«Кыйноолордон» кийин шал болуп калган айыпталуучу камакта калды



Каракчылык кол салуу фактысы боюнча айыпталып жаткан Абдрахман Мамаяров тамактанып, табигый керектөөлөрүн канааттандыра албагына карбастан, азыркыга чейин №47 колонияда камакта калууда, дейт «Эркиндик үнү» укук коргоочу уюму. Акыйкатчынын аппартынын маалыматы боюнча, Мамаяров ЖАМКтын кызматкерлери тарабынан болгон кыйнап-кыстоолорго арызданып жатат. Абактын жетекчилиги кыйноо фактыларын четке кагууда.

Укук коргоо борборунун юристи Асель Койлубаева Мамаяровдун туугандары тарабынан арыз түшкөндүгүн айтты. Алар Абдрахман «инсульттун» айынан оор абалда болгонун кабарлашкан.

Азыркы күндө, айыпталуучу №47 колониянын ооруканасында, тамактана албай, табигый керектөөлөрүн канааттандыра албай, шал болуп жатат. Абактагы оорукана Мамаяровду дарылоону камсыздай албайт, дейт укук коргоочу уюм дарыгерлердин сөзүнө шилтеме жасап.

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкери Тойгонбай Джаанабаев айыпталуучу менен жолукканын айтып, Мамаяровдун ден-соолугун «начар» деген баасын берди.

Джаанбаев айыпталуучуну «көз жүгүртүп караганда» денесиндеги жаракаттарды байкаган.

«Кыйнап-кыстоолордун изи бар — оң көзүнүн алдында гематома, он колунун билеги — көк-ала», — дейт укук коргоочу.

ЖАМКтын кызматкерлери кыйноолордун колдонгондугун колу менен жаңсап түшүндүрүп берди, анткени ал шал болуп сүйлөй албай калыптыр, дейт Джаанабаев.

Джаанбаевдин айтымында, кыйноо колдонуу фактысы тастыкталса, укук коргоочулар абактын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козогогонго аракет кылат.

Айыпталуучунун эжеси Татьяна Мамаярова инисинин «эркинен ажыратуу» деген сот өкүмүн алмаштырууга аркеттенип жатат.

Шал болуп калышынын себеби, күнөөнү моюнга алдыруу үчүн колдонулаган уруп-соогуулар болушу мүмкүн дейт Татьяна.

Мамяров өзү каракчылык жана баңги затты контрабандалоо фактылары боюнча айыпталууда.

«Кыйноолордун колдонулушу боюнча арыздар жок»

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков, кызматкерлери тарабынан кыйноолорду колдонуу фактыларын четке какты. Анын айтымында, арыздар менен эч ким кайрылган эмес.

«Кыйноо эч нерсеге алып келбейт. Мындай кадамдар абактардагы козголоңго алып келет», — дейт Байзаков.

ЖАМКтын медбөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Асанов кыйнап-кыстоо фактыларын четке кагып, абактын кызматкерлери тарабынан уруп-сабоолор жөнүндө «биринчи жолу уккандыгын» айтты.

Анын айтымында, Мамаяров алгач 15-мартта №1 тергөө абагында өзүн жаман сезген, бирок медициналык текшерүүдөн кийин инсульттун белгилери байкалган эмес.

ЖАМКтын кызматкерлери аны «симуляциялап» жатат деп шектенип, ден-соолугуна көңүл бура башташкан.

19-мартта айыпталуучунун ден-соолугу начарлап кетип — ЖАМКтын кызматкерлери Мамаяровго тез жардам чакырышкан.

Кийинки күнү Мамаяровду №47колониянын ооруканасына жеткиришкен.

Ошол колониянын ага инспектор-терапевти Данияр Бегалиев инсульт уруп-сабагандан болушу мүмкүн эмес, адамдын инсультка кабылышы үчүн анын кан басымы көтөрүлүп кеткендей «өтө катуу» сабаш керек болот деп түшүндүрдү.

Мамаяровду «өзгөчө бир оорусу болбосо» медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, дейт Бегалиев.

Азыр күндө ЖАМКтын кызматкерлери айыпталуучунун ден-соолугу боюнча дарыгерлердин жыйынтыгын күтүшүүдө.

Авторлор:Alexandra Li жана Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Токоева