт] коюууну сунуштады. Укук коргоочулар буга каршы эмес, бирок сот өкүмү чыгарыла элек тергөө алдындагыларга мындай чектөө коюлбаш керек дейт.

Байзаков «Клоопко» берген интервьюсунда, азыркы күндө жүрүм-туруму жакшы болуп, тартип бузуулары болбогон туткандарга чалуу мүкүнчүлүктөрү берилгендигин айтты.

Анткени, абактагылар уюлдук телефонду башка максаттарга — күбөлөргө басым көрсөтүү, башка түзөтүүчү мекемелер менен байланышып ачкачылык сыяктуу акцияларды уюштуруу иштерин координациялоодо колдонушу мүмкүн.

«Түрмөлөр бири-бири менен байланышышат. Качуу планын сүйлөшүп, тактап... […]. Бизде күбөлөрдү коргоо боюнча мыйзам жок да, ошондуктан алар тааныштарына күбөнү өлтүртүп же сабатышы мүмүкүн. Баары мыйзам чегинде болушун каалайм», — дейт ЖАМКтын жетекчиси.

Анын айтымында, «жоопкерсиз» кызматкерлер, туугандар жана адвокаттардын жардамы менен абактагылар "уюлдук телефондуу болушат".

Байзаковдун айтымында, абактагылар гезиттердеги жарнама ээлерине чалышып, сиздин мүлкүңүзү сатып алабыз, ошондуктан телефонго бирдик салып коюгула деп алдашат.

«Мисалы «Вечерний Бишкек» гезитиндеги : «кымбат баада үй сатылат» деген жарнаманын ээсине чалышат. «Урматтуу айым, чек араны өтүп жатым эле, бирок телефондумда казакстандык сим-карта, жергиликтүү симка беришти, бирок жалаң доллар болуп, жергиликтүү акча жок болуп жатат, биридик салып коёсузбу» деп суранышат, — дейт ЖАМКтын жетекчиси.

«Эркиндик үнү» укук коргоо борборунун жетекчиси Сардар Багишбеков мындай «заглушкаларды» түзөтүү мекемелеринде койсо болот, бирок сот өкүмү чыга эле, тергөө алдындагыларды да эске алыш керек дейт.

«Алар жөн гана «тергөө алдында», ошондуктан сот өкүмү чыгарыла электердин да укугун эске алыш керек», — дейт Багишбеков.

Анын айтымында, түзөтүү мекемелерине алып келүүгө мүмкүн болгон нерселердин тизмесинде уюлдук телефон көрсөтүлгөн эмес.

Абактагылар уюлдук телефон аркылуу «түрмө сыртындагыларга» басым көрсөтүшү мүмкүн дейт укук коргоочу, бирок байланышка толугу менен чектөө «коюулбаш керек» деп кошумчалады.

«Башка өлкөлөрдө тергөө алдындагы адамдын белгилүү бир убакытта телефон чалууга укугу бар. Мисалы, СИЗОнун жетекчилигине арыздангысы келип же жөн эле адвокаты менен кабарлашкысы келсе. Телефон чалууга мүмкүнчүлүгү болуш керек», — дейт Багишбеков.

Абактагылардын козголоңу

Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы абактагы козголоңдон кийин уюлдук байланышка чектөө коюуу керектиги пайда болду дейт Байзаков.

Абактагылар №1 СИЗОдогу козголоңдун күч менен басылышына наарзычылыгын билдирип ооздорун тигип алышкан, дейт Би-Би-си.

«Аскерлер кирип келип бизди сабоого укугу жок эле. Эч кандай басым болгон жок, адамдар бири-бирин колдоп, өздөрү эле ооздорун тигип алууну чечишкен. Камактагы жашоо шарттар — бул экинчи маселе, биздин жашап кетишибизге туугандарыбыз жардам берип жатат»,—деп жазат Би-би-си маалымат кызматы атын атагысы келбеген туткундун сөздөрүн.

ЖАМКтын жетекчиси Шейшенбек Байзаков СИЗО кызматкерлери тинтүү жүргүзгөндүктөн козголоң башталган деп маалымдады. Тинтүү иштеринде 20 уюлдук телефон табылып, кызматкерлер жана абактагылардын ортосунда кагылышуу болгон.

Укук коргоочулардын маалыматында, СИЗОго УКК жана ЖАМКтын спецназ аскерлери кирип, «абактагыларды сабап киригендиги» козголоңдун башкы себеи болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Сиздин оюңуз боюнча түзөтүү мекемелеринде уюлдук телефон колдонууга чектөө коюлуш керекпи? Эмнеге? Төмөндөгү формага өз комментарийлериңизди калтырыңыз.