Тасманын финалдык сахнасы чыныгы пресс-конференцияда тартылды

«Селкилер жана миллион» аттуу комедиянын финалдык сахнасы чыныгы журналисттердин катышуусу менен пресс-конференцияда тартылды. Кабарчылар тасманын презентациясына деп чакырылып, киного тартылаары жөнүндө кабардар эмес болчу.

«Селкилер жана миллион» тасмасынын продюсери Кубан Тойчубаев финалдык сахнанын тартылышын ММК өкүлдөрүнө "реалдуу убакытта" көрсөттү. Продюсердин айтымында, журналисттердин кино тартуу процессине күбө болушун каалаган.

«Чыныгы пресс-конференция уюштурууну чечтик. […] Албетте корктук, бирок бардыгы ийгиликтүү аяктады», — дейт Тойчубаев.

Анын айтымында, журналисттер киного тартылып жатканын билишкен эмес. Болгону НТС каналынын кабарчысы Айжан бизге керектүү суроолорду берип, кинонун финалдык сахнасы тартылып жатканынан кабардар эле.

«Айжан биз жөнүндө сюжет даярдап жаткан, анан сценарий боюнча бизге керектүү суроо берүүнү сунуштадык. Баарын түшүндүрүп, диалог жазылган кагазды бердик. Дароо биздин идеяны түшүнүп суроо берип кирди», — дейт Тойчубаев.

Режиссердук курстарда окуп жүргөндө Кубан Тойчубаев жана Нурлан Разакуловго «Селкилер жана миллион» тасмасын тартуу идеясы келген. Алардын негизги максаты көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрө турган «авантюрдук комедия» тартуу эле.

«Орчундуу социалдык маселе, саясат, өлтүрүү, ачык эротикалык кадрлардын болушун каалаган жокпуз. Көрүүчү келип жылмайып, эс алып кетүүсүн кааладык», — дейт продюсер.

«Селкилер жана миллион» долбоору бир жыл мурун пландаштырылган. Кино үстүндө иштөө  12 айга созулду, бирок түздөн-түз кино тартууга эки гана  ай кеткен.

«Идеяны талкуулоо февраль айында башталган, май айында сценарий жазыла баштады. Ал эми кино август жана сентябрда тартылды. Анан 2-3 ай монтаждоо, үн менен коштоо иштери болду», — дейт тасманын режиссеру Нурлан Разакулов.

Тасманын сюжети боюнча, үч эже-сиңди мафиянын акча салынган чемоданын таап алышат. Акчаны кайда кетирээрин билбей, алгач полицияга барышат, андан кийин башка мамлекеттик структураларга кайрылышат. Кыздардын бири акчаны өздөрүнө калтырууну да сунуштайт.

Белгилүү бир убакыттан кийин мафия кыздарды кармап, чемодандды алууга аракеттенишет. Бирок полиция тыңчысынын жардамы менен кыздар бандиттерден качышат.

«Тасмада милицияны эмес, атайлап бизде жок полицияны, Бишкектин Бишкек эместигин көрсөтүп тарттык. Мыкты декорациялар, көчөлөр, квартиралар», — дейт Тойчубаев.

Автор: Оксана Капишникова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Сүрөт Илья Лукашовдун блогунан алынды