Сот радиоактивдүү көмүр иши боюнча энергетика министрин актады

Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамынын жок болгондугунан» улам энергетика министри Аскарбек Шадиевди жана радиоактивдүү көмүрдү сатып алууга күнөөлөнгөн башка адамдарды актады. Прокурор аларды мамлекетке 20 миңден 50 миң сомго чейинки айып төлөөгө милдеттендирүүнү талап кылган.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди, анын мурунку орун басары Кайрат Жумалиевди, «Электр станциялары» ААКсынын башкы директору Аман Тентиевди жана Мамлекеттик бажы кызматынын полковниги Мирлан Аскар уулун актады.

Алар мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы коомдук сатып алуулардын тартиптерин бузган жана кызмат абалынан пайдаланышып зыян келтиришкен, деп күнөөлөнүп жатышкан.

Прокурор аларды күнөөлүү деп таап, Шадиев, Жумалиев жана Аскар уулун мамлекетке 20 миң сом, ал эми Тентиевди — 50 миң сом төлөөгө милдеттендирүүнү суранган, деп билдирет «Акипресс» маалымат агенттиги.

Бирок судья күнөөлөнүп жаткандардын аракеттеринде «кылмыштын курамы жок» деген чечим кабыл алды — ал радиоактивдүү көмүр «кокустан» алынып келинген деп эсептеп, актоочу өкүм чыгарды.

Бул иш боюнча күбөлөрдүн бири болгон энергетика тармагындагы көз карандысыз серепчи Расул Умбеталиев соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептейт — анын пикиринде, радиоактивдүү көмүрдү алдын ала билип туруп эле сатып алышкан.

Умбеталиев көмүрдү сатып алганга чейин эле комиссия аны жараксыз деп тапкандыгын айтты.

«Алар көмүрдүн сапатсыз экендигин билишкен, бирок ага карабай келишим түзүштү», – дейт серепчи.

Депутаттык комиссия көмүрдү 2011-жылдын ноябрында зыяндуу деп тапкан — радиоактивдүүлүгүнүн деңгээли нормадан 12 эсеге ашкан.

Кеңешме болуп жаткандыктан Шадиев түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

«Клооп» акталган башка адамдар менен байланыша алган жок.

«Жасалма» документтер

«Электр станциялары» ААКсы Бишкек Жылуулук электр борборуна Казакстандын Кулан кенинен радиоактивдүү көмүрдү 2011-жылдын сентябрында алып келген.

Башкы прокуратура Шадиев, Жумалиев, Аскар уулу жана Тентиевдерге карата кылмыш ишин 2012-жылдын башында козгогон. Көмүрдү кайра Казакстанга жеткирүүгө кете турган каражатты жеткирүүчү компания өз моюнуна алган.

2012-жылдын февралында өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров көмүр жасалма документтер менен алынып келингендигин билдирген.

Ага чейин «Таза Табигаттын» жетекчиси, укук коргоочу Анара Дауталиева радиоактивдүү көмүрдү Чүй облусунун мектептери колдонуп жаткандыктарын айткан, кийинчерээк бул маалыматты башкы прокуратура ырастаган.

Анда Чүй облусундагы Кошой айылынын администрациясынын башчысы да Дауталиеванын сөздөрүн ырастаган — анын айтымында, зыяндуу көмүрдү колдонуудан улам балдар ооруй башташкан.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков