Жалал-Абад: Куткаруучулар көмүр шахтасына көмүлүп калган адамдын денесин алып чыгышты

Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы тургуну Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында жайгашкан шахтага жалгыз түшүп, таштар менен көмүлүп калган. Куткаруучулар анын денесин эки күндөн кийин алып чыгышты. ӨКМ каза болгон адам «жашыруун казуучу» болушу мүмкүн деп шектенип жатышат.

Таш-Көмүрлүк адам 4-августта Тегенге келип, каралбай калган көмүр шахтасына түшкөндө аны таштар басып калган.

Куткаруучулар анын денесин эки күндөн кийин алып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик учурларда башкаруу борборунун жетекчиси  Мухаммед Сваров ал каралбай калган шахта экендигин айтты.

Бирок анын айтымында, адамдар ал жерге түшүп, көмүр алууну улантып жатышат.

«Союз маалында иштелип чыккан мындай шахтылар ал жерде көп. Азыр болсо кирешесиз болгондуктан анда өндүрүштүк ыкмалар жүргүзүлбөйт. Ошентип жашыруун казуучулар — “сталкерлер” — көмүр казып жатышат», — деди ал.

Таш-Көмүр шаарынын куткаруучулар тобунун башчысы Сүйүналы Наржигитов жергиликтүү тургундар каралбай калган шахталарга түшпөй тургандыктарын айтты.

Адам өмүрүн алган таштардын урагандыгы тууралуу маалымат ӨКМге 4-августта саат 15:10до келип түшкөн.

Каза болгон адамдын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди, алар менен «Клооп» байланыша алган жок.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков