Ысык-көлдүктөр үч күндөн бери беш жаштагы жоголгон кызды издеп жатышат

Ысык-Көл облусунун Кызыл Суу айылында дайынсыз жоголуп кеткен беш жаштагы кыз үч күндөн бери изделип табылбай жатат. Туугандары кызды бирөөлөр уурдап кетти деген пикирде.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын беш жаштагы тургуну туугандары менен жайлоодо эс алып жүрүп дайынсыз жоголуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын башкы адиси Асылбек Шамакеев милиция кызматкерлери менен бирге үч күндөн бери издөө иштерин жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

РИИБнин жетекчисинин орун басары Канат Айдакеев комментарий берүүдөн баш тартып, издөө иштери боюнча так маалыматтар эртең белгилүү болоорун айтты.

Туугандарынын пикиринде, кызды чоочун “кара-көк түстөгү иномарка” уурдап кетиши мүмкүн.

Кыздын эжеси Чынара Жумабекова, туугандардын баары чоочун авто унаа кыз менен бирге жоголуп кеткендигин байкашкан.

“Жаныбызда эле ойноп турган, он-он беш минутага жетпеген убакта тамагы даяр болуп калганда, келгиле тамак ичкиле деп чакырсак эле кызыбыз көрүнбөйт. Каякка кетти деп эле таппай калдык”, — дейт Жумабекова.

ӨКМнын кызматкерлери бардык суу каналдарын изилденип, Караколдон атайын иттер менен келип изделип жаткандыгын кошумчалады.

ӨКМнын маалыматтары боюнча издөө иштерине айылдыктар. куткаруучулар жана милиция кызматкерлери менен бирге 100дөн ашуун киши тартылды.

“Балдар укуктарын коргоо лигасы” май айынын башында, 2012-жылдын алгачкы төрт айында 40тан ашуун бала уурдалганын маалымдашкан.

Укук коргоочулар милиция кызматкерлери балдарды издөөгө жоопкерсиз мамиле жасашат деп айыпташкан.

Автор: Анара Адылбек кызы