Депутат Исаев «коалиция менен кызматташкандыгы» үчүн «Республика» фракциясынан чыгарылды

«Республика» партиясынын саясий кеңеши жаңы коалиция менен кызматташкандыгы үчүн Канатбек Исаевди фракциядан чыгарды — парламентарий партияга жана анын лидери Өмүрбек Бабановго каршы барган, дейт анын мурунку кесиптештери. Буга чейин Исаевди партия мүчөлүгүнөн чыгарышкан. Депутаттын өзү болсо комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Канатбек Исаевди “чыккынчылыгы” үчүн фракциядан чыгарышты, деди анын мурунку партиялашы Нурбек Мурашев. Анын айтымында, Исаев партияны «ыңгайсыз абалга калтырып», «Республиканын» лидери жана коалиция таркаганга чейин премьер-министр болуп турган Өмүрбек Бабановго каршы барган.

«Ал чыккынчылык менен алектенет. Башка фракциялар менен партиянын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн», — дейт Мурашев.

Башка «республикачы» Абдыжапар Бекматов Исаевдин фракциядан чыгарылышына «тартип бузгандыгы» себеп болду дейт — ал партиянын макулдугусуз эле КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген жаңы парламенттик коалиция менен кызматташуу жөнүндө макулдашкан.

«Азыр аны коалицияга кирди деп атышат, ал эми мыйзамда жеке депутаттардын көпчүлүк коалицияга кириши каралган эмес. Коалицияны депутаттардын тобу же жеке депутаттар эмес фракциялар түзөт. Менин оюмча, анын бул аракеттери туура эмес», — дейт Бекматов.

«Ырыс алды — Ынтымак» деген аталыштагы жаңы коалиция 3-сентябрда түзүлгөн — анын курамына КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынан 67 депутат кирди.

Курамына «Республика», КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» парламенттик коалициясы 22-августта таркаган — ага акыркы күндөрү «республикачылар» менен мамилеси бузулуп кеткен «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын альянстан чыгып кеткендиги себеп болгон.

Альянс таркагандан кийин «Республика» оппозицияга кете тургандыгын билдирген.

«Республикадагы» биримдиктин бузулушу

Бир катар кыргыз ММКлары «Республиканын» бардык мүчөсү оппозицияга кетиши мүмкүн эмес деп жазышкан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы 29-августа депутат Канатбек Исаевге шилтеме жасап «Республикадан» парламенттик коалицияга кирүүгө 7-10 депутат даяр экендигинжазган. Бул фракциядагы депутаттардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү.

Исаевдин өзү болсо парламенттик көпчүлүк таркагандан кийин дароо эле «Республикадан» чыгарылган.

Партия жетекчилиги Исаевдин чыгарылуусун «өзү билип жасаган билдирүүлөрү» үчүн деп түшүндүргөн — анткени ал «Биримдик» парламенттик коалициясынын мурунку башчысы катары альянстын таркагандыгы жөнүндө расмий билдирүү жасаган.

Исаевдин айтымында, жогоруда айтылган 7-10 депутат буга чейинки коалицияга нааразы болушкан.

Түшүндүрмө алуу үчүн депутат менен байланышканыбызда ал жеткиликсиз болуп чыкты.

Канатбек Исаев бир жарым жылдан бери фракция лидери жана парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн башкарып келген.

Сентябрдан баштап анын ордун Алтынбек Сулайманов ээлеп келет.

Автор: Азат Рузиев

Которгон: Илгиз Чалбараков